Сен билгенди эл билет. Сот системасын реформалоо өтө татаал процесс

0

 

 Каганат.

Кыргыз саясатында  илээшир жүргөндөрдөн тарта, карапайым жарандарга чейин Кыргызстанда сот реформасы жүргүзүлбөй келе жатканына  нааразы болуп келишет. Президенттик шайлоо алдында президенттикке талапкерлигин койгондор дагы бул маселеден кыйгап өтүшкөн эмес.  Улукбек Кочкоров “Учурда бийлик сот системасынын үстүнө минип алды”,-дегени белгилүү. Ал эми Таалатбек Масадыков болсо бүгүнкү күндө сотто иштер пара, акча менен чечилип калганын айткан эле. Деги эле өлкөдө сот тармагына деген ишенимдин таптакыр орду жок калды.

Чындыгында эле сот реформасы эмнеге ишке ашпай жатат? Акыйкаттык орнобогон өлкөдө жашап жатканыбыздын себебин кайдан издөө керек, же сотторду алмаштыруу менен эле маселе чечилип, жашообуз куунак болуп калабы? Бул суроолорго төмөндө жооп издеп көрдүк.

 Сотторду тандоо иши реформанын башаты гана…

Сот системасын реформалоого байланыштуу талкуулардын көбү эле барып-келип соттордун ишинин сапатына такалат. Көпчүлүк эксперттер соттордун чыгарган чечимдери бийликке, акчага көз каранды болуп калганын белгилешет. Бирок сотторду тандоо иши реформанын башаты гана экенин унутпоо керек.

Соттор адилеттүүлүктүн үлгүсү болуусу керек экенин эч ким талашпаса керек. Бирок соттор дагы бекитилген укуктук системанын алкагында чечим чыгарган адамдар экенин эстен чыгарбоо зарыл, анткени алар айыптоочулардан жана коргоочулардан алынган маалыматтын алкагында өкүм чыгарышат эмеспи. Башкача айтканда, тергөөчүлөр жана укук коргоо органдары берген маалыматтын алкагында тиешелүү чечим кабыл алынат.

Ар бир соттук иш чынжыр сымал тээ башынан, башкача айтканда, тергөө иштеринен башталат. Ошондуктан сотторду алмаштыруу менен эле бир заматта адилеттүүлүк орноп, акыйкаттык өкүм сүрөт деген жаңылыштык.

Сот системасын реформалоо – бул өтө татаал процесс. Анын башкы максаты- мыйзам үстөмдүгүн орнотуп, адилеттүүлүккө жетүү. Ал эми бул бир жылда жасала калчу иш эмес. Ал эми соттордун курамын өзгөртүү менен маселе оң жагына чечилет дегенден алыс болуу зарыл.

Ууру менен жашасаң уурдаганды үйрөнөсүң

Айыпталуучу сот тарабынан акталганы менен ал жарым жылын убактылуу кармоочу жайда өткөргөнү адилеттүүлүкпү деген суроо туулбай койбойт. Камакта жатып,  кайра эркиндикке чыккан адамдын түшүнүгү өзгөрөрү турган иш. Күнөөсү аныкталбаган жарандар дагы адам аргасыздан эле кылмыш дүйнөсүнө баш багып, анын аң сезими түп тамырынан өзгөрүп жатпайбы?!

Камакка түшкөн ар бир адам үчүн мыйзам четке чыгып кылмыш дүйнөсүндөгү “түшүнүктөр” менен жашап калат. “Ууру менен жашасаң уурдаганды үйрөнөсүң” деген сөздүн чындыгы бар экени дал ушундан байкоого болот. Демек, биз жылдап созулган сот процесстери менен даяр кылмышкерлердин келип чыгуусуна шарт түзүүдөбүз.  

Мисалы ачкачылыктан улам айласыз уурулукка барган адам кармалса кандай болот? Ал тамак табуунун башка жолун көрбөгөндүр? Бул жерде маселе кылмыштуулукта эмес экономикалык абалда болуп жүрбөсүн? Башкача айтканда, жакырчылык кылмыш кылууга түртүп коюусу толук мүмкүн да.

Бул жерде мамлекеттин ролу чоң. Мамлекет жарандардын жашоосун жакшыртуу менен алек болуп, мындан сырткары бир жолу кылмыш кылгандар экинчи ирээт ошол эле жол менен кайра кетпешине камкөрүүсү керек.

Дал ушул жерден дагы бир суроо туулат. Чындыгында эле биздеги түрмөлөр коомдун кызыкчылыгы үчүн иштеп жатабы? Эркинен ажыратылган адамдар эркиндикке чыккан соң мыйзамды сыйлап калышабы? Эң башкысы алар өз күнөөсүн сезип, кайрадан мыйзам бузушпайбы?

