Каганат.

Өмүр өтө берет турбайбы. Мына жашым бир канчага келип калды. Бул жашта адам да сүйүктүү жар, бала-чака,бактылуулук болуш керек эле деп эсептейм. А менде болсо эмне бар? Менде бир заңгыраган үй, машина жана жумуш. 15 жылдан бери ушул көрүнүш. Билем, баарына өзүм күнөөлүмүн. Бул нерселерди эстегенде өткөн турмуш кылт дей түшөт эсиме. Канчалык адашканымды, байлыкка, бийликке, мансапка азгырылганымды эстеп өз-өзүмө кыжырым келип жашагым келбей кетет. Бирок, бир гана нерсе мени кармап турат. Жоготкон Периштемди кайра көрүү мүмкүнчүлүгү. Ушул нерсе ич этимди жеп, жанымды жай алдырбай келет. Аны кайра көрө алсам, арман кылбай тынч өтөр элем бул дүйнөдөн. Анда сөз башынан болсун.  

–Жаштык кез

–Анда менин жигиттик кырчын кезим. Анча-мынчага моюн сунбаган, өрт,тайманбас элем. Айылдан шаарга келип жашаганыма аз эле болсо да, шаар турмушуна бат көнүп кыйналбай эле өздөштүрүп кеттим. Өзү жаштайымдан аябай тырышчаак анан кежирмин. Көздөгөн максатыма кандай жол менен болсо да жете турган адаммын. Ушул сапаттарым көп нерсеге жеткенге жардам берди көрүнөт. Жылдар айланып биз 4-чү курс болуп калыптырбыз. Убакыт учкан куштай сызыптыр билинбей. Бул убакыт аралыгында эмнелер гана өзгөрбөдү. Мен мактанган болуп калбайын бирок, аябай келишимдүү жигит элем. Кыздар да ар дайым  мага жакын болууга, жагынууга аракет кылып турушчу.   Бирок, менде эмнегедир такыр сезим деген нерсе жок эле. Мен ойлочумун бир күнү ата-энем бир кызды табышат да мен ошого үйлөнүп турмуш кечирем ошол аял менен өмүр бою бирге жашайм деп. Бирок менде да сезимдер бар экен.

Мен да сүйүп,бирөөнү жактырып, сагына алат экенмин. Эгер бир адам болбогондо мен мындай сезимдерди туйбай,билбей калышымда мүмкүн беле ким билет.   Ошол күнү бир группалаш кыздын туулган күнү болуп,баарыбызды үйүнө конокко чакырды. Өзү адатта барбайт элем, мындай кечелерге,ошол күнү эмнегедир коңүл каалап баргым келди. Балким, ушул тагдырдыр мага буйруган. Туулган күнгө ачылып кыздардан бетер жигиттер жөнөп калдык. Орточо салынган үйгө кирип бардык. Бирок ушунчалык таза,куттуу,нур толгон үй экен. Киргенде эле гүлдөрдүн жыпар жыттарын искеп ырахат алдык. Үйдүн айланасына толо кооз гүлдөр эгилиптир. Өмүрүмдө мынчалык кооз жана сыйкырдуу үйдү көргөн эмес элем. Бул үй мени өзүнө арбадыда калды. Баарыбыз чогулуп, бака-шака башталды. Оюнга кызып калган жаныбыз дагы да кызыктуу болуш үчүн агын деле, карасын деле иче бердик.

Мен үмүрүмдө мындай жыргап ойногон эмес элем. Тамактардын даамдулугун айтпагыла. “Ким жасады болду экен” деп эле тамшанып жей бердик. Туулган күн баарыбызга аябай   көңүлдүү өтүп жатты. Кече ортолоп калганда туулган   күн ээсинин жакындары чооң тортту  шам жагып көтөрүп келишти. Мага бул үй-бүлө өтө ынтымактуу жана бактылуу үй-бүлөдөй көрүндү.  Кимдир бирөө туулган күн жөнүндөгү күүнү кыякта чертип бөлмөгө кирип келди. Баарыбыз ырдап куттуктадык да, туулган күн ээси шамдарды өчүрдү.

Алгачкы сүйүү

  Бир убакта бөлмөнүн жарыгы тамып баары белектерин тапшырып жатышты. Менин көзүм кыяк кармап турган кызга илинди. Ал кыздын турушу өзүнчө эле бир периште эле. Узун үстү башы жабык көйнөк кийген,чачын болсо оруп далыга таштап койгон. Жөн гана жылмйып ордунда турат. Жылмаюсу да өзүнө куп жарашкан. Жүзүндө оюлган уячалар, кара кашы-көзү,төгүлгөн кирпиктери кыпкызыл, эриндери жана аппак нурлуу жүзү менин жүрөгүмдү бир сыйра титиретип өттү. Группадагы жигиттер баарыбыз кылгыра карап туруп калдык. Анан туулган күн ээси үй-бүлөсү менен тааныштырып чыкты.

