Талапка жооп беребеген айкелдер-Улуттук идеологиянын уңгусу кайда?

Каганат.

Кыргыздарда айтылып калган лакап, «Хандар ѳтѳт калк калат, кадырлаган нарк калат, канча кылым ѳтсѳ да сыйлашарга салт калат» деген. Байыртадан бери хандар ѳтсѳ да, кыргыздар кылымдап ата салтты ыйык тутуп, сактап келди. Ал тургай жоокерчилик заманда да cалтын таштабай, бекем туткан. Бир эл кол курап келип, экинчи элди чаап, малын олжого алып, эркектерин кул, аялдарын күң кылып, үй мүлкүн талап-тоноп, жайыттарын бүтүндѳй ээлеп алып, калган тиричилик, чарбачылык жактарын жоокерчиликке багындырганда да салт жашай берген. Жоого камынып жатканда, сынчы – жѳн билгилер кээ бирлерин карап туруп: «Ой, бул найза кѳтѳрѳ албайтко, үзѳңгүнү узун теминет экен, ушул кантип ат минип жоого аттансын» дешип, жактырышбаган.

Кийинки убактарда, кыргыздын каада салтына, наркына таптакыр туура келбеген, ойдон табылган болбогон бир нерселерди сүрѳткѳ салып, шѳкѳттѳп койчу адет таап алгандар пайда болду. Сѳз «Ата бейит» тарыхый – мемориалдык комплексинин түштүк жагынын күн батыш тарабындагы кырдын жээгинде курулган айкел боюнча болмокчу.

Бирок, бул айкелде түндүктөн ылдый саландатып илинип турган үзөӊгүлөрдүн кандай максатта түндүккө илип койгонун чынын айтсак, коомчулук эмес тарыхчылар да азыркыга чейин түшүнө албай келишерин жашырышпайт.

Мына ушул себептен кыргыздын кеп кастарлаган, сөз баккан адамдарына түндүккө илинген үзөӊгү эмнени түшүндүрөрүн сурап көрдүк.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциалык палатасынын судьясы, акын Жедигер Саалаевдин пикиринде   «түндүк» деген сөз бир топ мааниге ээ. Элибизде, “Түндүк көтөрүп”, “Түндүккө карап иш кыл!”, “Түндүгү бөлөктүн – түтүнү бөлөк” деген сыяктуу макал-лакаптардан көрүнүп тургандай, “түндүк” деген сөз “өз алдынча”, “бөлөк үй”, “бөтөн өлкө”,”чоочун жай” деген мааниде да колдонулат. Ал эми Үзөңгүнү себепсиз ээрден ажыратып, башка жакка (түндүккө андан бетер) илбейт.

 -“Түндүк” деген сөз менин билишимче кыргызда бир топ мааниге ээ. Албетте, ал 1-кезекте кыргыздын боз үйүнүн чамгарагын билдирет. Мамлекеттик желегибизде тартылган түндүктүн сүрөтү башка улуттарга деле жакшы тааныш. Боз үйдү тигип жаткан кезде керегелер калангандан кийин эле түндүк көтөрүлөт. Түндүктү адатта ала бакан менен тиреп, эр киши көтөрөт да, анан ага айланта ууктар сайылып, керегелердин башына байланып бекитилет. Менин “Арыбагын, Күн!” аттуу поэмамдын “Боз үй керемети” деген бөлүгүндө мындай саптар бар:

“… Керегенин ууктарга аштоосу –

 Бул көпүрө – улуу доорго баштоочу.

 Түйүн, байлоо – бул үзөңгү атказчу,

Ууктар – жол көктү карай алпарчу.

 

Ошол сапар – кайып сапар, ал башат,

Уук учу кайыптарга жалгашат.

Терезебиз капталда эмес, асманда-

Түндүгүбүз аалам менен арбашат.

 

Аштоолору бекемдиги түндүктүн –

Кайып дүйнө сапарында жылдык миң,

Колдоп, сактап ак жолдогу адамды

Боз үй катып келет сырын кыргыздын…”

Түндүк – боз үйдүн терезеси дагы.  Көбүнчө кыргыздар жаан жаап жатканда, же ашкере күн ысыкта гана боз үйдүн эшигин түрүп койбосо (анткени боз үй – табигый кондиционер), башка учурда жарык түндүктөн түшүп турат. “Түндүк көтөрүп”, “Түндүккө карап иш кыл!”, “Түндүгү бөлөктүн – түтүнү бөлөк” деген сыяктуу макал-лакаптардан көрүнүп тургандай, “түндүк” деген сөз “өз алдынча”, “бөлөк үй”, “бөтөн өлкө”,”чоочун жай” деген мааниде да колдонулат.

Ал эми үзөңгү адатта ээр токумга тагылган боюнча боз үйдүн кире беришинде, “эр жак” деп аталган сол ыптада, улагада жайгашат. Үзөңгүнү себепсиз ээрден ажыратып, башка жакка (түндүккө андан бетер) илбейт. Карышкырды ат менен кубалап чапкан учурларда гана “үзөңгүнүн анты бар” деп, аны чечип алып, кашабаңды кууп жетип, үзөңгү менен башка чаап өлтүрүшкөн. Тең чамалаш курдаштарды “үзөңгү жолдош” деп коюшат. “Үзөңгүлөш” деген сөз тең катар бара жатат дегенди билдирет.

