Өзбекстандан “аккан” миллиондордун ээси кимдер?

Каганат.

Наманган облусунун улуттук коопсуздук башкармалыгынын кызматкерлери Өзбекстандан Кыргызстанга ири суммадагы каражат ташып бара жаткандарды кармады. Бул тууралуу өзбек маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Үч-Коргон районунда «Дамас» үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Аны 53 жаштагы жергиликтүү тургун башкарып бара жаткан. Аны менен кошо 20 жаштагы Өзбекстандын жараны чоң баштыкка салынып, скотч менен чапталган 470 миң доллар жана 4,1 млн рубль алып бара жаткан.

Алар акчаны Кыргызстанга мыйзамсыз жолдор менен жибермекчи болушкан.  

Аталган факт боюнча кылмыш иши козголгону белгилүү болду. Бирок бул миллиондор кайсы күркүлгө тийешелүү азырынча так маалымат жок.

Эске салсак биз буга чейин белгилүү   политолог Усман Хакназаров   маалыматына    таянып Лола Каримова Кыргызстан аркылуу каражаттарын чыгарып кетип жатканын жаздык эле.

Лола Каримова акчаларын Кыргызстан аркылуу кантип чыгарып кетүүдө? 

Андагы маалыматтарга таянсак, өзбек коррупционерлери Латвия банктары аркылуу каражаттарды чыгарып кетип жатканы  тууралуу дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн бурган ызы-чуулардай эле, 2010-жылдан кийин өзбек каражаттары Кыргызстанга багытталып, башка жолдор менен ташыла баштаганы айтылат.

Өзбекстан Өзбекстандын жаңы президенти Шавкат Мирзиеевдин негизги максаты – өлкөдөн капиталды чыгарып кетүүнү токтотуу болду. Бул өзгөчө бийликте отуруп, ар кандай коррупциялык иштер аркылуу акча тапкандар, экономиканы болушунча тебелеп, каржылык агымдарды көзөмөлдөп, капиталды өлкөдөн чыгарып кетип жаткандарга багытталган болчу.

Дал ушул жерде Өзбекстандын президенти менен Улуттук коопсуздук кызматынын жетекчиси Рустама Иноятов жана вице-премьер Рустам Азимовдун тирешүүсү башталган.

 Мурунураак ММКларда өзбек коррупционерлери Латвия банктары аркылуу каражаттарды чыгарып кетип жатканы айтылып, Латвияда чоң ызы-чуу жаралган болчу. Ошондой эле Иноятов Каримовдун кичүү кызы Лола Каримовага (Тилляева) каражатты чыгарып кетүүгө жардамдашып келгени тууралуу кептер айтылып келет.

Тимур Тилляев- Лоланын күйөөсү Abu Saxiy Nur транспорттук компаниясынын негиздөөчүсү. Ал Улуттук коопсуздук кызматынын мурунку жетекчиси Хаёт Шарифходжаевдин жардамы менен Өзбекстанга товарларды бажы төлөмүсүз импорттоп келген.

Ишкерлер Abu Saxiy Nur транспорттук компаниясынын кызматтары менен пайдаланып, Бажы төлөмдөрүн Тимур Тилляевге жана Лола Тилляевага төлөп келишет. Лола Каримова менен Тимур Тилляевдин бизнес-структуралары Asia Аlliance Bank менен тыгыз байанышта, ал болсо Рустамом Иноятов менен байланышта болуп, Латвия банктары аркылуу иштерди жүргүзүп келет.

Тимур Тиляевдин фирмасы аркылуу импорттолгон товардын баары Ташкентте жайгашкан ири Абу Сахий базарына алынып келинет. Бирок бажы төлөмдөрү жана башка бюджетке богон төлөмдөр тууралуу кеп жок. Баары Тимурга түшөт. Эгерде өлкөгө бир куту ширеңкени дагы Улуттук коопсуздук кызматысыз алып келүү мүмкүн эмес экенин эске алсак, анда бул жерде ашыкча сөз айтуунун кереги жок.

