Ош шаарында Өзбекстандын каражаты менен жаӊы мектептин имараты курулат

Каганат.

Жогорку Кеӊеште Ош шаарында Өзбекстандын каражаты менен жаӊы мектеп куруу тууралуу эки тараптуу келишимди ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоору каралып, ал баардык парламенттик фракциялардын макулдугу менен дароо эле үч окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиева өзбек тараптын каражатына курула турган Навои атындагы мектеп көп тилде билим берчү мекеме болорун, ал үчүн атайын программа даярдалып жатканын белгилеп, анын курулушу менен билим сапатын көзөмөлгө алууга убада кылды. Андан тышкары, мектептин жаӊы имаратын өзбек тараптын куруучулары тарабынан курулары белгилүү болду.

Бөлүшүү:

Пикир

4 × эки =