Маалымат жыйын: Кумтөрдү» 100 пайыз “Центеррадан” алса болот, бирок Исаков популист эмес

Каганат.

Өкмөт башчы Сапар Исаков бүгүн 100 күндүк ишмердиги тууралуу журналисттерге маалымат жыйын берди. Анда Иаков чубактын кунундай чубалжыган «Кумтөр» «баянынан» баштап, көңүл кош аткаминерлер, жетекчилерине акча ташыган кызматкерлер, өкмөттөгү өзгөрүүлөр, тышкы карыз, үй-бүлө, эки аял алуу маселелери өңдүү бир нече суроолор берилди.

«Кумтөрдү» 100 пайыз “Центеррадан” алса болот, бирок Исаков популист эмес

 Кыргыз өкмөтүнө “Центерра Голд” компаниясынын жетекчиси Скотт Перри Кумтөрдүн 100 пайызын алууну сунуштаган. Бирок мындай учурда Кыргызстан «Центерра Голддун» курамынын чыгып кетиши керек болот. Өкмөт башчынын айтымында  «Центерра» учурда Кумтөрдөн башка дагы чоң кендерди иштетип, чоң компанияга айланган. Андыктан акционер катары дивиндент алып туруу бюджетке кошумча киреше алып келет.

– Биз Кумтөрдү 100 пайыз “Центеррадан” алсак болот, бирок “Центеррадагы” 26 пайызды өткөрүп беришибиз керек. Эгер мен популист болсом, дароо эле мындай сунушка макул болмокмун. Бирок учурда эксперттерге бул сунушту изилдеп көрүү боюнча тапшырма бердик, чечим кабыл алына элек.

Сапар Исаков учурда «Центерра Голд» Кумтөрдөн башка Америкадагы «Томсон Гриик», Монголияда жана Түркиядагы кендерди иштетип жатканын жана дагы эки кенди сатып алууга даярдык көргөнүн эске салып, бул жаатта терең ойлонуу зарылдыгын билдирди.

-Бирок ойлонуп көрсөк Кумтөр кенинин иштешине сегиз жыл гана калды. Сегиз жылдан кийин бул кен жабылат. «Центерра» болсо башка кендерди да иштетип жатат, алардан биз дивиденд алабыз. Ошондуктан, бул чечимдин үстүнөн баарыбыз ойлонушубуз керек-деди Исаков.

Жол-кайгуул кызматынын кызматкерлери эми чоңдоруна акча ташыгыс болобу?

Сапар Исаков   жол-кайгуул кызматынын дарегине көптөгөн сындар айтылып жатканын бул ал үчүн маанилүү экенин, реалдуу сындарды эске алуу керектигин билдирди.

– Патрулдук милиция башкы башкармалыгы көз карандысыз болуусу керек. Бул органга көп сындар айтылып жатат.  Бул мен үчүн мааниге ээ, биз реалдуу сындарды эске алып, жыйынтык чыгарышыбыз керек. МАИ кызматкерлери бир органга гана баш ийе турган реформаны ишке ашырабыз-деди Исаков

Өкмөт башчы бул реформаны ишке ашыруу үчүн комиссия түзүп, курамына тиешелүү мамлекеттик органдардын мүчөлөрү, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, активдүү интернет-колдонуучулары киргенин айтуу менен бирге жол-кайгуул кызматынын инспекторлору жетекчилерине акча ташырын кошумчалады.

– Бул башкармалык шаардык милиция башкармалыгына, Ички иштер министрлигине да жана башка бир канча тарапка көз каранды.  Жол-кайгуул кызматынын кызматкерлери жолдон тапкан акчаларын ошолорго ташып жүрүшөт. Мен муну жоём”, – деди Исаков.

 Өкмөт башчы менен өлкө башчысы тирешпейт

Сапар Исаков  Сооронбай Жээнбеков экөөнүн ортосунда эч кандай тиреш болбой турганын, анткени,  Жээнбеков кыраакы жана акылман адам катары эч качан аша чаппасын журналисттердин Баш мыйзамдын жаңы күчүнө кирген беренелери боюнча берген суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

-Мен бул кишини көп жылдан бери билем. Сооронбай Шарипович менен бирге менин атам түштүктө бир нече жыл иштеген. Бул кишиге ага катары сый менен мамиле кылам. Премьер-министр менен бийлик органдарынын ортосунда тең салмактын болушу өлкөнүн өнүгүшү үчүн туура чечим», – деди Исаков.

Эске салсак, 2016-жылы декабрь айында өзгөртүү киргизилген Конституциянын негизги беш беренеси 1-декабрда күчүнө кирген. Бул өзгөртүүлөргө ылайык, өкмөттүн ыйгарым укуктарын кеңейткен эле.

