Алмаз Кененбаев Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы болуп шайланды

0

Каганат.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы болуп Алмаз Кененбаев шайланды.

Жергиликтүү парламенттин кезексиз сессиясына 41 депутат катышып, жалгыз талапкер үчүн 25и добушун берди.

Ошондой эле бүгүн,  көпчүлүк коалиция куралып, ага  КСДП, “Өнүгүү-Прогресс”, “Мекеним Кыргызстан” жана “Кыргызстан” фракциялары кирди.

Ал эми “Республика — Ата Журт” жалгыз  оппозицияда калды.

Буга чейинки альянс андан КСДП чыгып кеткенине байланыштуу ураган.

Алмаз Кененбаев 1976-жылы 6-июнда туулган. Үч жогорку билими бар: Кыргыз улуттук университетин “бухгалтердик эсеп”, “юриспруденция” жана Президент алдындагы башкаруу академиясын “менеджмент” кесиби боюнча аяктаган.

Алмаз Кененбаев Бишкек шаардык кеңешинин акыркы эки чакырылышынын депутаты, КСДП фракциясынын лидери.

 Белгилей кетсек,  буга чейин коалициялык көпчүлүккө КСДП (13 мандат), “Мекеним Кыргызстан” (7), “Өнүгүү-Прогресс” (8) жана “Кыргызстан” (5) фракциялары кирип, ал эми оппозицияда “Республика-Ата Журт” (12) калганы белгилүү болгон.

30-ноябрда шаардык кеңештин төрагасы Канатбек Мүзүралиев (“Республика-Ата Журт”) өз каалоосу менен мөөнөтүнөн мурда кызматын тапшырган.

Булак:Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

13 − он үч =