Түндүккө үзөңгү эмес, жел боо тагылат (илинет). Ал ар кандай бороон-чапкында боз үйдү “былк” эттирбей кармап турууга жардам берет.

 

Ал эми белгилүү тарыхчы Кайнарбек Бийлибаевдин пикиринде  бир үй бүлѳнүн пайда болушуна – баланын да кыздын да тууган-уругу чогуу катышып, Түндүгүн чогуу кѳтѳрүшкѳн. Ал эми үзѳнгүнү азем буюм катары – боз үйдүн түндүгүндѳгү чамгарагы менен керегеге илген, кыргыздын салтында жок болгон.

Баатыры кокусунан жортуулда каза болсо аттын ээсинин үзѳнгүсүн ээрден кесип, канжыгасына байлап, атынын башындагы жүгѳнүнѳ тизгинин түйүп, минип жүргѳн аты кѳнүп калган үйүн таап барат дешип, бош коё берген. Келген аттан, кесилген үзѳнгүсүн кѳрүп, үйүндѳгү тууган-туушкандары – аттын ээси, же баатырдын каза болгонун билишип аза күтүшкѳн.

-«Түндүк кѳтѳрүү», илгерки замандан бери эле кыргыздар менен кошо келе жаткан ыйык салт. Кыз бой жетип, күйѳѳгѳ берер кез келгенде, кыз берүүчү, келин алуучу тарап тең камылга кѳрүшүп, калым берип, калым алып, кыз алуучу жак «тай» сойсо – жылкычылыгын берип, жылкычыларды ыраазы кылашкан.

Түндүк кѳтѳрүлгѳндѳ, кыз тараптын тѳркүндѳрү кыз алуучу тараптан кыз ойноторун талап кылышкан. Кыз алуучулар, кыз ойнотор оюнун, кызды үйүнѳ алып баргандан кийин ѳткѳргѳн. Мындан тышкары, Түндүк кѳтѳрүүдѳ «Тѳшѳк талашуу» ырымын жогору баалашкан. Кыз алгандар «аркан үзмѳйгѳ» катышып, эки жагы аркан тартышкан.

Тартышкан арканды кыз алуучу тарап үзүп кетсе, эч нерсе бербей кутулган, үзѳ албагандар колунда болсо – бир асый болгон жылкы баласын бергендери болгон. Кыргыздардын Түндүккѳ карата байланышкан ырым-жырымдары, бир үй бүлѳнүн пайда болушуна – эки жак тең катышып, Түндүгүн чогуу кѳтѳрүшкѳн.

«Үзѳңгү» жѳнүндѳ. Үзѳңгү, бул ат жабдыктарынын ичинен ээр токумга таандык. Ээрдин эки жагына тагылып, адам ат мингени аттанарда, жерден үзѳңгүнү тээп мине турган аттын жабдыгынын бири. Адам ээрге мингенде, эки бутун үзѳңгүгѳ салып, ат үстүндѳ тең салмакта алып жүрүүчү жана аттан түшкѳндѳ бир буту менен тээп түшүүчү, оңтойлуу жардамчы кызматын аткаруучу жабдык. Үзѳңгүлѳрдү илгерки хандар, бийлер, бай, манаптар, колунда бардар, баатырлар, эрендер: алтын, күмүш, коло, темир жана ар кайсы кошмодон жасаттырып, айыл-апа, той-аштарга аземдеп минсе, баатырлар эрѳѳлгѳ, жоого ат үстүндѳ темингенге, үзѳңгүдѳн бут тайбас үчүн пайдаланышкан.

Ал эми үзѳнгүнү азем буюм катары – боз үйдүн түндүгүндѳгү чамгарагы менен керегеге илген, кыргыздын салтында жок болгон. Кыргызда, «колуңда жүрүп билинбейт, камчыдан ашкан курал жок» деп, бекер жерден айтылбаган. Камчыда куралдардын бирине кирсе, үзѳңгү колдо курал жок кезде, курал болуп берген. Кээ бир чабыштарда, колдон курал түшүп айла кеткенде – ат үстүндѳгү эрендер, үзѳңгүнү ээрден чечип алып, курал катары колдонган жагдайлары болгон. Эки эл, же уруулар касташып калып, күч теңдешсиз болгон мезгилде, бири экинчисине жашыруун чалгынга барып, каршылашкан тараптын атка минер жагындагы үзѳңгү боолорун кесип салып, кол салган убакта атсыз калган душмандарын талкалаганы уламыштарда кѳп айтылат.

Баатыры кокусунан чабышта же талаада каза болсо, алыс жакка сѳѳктү алып барууга мүмкүн болбой жерге жашырган убакта, аттын ээсинин үзѳнгүсүн ээрден кесип, канжыгасына байлап, атынын башындагы жүгѳнүнѳ тизгинин түйүп, минип жүргѳн аты кѳнүп калган үйүн таап барат дешип, бош коё берген. Келген аттан, кесилген үзѳнгүсүн кѳрүп, үйүндѳгү тууган-туушкандары – аттын ээси, же баатырдын каза болгонун билишип аза күтүшкѳн.

