Кыргызстан Өзбекстанга Ысык-Көлдөгү 4 пансионатты кайтарып берет

Каганат.

Кыргызстан Өзбекстанга Ысык-Көлдөгү пансионаттарды кайтарып берет. Бул тууралуу бүгүн 12-декабрда Жогорку Кеңештин экономика жана фискалдык саясат комитетинин жыйынында айтылды.

Жыйында белгилүү болгондой, Өзбекстан Кыргызстанды эл аралык сотко берди. Арыз азыр АКШнын сотунда каралууда. Алар 2016-жылы Темир Сариев премьер-министр кезинде Кыргызстанга кайтарылып алынган Ысык-Көлдөгү төрт пансионатты; «Алтын кум», «Рахат», «Дилором» жана «Бостон» кайра алууну көздөшөт.

Бул маселе Алмазбек Атамбаевдин Ташкентке болгон иш сапарында дагы сүйлөшүлгөн. Анда Өзбекстандын өкмөтү менен жаңы келишим түзүү макулдашылган.

Парламентте жаңы келишимге ылайык Кыргызстан Өзбекстанга Ысык-Көлдүн жээгиндеги төрт пансионатын кайтарып берери айтылды. Жер Кыргызстандын менчиги бойдон калат. Ал эми өзбек ишкерлери мүлккө укугун мыйзамдаштыргандан кийин, пансионаттарды 3-4 жылдызга жеткирип, жыл бою иштетиши керек болот. Андан кийин эки тарап тынчтык келишим түзүп, сот токтотулат.

Депутаттар келишимди колдошту.

Эске салсак, 2016-жылы апрель айында премьер-министр Темира Сариевдин чечими менен өлкө аймагындагы Өзбекстанга таандык делген “Алтын кум”, «Рохат НБУ», «Дилором» жана «Бостон» пансионаттары Кыргызстандын юридикциясына өткөн. Бирок Өзбекстан бул чечим боюнча арбитраждык сотко кайрылды. Учурда бул арыз АКШда каралууда.

Ал эми өкмөт талаш-тартышты жөнгө салуу үчун Өзбекстан өкмөтү менен келишим түзүүнү сунуштоодо.

Булак:Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

он бир + 11 =