Мавлянова: “Баласын тепкен адам катуу жазаланышы керек”

Каганат.

Жогорку Кеӊеш жыйынында депутат Махабат Мавлянова жакында өз баласын тепкилеген Бариер Адиев катуу жазаланышы керектигин билдирди.

Айтымында, учурда ал адам камакка алынып, ага карата «бейбаштык» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

«Ал Мамлекеттик каттоо кызматынын Сокулук райондук бөлүмүнүн башчысынын орун басары болуп иштейт экен. Кенедей баланы тепкилегенине караганда, ал мындай зомбулукту биринчи жолу жасап жатпаса керек. Менимче, ага өтө жеңил берене коюлуп калды. Ал катуу жазаланышы зарыл», – дейт депутат.

Белгилей кетсек, 2017-жылдын 10 айында балдарга карата зомбулук фактылары боюнча 862 кылмыш иши козголгон.

Эске сала кетсек, 2-декабрда интернетке эркек кишинин жерде жаткан кичинекей баланын белине тээп жаткан видеосу жарыяланган.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

үч × төрт =