Баш мыйзамдын 72-беренесине ылайык Жогорку Кеңештин депутаты премьер-министрдин же биринчи вице-премьер-министрдин кызмат ордуна дайындалса, депутаттык мандаты жана добуш берүү укугу сакталат. Ошондой эле өкмөт башчы жумуштан алууну сунуш кылган министрди президент бошотпосо, премьер-министр көпчүлүк фракция лидерлери менен кеңешип, аны кызматтан өзү кетире алат.

«Акылдуу шаар» долбооруна Huawei компаниясы тартылса,  «Таза коом» долбоору өзүн кудай сезгендерди ордуна коет

Өкмөт башчы Кыргызстандагы жарандардын бардыгы тең укуктуу болушу керек. Ошон үчүн “Таза коом” долбоорунун иш жүзүнө ашуусу өзүн кудай катары сезген жарандарды ордуна коет  турганын билдирди. 

-«Таза коом” бардык жарандар бирдей укуктуу экенинен кабар берет. Эгер премьер мыйзам бузса, ал дагы жооп берет. Бул менин карманган принцибим, аны коомго сиңирүүгө даярмын”, – деди Исаков. 

Ошондой эле ал  “Таза коомдун” алкагында “Акылдуу шаар” долбоору ишке ашып, жол эрежесин бузгандар менен катуу күрөш башталарын, бул долбоорду ишке ашырууга кытайлык Huawei компаниясы  сөзсүз тартыларын кошумчалады.

-Бул түз инвестициялык келишим болот. Ага Huawei компаниясы катышат. Ал дүйнөдөгү ушул сыяктуу ир долбоорлор менен иш алып барган ири компания. Технология “Акылдуу Дубай” долбоору сыяктуу болот. Балким андан да жакшы, камералары мыкты болушу мүмкүн-деди Исаков.

Ал «Таза коом” долбоорунун биринчи натыйжасы көзгө көрүнгөнүн, атап айтканда, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр порталы ишке киргенин айтты. Ал эми өкмөт башчысынын айтымында  “Акылдуу шаар” боюнча инвестор иштин форматына көнгөн эмес. Ошондуктан 60 млн доллар салмакчы болгон үчүнчү акционер дагы баш тарткандыгын, азыркы учурда өкмөттө иштешүү форматы кайра каралып жаткандыгын билдирди.

Исаков  Кыргызстанда эч ким “Акылдуу шаар” боюнча адис эместигин, долбоорго эл аралык деңгээлдеги талаптарды сактоо боюнча техникалык көзөмөлдөө шарты киргизилгендигин, ошон үчүн долбооргр IBM компаниясы тартылып жатканын айтты.

Эске салсак, 2040-жылга чейин пландалган долбоор санариптик мамлекет түзүүнү көздөйт. Өлкөнү электрондоштуруу 2040-жылга чейинки өнүгүү стратегиясынын бир бөлүгү болмокчу.

Сапар Исаков ушул жылдын жай айында бул долоордун үстүндө  20 кишиден турган эксперттик топ долбоор үстүндө иштеп жатканын айткан.

Бирок, айрым серепчилер  бул жумушка каржы булагы табылбай туруп жарнамаланып жатканына сын көз караштарын билдирип келишет.  Ошондой эле алар “Таза коомдун” масштабын, ишке ашыруу жолдорун көрсөткөн эч кандай документ жарыяланбаганын жүйө катары карманышат. Долбоор  жарыяланганы менен каржы булагы анык эмес, ишке ашыруу жол-жобосу көрсөтүлгөн жок деп билдиришет.

Өкмөттүн курамында  өзгөртүүлөр болобу?

Исаковдун айтымында өкмөттүн курамында айрым өзгөртүүлөр болот. Анткени, ар министр өзүнүн тармагында жыйынтык көрсөтүүсү керек. Алардын алдыга коюлган максаттарды, пландарды ишке ашыруусу маанилүү. Ошондой эле ал баардык өкмөт мүчөлөрү алмашат дегенден алысмын, бирок натыйжалуу иштей албай жатса, ар бир министрдин иши каралышы керек деп кошумчалады.

Ал эми  Райымбек Матраимовду Бажы кызматынын башчысынын орун басары кызматынан бошотулганы боюнча:

-Бир адамды иштен кетирүү менен кадр өзгөрүүлөр токтоп калбайт. Системаны өзгөртүү керек. Мен ишти аягына чейин жеткирем. Эң негизгиси – жыйынтык болуш керек. Ким жумуштан кетти, ким келди – бул мааниге ээ эмес – деди Исаков.

Эске салсак, 23-ноябрда премьер-министр Сапар Исаковдун жарлыгы менен Райымбек Матраимов «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 47-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык Мамлекеттик бажы кызматынын төрага орун басары кызматынан бошотулган.

«Көңүл коштор» өлкөгө зыян келтирип жатабы?

