Казакстан менен Өзбекстан Борбор Азияда башкы ролдо. Кыргызстанчы?

0

Каганат.

Өзбекстандын коңшуларына таасири күч ала баштаганын жана Ташкент өнүгүү этабынан өтүп жатканын haqqin.az агенттигине берген маегинде орусиялык эксперт Александр Князев билдирген.

-Айрым эксперттер Каримов дүйнөдөн кайтса ички саясатта саясий элита арасында бийликке келүү үчүн карама-каршылык күч аларын билдирип келишкен. Натыйжада өлкодө туруксуздук пайда болуп, коомчулукта башаламандык болору айтылып келген. Сиздин оюңузча эмнеге мындай абал болгон жок?

-Алдын ала бир нерсени айтуудан мурда ошол эксперттерге өлкөнү билип алгыла деген кеңеш берет элем. Же эксперт деген статусун көзү ачык деп алмаштырып алышсын. Өзбекстанда кландык-аймактык эмес, улуттук кызыкчылыкты көздөгөн саясий элита түзүлдү.

Бул саясий элитанын жаш муунуна арналат, алар азыр мамлекетти башкаруу структурасына, саясий жашоого жана бизнеске ишенимдүү киришти.

Албетте элита арасында карама-каршылык болду, бирок ансыз өнүгүү болбойт да. Мындай эксцесстерге мен улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын мурдагы биринчи орун басары Шухрат Галямовдун отставкасын жана ага байланыштуу сот процессин киргизет элем.

Баардык жерде жана дайыма болуп келгендей эле коомчулукта да бир аз нааразычылык бар, бирок бул туруксуздук жаралат дегендик эмес.

-Президент Мирзиёев болорун билгенден кийин ал Каримовдон дагы катаал экенин баары айтышкан эле. Бирок бир жыл мамлекетти башкарса дагы реформаларды жүргүзүүдө, өлкөнү баардык жагынан өнүктүрүүгө аракет кылууда. Туристтер үчүн чек араны ачууда, коңшулар менен жылдар бою болуп келген маселелерди чечүүдө. Мындан улам Өзбекстан азыр аймакта салмактуу болуп калды десек болобу?

-Кыргызстан менен болгон чек ара маселесинде мурда эле чечилген, такталган жерлер боюнча макулдашуу болду. Чек аранын талаш жерлери дагы деле ошол бойдон калууда. Себеби Өзбекстан ал маселелерди чечпей турганына кызыкдар.

Өзбекстанда туризм буга чейин деле бар болчу жана өнүгүп жаткан, укмуштуудай деле жылышты байкаган жокмун. Каалоо бар, бирок каалоодон тышкары тиешелүү инфраструктураны дагы өнүктүрүү керек.

Реформалардын көбү мурун эле белгиленген болгону ишке ашпай келген. Валюталык тармактагы реформадан башканы реформа деп атай албайм. Азырынча олуттуу натыйжа чыгарууга дагы эрте.

Ал эми Кармиовдун же Мирзиёевдин катаалдыгы же жумшактыгы тууралуу айта турган болсом, күлкүм келип турат. Эгерде Өзбекстандын өнүгүүсүнө тиешелүү болгон принципиалдуу маселелер пайда болсо жана ал Өзбекстандын стратегиялык кызыкчылыгына коркунуч туудурса анда бул жерде Шавката Миромоновичтин жумшактыгы бат эле унутулат. Ал мыкты дипломат экен.

Ал эми Өзбекстандын аймактагы салмагы эч качан аз болгон эмес. Бул аймктар Өзбекстандын айланасында түзүлгөн жана алар тууралуу Өзбекстан жок айтууга негиз жок.

Ислам Каримов башкарган маалда Өзбекстан ички процесстерди өнүктүрүүгө багытталса, азыр коңшуларга болгон таасири күчөп, ал аймактагы башкы актор болууда.

-Учурда Өзбекстан Орусия менен мамилесин оңдоого аракет кылып жатат. Аны менен катар эле АКШ менен болгон мамилесин дагы унутта калтырган жок. Бул боюнча кандай пикирдесиз?

-Өзбекстандын Орусия менен болгон мамилеси начар болгон деп айтууга болбойт. Мамиле начар болгон деп 1990-жылдарды айтса болот же Москвада бирөө Өзбекстанга “улуу ага” ролун таңуулагысы келгенин эске албаганда баары жакшы.

Эки тараптуу мамиленин жакшыруусу Каримовдун доорунда эле мыйзам базасы аркылуу дагы бекитилген: бул союздук мамилелер тууралуу келишим, аскердик-техникалык кызматташтык тууралуу макулдашуу, миграциялык саясатта болгон келишимдер боюнча иштөө, айыл-чарба өнүмдөрүн ташуу ж.б.   

Ислам Каримов түптөп кеткен тышкы саясат принциптери Өзбекстандын улуттук кызыкчылыгына толугу менен жооп берет жана эффективдүүлүгүн көрсөтүүдө. Бул өлкөнүн эгемендүүлүгүн чектеген көп тараптуу альянстарга катышпоо эки тараптуу мамилелердин приоритети (ШКУга катышса болот, бирок ЖККУга же ЕАЭБге – жок). Орусиябы, АКШбы, Кытайбы дистанция кармалган мамиледе болду.

Москвада, Вашингтондо жана Пекинде буга көнүп калышкан жана муну факт катары кабыла алышты. Бул Өзбекстандын тышкы саясий концепциясындагы ийгилик, аймактагы өлкөлөрдүн ичинде мындай ийгиликтүү тышкы саясат Өзбекстанда гана бар жана азыр мындай абалга Казакстан жетишип келаткандай.

-Казак-кыргыз ортосундагы конфликт менен өзбек-кыргыз мамилелерин жакшыруусунун ортосунда байланыш барбы? Себеби КРнын географиялык жайгашуусу ийгиликтүү да, ал үчүн күрөшпөй коюу күнөө эмеспи?

-Кыргызстандын географиялык жайгашуусу бул абалда Өзбекстан үчүн бир гана мааниге ээ: бул Кытай менен тез байланышуу. Сөз Кашгар-Ош-Андижан темир жолу тууралуу болууда. Дал ушул маселе боюнча Шавката Мирзиёев жакында эле Бишкекке барган. Бул маселеде Ташкент, Астана жана Москванын ортосунда атаандаштык бар. Бишкек субъект мүнөзүнө ээ.

Ошондой эле кыргыз-казак конфликтинен улам Ташкент Казакстандын жана Кыргызстандын рыногуна кирүүгө аракет кылат. Казакстандын рыногунан кыргыз товарын, ал эми Кыргызстандын рыногунан казак товарын сүрүп чыгарууга аракет кылат. Ташкент бул конфликттен башка кызыкчылык көрбөй эле.

-Сиздин оюңузча Борбордук Азия аймагында башкы оюнчулар кимдер же жакында ким болот?

-Борбордук Азияда бири-бирин толуктап турган жана аймактын негизи болгон эки өлкө бар: Казакстан жана Өзбекстан. Калгандары муну кабыл алып, улуттук кызыкчылыгын бул фактыны эске алып түзүүлөрү кажет.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

жыйырма − тогуз =