Алманбет Болотбеков: “Далилсиз жаманатты кылган адам мыйзам чегинде жазасын алат”

Каганат.

Алманбет мырза 30-ноябрь күнү «Бажыдагы миллиондорду кимдер жайлаган? Раим миллиондун коррупциялык схемасын сунуштайбыз» деген аталыштагы  макала интернет булактарында байма-бай чыгып жатты. Кызыгы автор Алман Болотбеков деген ысым  көпчүлүктүн кызыгуусун жаратууда…

– Ооба. Мындай маалыматты менин өзүмө да бирге иштеген коллегаларым жөнөтүштү. Чындыгында бул макала мен үчүн да таң калыштуу болду. Анткени, Райымбек Ысмаилович менин жетекчилеримдин бири. Ошондуктан бул макала менин чындыгында таң калуумду жаратты. 

Анан мындай жалган жалаа менен далилсиз маалыматтарды кимдер таркатып жатканын коомчулук билүүсү керек деп чечтим. Ошондуктан, мен тийешелүү органдарга атайын арыз менен кайрылдым. Мындай калп макалаларды таркатып жаткан адамдын өздүгү такталган соң сот органдарына кайрылам. Мен мыйзамды сыйлаган адам катары мындай ушакчы жазмакер мыйзам чегинде жазасын алышын талап кылам.

Элибизде душман алыстан келбейт деген сөз бар. Балким сизди жакындан билген адамдар жасаган чыгаар. Кимдир бирөөлөрдөн күдөмүк ой саноолоруңуз барбы?

– Мындай күдөмүк ой менде да жаралды. Анткени, мени жакындан билген адамдар гана Алман деп аташпаса, көпчүлүк Алманбет деп кайрылат. Ошондуктан мындай далилсиз маалыматтарды таркатып жаткан адам мени жакындан билиши мүмкүн деген ой да жаралбай койгон жок. Азыр техниканын жетишкен заманы. Тийешелүү органдарга мындай карасантай ой менен далилсиз маалыматтарды жайылтып жаткандардын өздүгүн  аныктоо андай деле  кыйынчылык туудурбайт деп ойлойм. Болгону аз гана убакыт керек.

Райымбек Ысмаилович  сиздин жетекчилериңиздин бири болсо, анда сиздин атыңыз менен чыккан бул макаланын авторунун ысымы чын эле дал келүүчүлүкбү же карасантай адамдардын кылган ишиби?

Балким ушундай ысымдуу «жазмакер» бар чыгар. Аны тийешелүү органдар аныктайт. Бирок, мен бул нерсени карасантай, көрө албас адамдардын жасаган кадамы деп ойлойм. Анткени, мындай дал келүүчүлүк турмушта сейрек кездешет.

Балким бул макала аркылуу кимдир-бирөө мени Райымбек Ысмаиловичге жаман көрсөткүсү келип жаткан чыгаар. Бирок, эң негизгиси мындай далилсиз макала таркатып жаткандар  бир нерсени эстерине алышкан жок. Анткени, Райымбек Ысмаилович мындай кур дооматка толгон карасантайлардын ушагынан бийик турган адам. Ал мындай далилсиз маалыматтарга убактысын кетирип, көңүл бурушу да мүмкүн эмес.

Булак: Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

4 × 5 =