Өкмөт башчы айрым министрликтерде бир адам бүтүрө турган ишти эки адам жасап жаткандыгын, ошондуктан алдыда мамлекеттик аппараттарды кыскартуу пландары бар экенин айтты.

– Биз мамлекеттик кызматкерлердин билимин жогорулатып жатабыз. Бир орунга эки адам отуруп албагандай кылып, функционалдуу анализ жасап чыгабыз.  Өкмөт өтө ыкчам жана мобилдүү болушу керек. Көңүл кош кызматкерлердин айынан кээ бир көйгөйлөр бир нече айда чечилип жатат.  Мындай болсо жумуштан кеткиле, качкыла, силер көңүл коштугуңар менен өлкөгө зыян келтирип жатасыңар! -деди Исаков. 

 Исаков Максим Бакиевдин  үйүн сатып алган «классташы» ким экенин аныктаган

Сапар Исаков классташы  Максим Бакиевдин  мүлкүн арзан баада сатып алды” деген маалыматты окуганда шок абалда калгандыгын, жалган маалымат жүрөккө катуу тиерин айтты.

-Мен бул кабарды окуганымда шок болдум. Бул менин беделиме шек келтирилип жатат да. Мен сотко кайрылайын десем, кеңешчилерим мындай кылуу туура эмес дешти. Ошондуктан Башкы прокуратурага кайрылдым, бул мекеме текшериш керек, коом чындыкты билиш керек. Эгер күнөөлүү болсом, тиешелүү чара көрүлсүн  – деди Исаков.

Мындан тышкары ал Бакиевдин үйүн сатып алды делген “классташы” ким экенин аныктаганын билдирди. 

– Бул карандай калп. Мен өзүм дагы кызыгып, иликтеп көрсөм классташым делген адам Бишкектеги №5 мектепте окуган экен. А мен болсо Оштон билим алгам-деди Исаков

Өкмөт өлкөбүз өнүксүн  деп карыз алып жатабы?

Исаков, өкмөт башчы эмес, жөнөкөй жаран Сапар Исаков катары жакынкы аралыкта эмес, келечекте президентти парламент шайласа туура болот дейт. Ал эми өлкөнүн тышкы карызы боюнча, өкмөт башчы алынып жаткан насыялар экономикага салымын берет.  Кыргыз Республикасы алдыга кетсин деп карыз алынып жатат деп билдирди.

 Ошондой эле ал буга Кореянын мисал келтирди:

-Кореяда экономикалык кризис болгондо эл акыркы баалуу буюмдарына чейин алып келишип, карыздан кутулалы деп тапшырышкан. Биз карыздан кутулуш үчүн эл акча алып келсин деген жокпуз. Өлкөбүз карыздардын бир бөлүгүн жолдорду курууга алган. Мындан улам айрым жолдорду акылуу кылалы деп жатабыз. Мисалы, жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынан алсак болот-деди Исаков

Эске салсак, 2017-жылдын июнь айына карата өлкөнүн мамлекеттик карызы 4 млрд 378 миллион долларды түздү. Каржы министрлигинин маалымдашынча, мамлекеттик карыздын ичинен тышкы карыздын суммасы 3 млрд 984 млн доллар, ал эми ички карыз 394 млн доллар болгон.

Кыргызстан карыз алган уюмдардын башында Кытайдын Экспорттук-импорттук банкы турат. Аталган банктан 1,56 млрд доллар карыз алынган. Бул тышкы карыздын 40,5% түзөт.

2016-жылы мамлекеттик карыз өлкөнүн ички дүң продукциясынын 57,7% түзгөн. Өткөн жылы Кыргызстан мамлекеттик карыздарды төлөөгө 20,7 млрд сом сарптаган.

Кол саат, үй бүлөө, эки аял…

Исаков  мурда чет өлкөлөргө чыкканымда кол сааттарды белек катары алганын. Ал эми азыркы колундагы кымбат баалуу кол саатты Алмазбек Шаршенович  белек кылганын айтты.

 -Мен муну колдонуудан уялбайм. Мындай кымбат балуу сааты мен өзүм сатып ала албайм, анткени кирешем жетпейт. Эгер бул саатты кимдир бирөө сурап калса, белек кылып бере албайм-деди Исаков

Ал эми журналисттердин  көп аял алуу маселеси боюнча суроолоруна өкмөт башчы кыскача «Мен 4 кыздын атасымын. Көп аял алууга каршымын”, деп жооп берди.

Ошондой эле өкмөт башчы  жумушка саат 9:30 чамасында келип, үйүнө , 23:00-00:00 чамасында кайтарын айтты. Ал үй бүлөөсү да буга көнүп калганын, үй бүлөсү жардам берип жатканын,   кыздары аны жакшы көрүшөрүн, алардын сүйүүсү дем-күч берерин айтты.

Булак: Каганат.

 

 

Бөлүшүү:

Пикир

үч + он =