Сахароводо убактылуу кармоочу жайда жаткан кыргызстандыктардын 13ү мекенине кайтат

Каганат.

Сахарово шаарында убактылуу кармоочу жайда жаткан кыргызстандыктардын 13ү мекенине кайтат. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Акыйкатчы Кубат Оторбаев Москва шаарына болгон иш сапарынын алкагында Сахаровдогу чет элдик жарандарды убактылуу кармоочу атайын мекемесиндеги мекендештердин жашоо шарты жана абалдары менен таанышкан.

Учурда бул жайда 44 кыргызстандыктар бар. Алардын 13ү бүгүн Бишкекке кайтарылат. Көпчүлүк кармалгандар юридикалык кеп кеңештерге муктаж.

“Маселени жеринен чечип, тиешелүү деңгээлде жардам берүү максатында Акыйкатчы Кубат Оторбаев Орусиянын адам укуктары боюнча өкүлчүлүгүнүн мигранттар менен иштешүү бөлүм башчысы Сергей Бурлик, сот өкүлү Сергей Хренов жана убактылуу кармоочу жайдын жетекчиси Иван Глиновду чакырып болгон суроолорго жооп алып берүүгө шарт түзүп берди. Чогулгандар, эмгек мигранттарынын укугун коргоо үчүн, Акыйкатчынын өкүлчүлүгүн ачып берүү өтүнүчү менен кайрылышты”,-деп жазылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күнү Орусия аймагында, 615 000 ге жакын эмгек мигранттары бар. Алардын 300 миңи Москва шаарында.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

15 + 7 =