Сариев өкмөттү башкарып турганда Орто-Токой суу сактагычы боюнча жалган маалымат бергенби?

0

Каганат.

Бүгүн, 11-декабрда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында Орто-Токой суу сактагычы маселеси талкууланууда. Анда баяндама жасаган айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев Ала-Бука районундагы Орто-Токой суу сактагычын тейлөө, башкаруу, кайтаруу жагы Кыргыз тарапка өтө турганын айтты.  

Министр СССР урагандан тартып, аталган суу сактагычтын тагдырын коңшу Өзбекстан чечип келгенин, мындай мүмкүнчүлүк Кыргыз тарапка биринчи жолу берилип жатканын айтты.

Ал 2016-жылы Темир Сариев өкмөттү башкарып турганда Орто-Токой суу сактагычы Кыргыз өкмөтүнө өткөнү боюнча айтылган маалыматты жокко чыгарды.

Нурбек Мурашев  “2016-жылы Сариевдин өкмөтү айткан маалымат жалган. Суу сактагычты өзбек милициялары кайтарып, Өзбекстан тарап башкарып турган. Бул маселе толук мыйзамдуу эми чечилип жатат. Жогорку Кеңеш ратификациядан өткөрүп берсе, биздин суу чарба департаментибиз толук көзөмөлдү өзүнө алат”, – деди Мурашев.

Эске салсак,  2017-жылдын 6-октябрында Ташкент шаарында Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен Өзбекстандын өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Орто-Токой (Касансай) суу сактагычын мамлекеттер аралык пайдалануу жөнүндө макулдашууга кол коюлган.

Булак:Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

бир × 4 =