Көрсө, жанагы периште анын бир тууган сиңдиси экен. Эмнеге? Эмнеге эми жолуктуң мага? Эмнеге эми сени көрдүм сени деп ойлонуп калдым. Ал кыз менен 4 жыл чогу окуп бир да жолу ушул сиңдисин көрбөгөнүмө ичим ачышып олтурдум. Эртеси кайра окууга бардым. Жигиттердин оозунда жалаң эле жанагы кыз. Мен да ал жөнүндө ойлонуп олтурдум. Аны издеп өчөлөрдү, бактарды, окуу жайларды кыдыра бердим. Бир күнү сабакка шашылып баратсам, менин периштем окуу жайдын босогосунда эмнегедир эки жакты карап кыжаалат болуп туруптур.   Жүрөгүм атылып чыкчуудай согуп турду. Аны да кармап алгам. Аста гана жанына бардым. Узун өрүлгөн кара чачы, жарашыктуу узун көйнөгү,табигый сулуулугу дале ошол бойдон экен. Мени таң кала карап туруп калды. Анткени  жүрөгүмдү кармап алып аны карап турган элем.  Сизге бир нерсе болдубу?  Бир жериңиз ооруп жатабы?-деп суроо бергенде гана өзүмө келе түштүм. Дароо өзүмдү колго алдым да, кимди күтүп турганын сурадым. Ал эжесине бир нерсе бергени келген экен. Бирок,  кароолчу киргизбей жатыптыр. Мен эжеси менен таанышымды айтып, өзүм жеткирип берүүмдү айттым. Бул шылтоо менен атын да сурап алдым. Эмнегедир аты балдардын атына окшошсо да жакты.

Аты Белек экен.Чын эле ал Кудай мага кылган белеги эле. Атын билип  алганыма сүйүнүп эле жатып калдым. Эжесине жабышып жүрүп акыры номерин жана кайсыл жерде окушун билип алдым. Окуудан чыгып эле Борбодук музыкалык окуу жайга сапар алдым. Ал көрсө музыкалык институтта фортепиано жана кыяк бөлүмүндө окуйт экен. Бир күн кечке күттүм, көрө албадым. Эмнеге мынча ашыгам да? Эмнеге мынча талпынам? Маанайым суз гүл бакчада олтурсам, назик үн: – Бул сизби? Ошол менин эжемди тааныган жана мага жардам берген жигит-деп калды. Дароо ордумдан туруп “ооба” деп шашыла жооп бере калдым. Издегеним өзү келип калганына кубанганымды айт.

Экөөбүз гүл бакчаны аралап жүрдүк. Ал менен сүйлөшүп, жашоого көз карашым өзгөрө баштады. Үйүнө чейин узатып, кийинки жолугуушуга да уруксат алып кайттым. Мына мен кучак толо ал сүйгөн гүлдөрдү сатып алып аны күтүп олтурдум. Аппак узун көйнөк кийип,чачын майдалап өрүп мен жака келе жатты. Ал көзүмө чыныгы периштедей көрүнүп турду.   Калтырап-титиреп турдум. Гүлдөрдү көрүп, кубанганын айт. Ак жүзүнөн аста бир өптүм да гүлдү колуна сундум. Ал бир жагы толкунданып, бир жагы уялып гүлдү алды.  Мына ошентип биздин сүйүү башталды.

  Байлык, бийлик

Убакыт кушу айланып учуп,арадан эки жыл өтүп кетиптир. Бул убакыт аралыгында мен көптөгөн ийгиликтерге жетиштим. Окуумду ийгиликтүү аяктап, Германияга барып жарым жылга иш тажрыйбамды да ашырып келдим.  Мен жана мендеги көп нерсе өзгөрдү. Бирок бир гана менин периштем ошол бойдон калды. Кайда болбоюн, эмне кылбайын ал ар дайым   мени колдоп туура жол көрсөтүп турду.

Бул аралыкта ал окуусун бүтүп, өзүнө кичинекей окуу борборун ачып, жаш балдарга музыкадан сабак бере баштаган. Анан гүл саткан дүкөнү да бар. Жаш туруп баарына жетишкендигине таң кала берчүмүн.   Аны көпкө күттүргүм келбей мага турмушка чыгуусун сурандым. Ал макул болду. Тойду  менин иштериме байланыштуу күзгө калтырууну ойлондук.  Ишим жүрүшүкөндөн жүрүшүп, мартабам ашып, мени баары таанып,сыйлай башташты. Адам байып, жогорулаган сайын өзгөрө берет туура.  Ал нерседен мен да куру калбадым. Анча-мынчаны тоготпой, теңиме албай бараттым. Байлык-бийлик топтогон сайын дагы каалай бердим. Биз күткөн күз да келди. Бирок, мен тезинен Түркияга  кетүүмө туура келип калды. Белек болсо  эч качан менин кылган иштериме каршылык көрсөткөн эмес.

