“Өнүгүү-Прогресс” фракциясы вице-спикерликке Мирлан Бакировду көрсөтөт

0

Каганат.

Жогорку Кеңештеги оппозициялык “Өнүгүү-Прогресс” фракциясы парламент вице-спикерликке талапкер көрсөтөт. Бул тууралуу аталган фракциядан  массалык маалымат каражаттарына билдиришти.

Маалым болгондой,  учурда бул орунга депутат Мирлан Бакировдун талапкерлиги каралууда.

Белгилей кетсек, бугай чейинки вице-спикер Алтынай Өмүрбекова кечээ өз каалоосу менен кызматтан кетээрин жарыялаган.

Аталган кызматка “Республика-Ата Журт” фракциясы Курманкул Зулушев, ал эми   “Ата Мекен” фракциясынан Сайдулла Нышановдун талапкерлиги көрсөтүүлөрү белгилүү болгон.

Булак:Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

4 × 5 =