Түрксой 2018-жылды Айтматов жылы деп жарыялады

Каганат.

Мындай чечим Түрк маданиятынын эл аралык уюмунун (ТҮРКСОЙ) Түркстан (Казакстан) калаасында өткөн 35-жыйынында кабыл алынды.

Бул тууралу жыйынга катышкан Кыргызстан маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов кабарлады. Анын айтымында, 2018-жыл ичинде ТЮРКСОЙ эгидасы алдында бул уюмга кирген өлкөлөрдө Чыңгыз Айтматовга арналган көптөгөн иш чаралар  өтмөкчү.

Бул жыйында Кыргызстан ТҮРКСОЙдун башкы катчысын шайлоого жана ээлеп отуруу мөөнөтүнө байланыштуу уюмдун Келишимине өзгөртүү киргизүүнү сунуштады.

Тактап айтканда, бир эле өлкөнүн өкүлүнүн башкы катчынын кызматын катары менен көп жолу ээлеп турушун туура эмес деп эсептерин билдирди. Талкуулардан кийин Кыргызстандын сунушун изилдеп жана аны 2018-жылы боло турган жыйынга алып  чыгуу боюнча жумушчу топ түзүү чечими кабыл алынды.

ТҮРКСОЙ уюмунун башкы катчысынын кызматын 2008-жылдан бери Дүйсен Касеинов (Казакстан) ээлеп келет. Бул жолу дагы ал көпчүлүк добуш менен кийинки мөөнөткө шайланды. Кыргызстан каршы добуш берди.

2018-жылы 25 жылдык маарекесин белгилегени турган ТҮРКСОЙ Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия жана Түркмөнстан сыяктуу түрк тилдүү өлкөлөрдүн башын кошуп турат.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

эки × эки =