Жогорку Кеңеш тамеки тартчу жайга айландыбы?

0

Каганат.

Коомдук жайларда тамеки тартууга тыюу салуу керек деп, чылымдын адамдын ден соолугуна канча зыяны бар экенин какшап айтышып, ошол эле учурда дал ушул тамекилерге байланышкан мыйзамдарды чыгарып жатышып депутаттар дагы бул жаман адаттан арылышпаптыр.

Бул тууралуу ЖКнын жыйынында депутат Дастан Бекешев айтып чыкты. Ал депутаттар баш болуп, аппарат кызматкерлери төш болуп Ак үйдүн булуң-бурчтарында тамеки чегип жатканын айтып нааразычылыгын билдирди.

Административдик кодекске ылайык, мамлекеттик ишканалардын имаратынын ичинде тамеки чегүүгө тыюу салынганы менен Жогорку Кеңештин баардык жеринде тамеки тартыла берет экен.

Мыйзамдарды өздөрү баш болуп тебелеген кесиптештеринин кылыктарына нааразы болгон Бекешев мамлекеттик мекемелердин ичинде чылым чеккендер 500 сом айып пул төлөшү керектигин айтканы менен бул нааразычылык кулак сыртынан кетпесе болду.

“Кызматкерлер маданиятсыз болуп жатат. Айрым депутаттар, аппараттын кызматкерлери ажатканада, иш бөлмөлөрүндө отуруп алып тамеки чегишет. Анан кантип биз мыйзамды бузбагыла деп башкаларды үйрөтөбүз?” – деди Бекешев.

“Балык башынан сасыйт” деген сөз бекеринен айтылбаса керек. Эми эл өкүлдөрү кесиптешинин сынын эп көрүп, жагымсыз жоруктарынан арылышса эле “бали” дейт элек.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

17 − 14 =