Бир гана жакшы сөздөрүн айтып, менин жанымда болгон. Ошентип тойду дагы жылдырып, мен Түркияга  учуп кеттим. Көбүнчө иш менен алек болуп  Белекке көңүл деле бура албай калдым. Байкушума канчалык кыйын болгонун эми туйуп жатам. Эхх, аттиң…!!!  Түрцияда  жүрүп, бир ишкер бийкеч менен таанышып, мамилебиз келише түштү. Анын атасы Кыргызстан да өтө мартабалуу биз тааныган киши экен. Ошентип ал атасы менен тааныштырды. Менин иш алып баруум ага жагып калып иш сунуштады. Анын кызы менен аябай ынак жакындардан болуп кеттик. Ал бир үйдүн жалгыз эрке кызы эле. Бир күнү атасы үйүнө чакырып мындай сөз айтты. “Мына мен да каарып баратам, ушу байлыгымды, бийлигимди, ордумду баскан бирөө болсо тынч олтурат элем”-деди. Мен сөздүн төркүнүн түшүнө албай турдум. – “Кызым экөөң мына жакын болуп калдың. Сени да жакшы билип калбадымбы. Экөөңдүн бири-бириңде көңүлүң бардай көрүнөт. Мага күйөө бала бол десем эмне дээр элең”-деп калды.

Мен катып калдым. Ойлонуп көрүмдү сунуштады. Бир нерсе жетпей аткансып байлыкты, мансапты ойлоп, кандай макул дегенимди билбей калдым. Мен ошондо сокурлук кылдым.   макул болбошум керек эле аттиң, жолумдан өтө жаңылган экенмин.  Белекке эч нерсе айтып олтургум келген жок. Анын жашоосунан жөн гана кетип калдым. Той болду, анын эртеси да болду. Мен эңсеген мансап,бийлик колума тийди. Бирок, бактылуулук менден узап кеткенин сезбей калыпмын.

Аял деп алган кызым,чыныгы жез кемпир болуп чыга келди. Үйгө келсең ысык тамак жок. Уктайын десен тынчтык жок. Аркага болсо жол жок. Ошондой калыпта биз 5 жыл жашадык. Бул убакта биздин балдарыбыз ойноп-күлүп, бала бакчага барып калыш керек эле. Бизде бала турсун, менин аялымда али ой жок балалуу болуу боюнча. Айтсаң эле: “мен али жашмын,ойношум керек, жыргашым керек”-дейт. Айта берип акыры чарчадым. А Белектен болсо такыр кабар уга албадым. Акыры мен ойлонуп ажырашууну чечтим. Бул маңызсыз жана максатсыз жашоонун кереги жок эле. Тынч жана оңой эле ажырашып койдук.

   Эми мен эч качан сага жолукпаганга сөз берем

Мезгил учуп, жаштыктан да, күчтөн да тайып бара жаттым. Бирок кайра үйлөнүүнү каалабадым. Каарыганда мына мен баарын түшүнүп жеттим окшойт менимче. Эски, эстен кеткис гүл бакчага барып олтурдум.  Ээх, жаштыгым, акмактыгым..  Ары жактан тааныш элес көзүмө уруна түштү. Аппак узун көйнөк, нур жүздүү, жоолук оронгон бир аял келе жатты. Бирок жалгыз эмес. Кичинекей бир бала менен келе жатыптыр. Дал өзү. Ал менин периштем Качандыр бир кезде, жоготкон периштем. Ал бактылуу. Билем. Жүзүнөн көрүнүп турат. Ал бактылуу болууга тийиш эле. Жанындагы баласы көрүнөт.

Мени көрүп кыйналбасын деп тескери карап туруп алдым. Ал  баягыдай бактылуу, жылмайыңкы жүзү менен өтүп кетти. Эми мен эч качан сага жолукпаганга сөз берем. Кечир мени периштем. Мен акмак, акылсызды кечир.  Суранам кечир… Эч качан ыйлабаган жаным, мына азыр көзүмдөн жаш токтобой бара жаттым. Мен татыктуумун ушундай жашоого, мага сооп болду ушул иш. Мен эми өмүр бою жалгыздыктын кулу болуп өтүп кетем.   Мунун баарына бир гана өзүм күнөөлүмүн. Эми өз жазамды алышым керек жана аламын…. Рустам.

Булак:Каганат

Бөлүшүү:

1 комментарий

Пикир

он эки − он бир =