Тилляев импорт кылган адамдардан акчаны алып Улуттук коопсуздук кызматы менен, башкача айтканда Иноятов менен бөлүшүп келген.

 Аткезчилик жүктүн баары Кытайдан Кыргызстан аркылуу алынып келинерин белгилей кетүү керек. Иноятов Максим Бакиев көзөмөлдөгөн “Mavl Aktivi” инвестицияык-латвиялык холдингинин 30% үлүшүнө ээ. Ошондуктан Кыргызстан акчаны башка жакка которуучу мыйзамсыз пункт болуп келет. Биздин өлкө Өзбекстандын башкы уурулары үчүн каражатты чыгарып кетүүчү жай болуп келген.

Анткени, Латвиялык олигарх Валерий Белоконьго тиешелүү болгон “Манас” жана “Азия Универсал Банкы” бул жерде чоң роль ойногон.

 2010-жылдан кийин өзбек каражаттары Кыргызстанга багытталып, башка жолдор менен ташыла баштаган. Каражатты чыгарып кетүүчү кишилер дайындаган. Алардын бири Хамидов Спартак Мусинович болгон. Ал 2010-2016-жылдары Кыргызстанда жашаган. Анын негизги иши Өзбекстандын аткаминерлеринин каражаттарын алып, Кыргызстан аркылуу Россияга жөнөтүү болгон.

Жөнөтүү схемасы

Хамидов өзбек коррупционерлеринин акчасын чыгарууга макул болгон Кульбаев Мирлан жана Халилов Нурзат менен жакшы мамиледе болгон. Кульбаев жеке ишкер катары катталып, «Экс-Им Фуд» ЖЧКсын негиздеген.

 Бул адам “Манас” эл аралык аэропорту аркылуу Россияга 83 948 300 (сексен үч млн тогуз жүз кырк сегиз миң) доллар, 529 750 000 (беш жүз жыйырма тогуз млн. жети жүз элүү миң) рубль жана 581 300 (беш жүз сексен бир миң үч жүз) евро чыгарып кеткен.

Ага бул каражаттарды Спартак Хамидов берген. Кыргызстандын финансы министрлигинде билим берүү, илим жана маданият бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп турганда «Манас» эл аралык аэропорту аркылуу 104 467 400 (жүз төрт млн. төрт жүз алтымыш жети миң төрт жүз) доллар чыгарып кеткен. Ага да акчаны Хамидов берген.

Кыргызстандын финполициясы тарабынан Кульбаевге жана Халиловго карата кылмыш иштери козголгон. Иш сотко өткөн. Бирок кандайдыр бир себептер менен кылмыш иши Спартак Хамидовго козголгон эмес. Кылмыш иштеринде Хамидов Фархад, Фарид катары жазылуу.

Азырынча Кульбаев жана Халилов унчукпай келишет. Алар Хамидовдун артында тургандардан коркуп жаткан өңдүү. Бирок акылдуу жана куу адамдардын калкалоосунда турган Хамидовдун каражаттарды которуу боюнча байланыштары бар, бирок алар азырынча көлөкөдө калууда.

Айрым маалыматтарга ылайык, алар Бурханов Азиз Бахрулович – «Бишкек петролеумдун» вице-президенти, Бишкектеги «Бухара» ресторандар тармагынын ээси жана “Муза” ЖЧКСынын жетекчиси Мирталиб Мухамедзиев. Азиз Бурханов 2004-жылы Кыргызстанда өлтүрүлгөн “Рохат” пансионатынын ээси Бахруль Бурхановдун уулу.

 1991-жылы түзүлгөн «Муза» ЖЧКсы DHLдин Кыргызстандагы агенти деп келишет. 20 жылдан ашуун убакыт аралыгында компания жүк ташуучу компаниялардын лидери болуп келет.

 Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

эки + он эки =