Практикага таяна турган болсок, каралар дүйнөсүнөн жан дүйнөсү жабыркабай, жакшы ой-максаттары бар адамдардын чыгуусу кыйынга турат.

Эң жакшы коргоо – сатып алуубу?

Кылмыш кылды деп айыпталган адамдар басып өтчң жолду карап көрсөк.

“Сиз жактоочу алууга укуктуусуз”, “Бир жолу телефон чалып алууга мүмкүнчүлүгүңүз бар”, “Мыйзам бузуу менен чогултулган далилдер сотто жараксыз болот” деген создөрдү биз тасмалардан гана көрүп жүргөндөйбүз.

Ал эми Кыргызстанда болсо баары башкача. Бир сөз менен айтканда укук коргоо органдары кылмыш ишин жана далилдерди оздөру каалагандай бурмалап, жасап коюшат. Прокуратура болсо адилеттүү болумуш болгону менен соттор менен биргелешип иштеп жатканы ачык эле корүнүп турат, ал эми жактоочулардан болсо пара алууга чейин барышат.

Бул жерде айыпталуучулардын тагдыры жактоочудан көз каранды, себеби дал ушул жактоочулар базардагы алып-сатарлардай эле соодалашып, соттордун капчыгын кампайтып жүрүшкөнү жашыруун эмес.  Айыпталуучу Кыргызстандагы эң адилеттүү сотко туш болгон күндө дагы ал сотко чейин эле бир топ “тозоктон” өтөт.  Бул жерде жактоочу канча мыкты болгону менен мамлекеттик система түп тамыры менен ага каршы иштеп жатса анан кантип бул ишти жактоочу утуп алат?

 Соттор механизмдин бир гана бөлүгү

Чындыгында соттор сатылбай, “ак иштейм” деген күндө дагы система өзгөрмөйүнчө бул абалдан чыга албайбыз. Себеби, бийлик сотторду баш көтөртпөй, саясий буйрукту аткарууга мажбур кылып жатканын өлкөдө болуп жаткан акыркы окуялар тастыктап турат.

Мындай абал болуп турганда сотторду алмаштыруу, соттордун курамын жаңыртуу менен эч кандай өзгөрүү болбосу айдан ачык. Соттук реформа болуусу үчүн алгач Кылмыш-Жаз Кодексин, Аминистративдик Кодексти өзгөртүү зарыл. Мыйзамдар толугу менен кайра жазылуусу абзел, себеби дал ушул мыйзамдардагы кемчиликтер дагы корррупцияга баткан сот системасына жакшы шылтоо болууда. Ал эми азыркы сот системасында соттор механизмдин бир бөлүгү гана болуп калууда.

Ишти эмнеден баштоо керек?

Бул суроого жооп табуу оңой болгону менен аны ишке ашыруу бир топ түйшүктөрдү жаратат. Эгерде көзгө көрүнүп турган эң чоң көйгөйлөрдү айта турган болсок, анда сот системасын реформалоо үчүн эң биринчиден жарандар бийликке ишеним артуусу абзел. Жарандардын кызыкчылыктарын соттордо сатылма жактоочулар эмес, күчтүү, иштин майын чыгара жасаган жактоочулар коргоосуз зарыл. Ошондой эле убактылуу кармоочу жайлардагы, түрмөлөрдөгү шарттар жакшыртылып, ал жайлардагы адамдар эркиндикке чыккан соң коомго аралашуусуна, жашоого болгон көз карашы жакшы жагына өзгөрүүсүнө мамлекет шарт түзүүсү керек. Милиция менен прокуратуранын максаты адамдарды күнөөлөп, өз “үлүшүн” алуу эмес, аларды коргоп, колдоп, тиешелүү жардамын берип, адилеттүүлүк орнотуу болуусу керек.

Албетте, айтканга жеңил болгону менен иш жүзүндө мындай иштер аткарылышы үчүн мамлекеттик механизм толугу менен иштеп, укук коргоо жаатындагы кызматкерлер татыктуу маянага ээ болуулары шарт.

Аны менен катар эле  балдарды жаштайынан жаман адаттардан алыс болууга үйрөтүп, келечек муундан кылмышкерлер эмес, маданияттуу, салабуттуу, коомго пайдасы тийген адамдардын өсүп чыгуусуна мамлекет, ата-эне, бала бакча, мектеп, жогорку окуу жайлары өбөлгө болуусу керек. Ошондой эле ар бир жарандын өз укуктарын билүүгө болгон далалаты дагы өлкөдөгү укук тармагын жакшыртууга өбөлгө түзөт.

Булак: Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

5 × үч =