Ѳчѳшкѳн адамын кѳзүн тазалоодо, атайын үйүнѳ чакырып конок кылып, түнүндѳ ээрден үзѳнгүнү чечип алып, кайнатылган жаш адырашмандын ашына түнү менен чылатып, эртеси коногуна кѳрсѳтпѳй кайра байлатып сыр билгизбей атказып жиберишкен. Чыланган уу акырындап отуруп үзѳңгү теминген кишинин таманынан ѳтүп ууланып отуруп, белгилүү бир убактан майып болгон.

Чындыгында  «Укмуштуунун тѳѳсү жорго» демекчи, бул долбоорчу, сүрѳтчү эмне оюн жорголотконун бир ѳзүнѳн башка адам түшүнѳ бербейт. Узун, кыска, чоң кичине кылып үзѳңгүлѳрдү боёп, илип койсом эле, кыргыздардын салтына туура келип, ишене берет дегениби, айтор суроо көп.  

Же түндүккѳ үзѳнгүлѳрдү шагырата салаңдата илгени, салтта бар дегениби?.. Ал эми түндүктүн ортосуна орнотулган  жөөттөрдүн улуттук символу болгон уч бурчтук  белгиси кандай маанини билдирет? Мамлекеттик деңгээлдеги долбоор болгондон кийин, элге салып, конкурс жарыяланып, коомчулук жактыргандан кийин гана бекилиши керек эле, бул боюнча коомчулуктун такыр билбегени да чындык.

Ал эми бул айкелдин макетти жөнүндө Ысык-Кѳлдѳгү ѳткѳн “Баарлашууда” сѳз болуп, бул стелланы коргогон Жыпар Жекшеевге кѳпчүлүк суроо берсе, жакшылап түшүндүрүп бере алган эмес. Кээ бир адамдар айткандай – жеке бир сурѳтчүнүн чыгармасы катары карасак, анда ага башкача мамиле кылсак болор эле. Бирок, бул Мамлекет заказ берген “Улуттук символ” болуп жатпайбы.

1916-жылкы каргашалуу окуя – ал жалпы улуттун трагедиясы. Ал жерде улуттук интеллигенция менен жалпы коомчулук кабыл алып, жактырган гана чыгарма турушу керек. Мындай чыгармалар жалпы эл тарабынан талкууга алынып, анан барып жалпы элдин сынынан ѳтүп “Улуттук символ” катары тиешелүү жерге коюлушу керек болучу.

Келечекте, бул тарыхый – мемориалдык комплекске сырттан кѳп адамдар келишет: туристер, саясатчылар, жазуучулар, тарыхчылар жана башкалар. Бирок, түндүктѳн ылдый салаңдап илинген үзѳнгүлѳр эч нерсени түшүндүрбѳйт, тескерисинче кѳрктү бузарына ишеним чоң. Бул үзѳңгүлѳр – чиркѳѳдѳгү коңгуроо сыяктуу мемориалдык комплекстин «символу» менен «коңгуроосу» боло албайт, жѳн гана түндүккѳ илинген үзѳнгүлѳр күлкү бойдон калып, бир кездеги «Ала Тоо» аянтына орнотулган эстеликтер талкаланылгандай, бирден үзүлүп жатып жок болушу мүмкүн…Анткени, салтта жок нерсени – кыргыз эли эч убакта кабыл алган эмес…

Илгертеден эле кыргызда түндүк эң ыйык болгон. аны көтөрүү, бир жерден экинчи жерге ташуу жоопкерчиликтүү болгон. Кокус колдон түшсө же жабырланса ал жамандыкка жорулган. Түндүк -күндүн символу. Көчмөн кыргыз көчүп келгенде да түндүк көтөрүлгөнгө чейин обочо жерге сакташкан. Ал көтөрүлгөндө жайлуу конуштун, бейпил турмуштун болорунан кабарлап, элге үмүт, дем, тирек берген. “кудай буюрса, түндүгүбүз көтөрүлдү, эми оокат кылсак болот” деп элдин көөнү жай болгон. Түндүк аркылуу көчмөн кыргыздар космос менен байланышкан. Түнкүсүн ал аркылуу жылдыздардын жайгашышы менен убакытты, аба-ырайын билишкен. Ал эми үзөнгү мыкты ат жабдыгы, бирок белден ылдый таман астында. Эр жигиттер душманга сен менин таман астымдасын дегендей үзөнгү кагышкан. Демек үзөнгү менен түндүктү байланыштыруунун эч кандай кереги жок.Эгер түндүктү ишенимдүү, таза кол менен каромаса, үзөнгүгө уйдун жампасын тебелеп деле бут кое беришкен. Демек үзөнгү мыкты ат жабдыгы болгон менен, ыйык касиети жок болгон.

Булак: Каганат.

 

Бөлүшүү:

Пикир

2 × беш =