Ормонов “Дастан” заводу качан сатыкка коюларына кызыкты

0

Каганат.

Депутат Улугбек Ормонов ЖКнын жыйынында “Дастан” заводу качан сатыкка коюларына кызыкты.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жетекчиси Дүйшөнбек Зилалиевдин айтымында, “Дастан” акционердик коомундагы мамлекеттин үлүшү 98,46 пайызды түзөт.

“Акцияларды баалоо иштери жүргөн. Эки компания анын баасын чыгарган. Макулдашуу этабында УКМКдан “Дастан” стратегиялык мекеме, аны сатканга болбойт” деген корутунду келген. Азыр ишкананын сатылышы же сатылбоосу тууралуу эч нерсе айта албайм”,-деди зилалиев.

Эл өкүлү баалоо үчүн канча каражат кеткенин сурады, бирок Зилалиев аларга акы төлөнө электигин айтты.

“Дастан” заводунан аскердик продукциялар чыгарылат.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

үч + 10 =