Эл эмгектен эскерет: Садыркуловдун саясаттагы мектеби…

 

 Каганат.

      Бүгүн чыгаан саясатчы, мамлекеттик жана коомдук ишмер Медет Садыркулов тирүү болгондо 64 жашка чыкмак. Кыргыз саясатында артында из таштаган, канкор Бакиевдердин колунан ажал тапкан Медет Садыркуловдун өмүр жолу өзгөчө. Бүгүн белгилүү саясатчынын биз билген жана биз билбеген өмүр жолу тууралуу тууралуу кеп кылабыз.

     Саясатчылардын, мамлекеттик чиновниктердин арасында «Садыркуловдун кадры» деген түшүнүк жашайт. Бул чоӊ ишенимди пайда кылат. Алдыӊда чынында эле кесипкөй адис турганына алдын-ала ишеним артылат. Бийликке буту илээшкендер дагы, оппозицияда жүргөндөр дагы «Садыркуловдун кадры болсо тигиндей же мындай» деген ашыкча кептерди айтышпайт эмнегедир. Анткени, бийликтин жана ага каршы тараптын дагы тилин таап, ийге келтирип, акыл менен иш кылган ал учурдагы бирден-бир мыкты саясатчы болгондугун жакшы билишет. Мунун өзү саясаттагы Садыркуловдун мектебинен кабар берет.

         Медет Садыркулов саясатка кокусунан келип калгандардан бири эмес. Ал бардык тепкичтерди, бардык катмарды басып өткөн инсан. Анын тагдыр жолуна саресеп салып карасак, канчалык бай тажрыйбага ээ болгонун байкоого болот.

    Көрүнүктүү саясатчынын атасы канатташ казак элинин чапырашты уруусунан болсо, чоӊ атасы Өмүршай Садыркулов Сталиндик репрессияда атылган. Эне жагынан кадимки Дүр манаптын жээни. Келечектеги саясатчы Кеминдеги туулуп-өскөн айылындагы орто мектепти аяктагандан кийин Ильич атындагы асыл тукум мал заводунда жумушчу болуп иштеп баштап, 1977-жылы Кыргыз мамлекеттик уиниверситетинин тарых факультетин аяктаган. Ошол жылдары аталган факультетте жалаӊ кыргыздын каймактары окуганбы, кандай, айтор Медет Садыркулов менен кошо бүткөн Зайнидин Курманов, Чынара Жакыпова,   Аскар Салымбеков,   Бактыбек Бешимов, Кубатбек Байболовдорду калыӊ кыргыз тааный турганы белгилүү.

1977-жылдан 91-жылга чейин комсомол комитетинин секретары, окутуучу, аспирант, кийин кайра Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын окутуучусу, айтор Медет Садыркулов саясатка келгенге чейин бардык майда звенодогу кызматтарды аркалаган. 

 1989-1990-жылдары Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын парткомунун секретары болуп иштеп турганда Президенттик администрацияга референт кызматына чакырылып, бөлүм башчы, уюштуруу бөлүмүнүн башчысы сыяктуу кызматтарды аркалап, тажрыйбанын чоӊ мектебинен өткөн.1992-жылдан 96-жылга чейин Турцияда, Голландияда, Англияда, Польшада, Японияда мамлекеттик администрация, башкаруу, «Салык жана децентрализация», «Регионалдык өнүктүрүү» сыяктуу курстардан өткөн. Көрүнүп тургандай, учурдагы тачке түртүп жүрүп, Жогорку Кеӊешке келип отуруп калган айрым эл өкүлдөрүнөн, тааныш-билиштин аркасы менен кызматка келип алган чиновниктерден айырмаланып, Медет Садыркулов такшалуунун чоӊ мектебинде дасыккан. Анын акырында трагедиялуу аяктаган тагдырында мына ушул ашкере билим менен акылы роль ойногону жашыруун эмес.

Ал 1999-жылы өзү окуган университеттен экинчи жолу юрист кесибин алып, ага чейин Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук мамлекеттик администрациясын жетектөө менен районду республика боюнча социалдык-экономикалык көрсөткүчтөр  менен алдыга алып чыкканы белгилүү. Кыргызстандын салык кызматын түптөгөн Медет Садыркуловдун эмгегин кимдер билбейт. Эгемендик алган алгачкы жылдары финансы министринин биринчи орун басары болуп иштеп турганда аталган тармактын пайдубалын түптөп, кышын куйган.   

 1999-жылдан баштап, Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратын жетектеп, өзү ээлеген кызматтардагы бийик кесипкөйлүгү менен Кыргыз Республикасынын эгемендик жылдарындагы эӊ күчтүү саясый менеджер катары таанылган. 1999-2000-жылдары Эсеп палатасын жетектеп, жергиликтүү коомчулук боюнча Конгрессинин президенти, Президенттин коомдук башталыштагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча кеӊешчиси болуп дайындалган. Кийин дипломатиялык иштерди аркалады. Айтылуу Акаевдин мезгилинде анын мындай бийик тажрыйбасы, көрөгөч эмгеги менен саясый чөйрөдөн четтетилишин биринчи канайым менен келишпөөчүлүк болгондугун жакшы билгендер айтып келишет. Анткени, Медет Садыркулов мамлекеттик маанилүү маселелерди чечүүдөгү үй-бүлөлүк башткаруу менен келише алган эмес.

 Ал эми анын Курманбек Бакиевдин тушундагы тагдыры жана табышмактуу өлүмү көпчүлүккө дайын. Март окуясынан кийин мындай такшалган саясатчынын бийликте болушун каалабаган тараптар ага ойдон чыгарылган кылмыш ишин козгоп, катардан четтетүүнүн аракетин көрүшкөн. Мындай карөзгөйлүк ишке ашпагандан кийин ага саясатта алдыга жол ачылган. 

 2006-жылдан 2009-жылдарга чейин Президенттин жана Премьер-министрдин Аппарат башчысы, орун басары сыяктуу мамлекеттик жогорку кызматтарда иштеген.  Ошол жылдардын аралыгында Эрнест Акрамов, Галина Куликова, Алмаз Исманкулов, Орзубек Назаров, Искандер Гайпкулов, Жоомарт Оторбаев сыяктуу пикирлештери менен 1998-жылы өзү негиздеген «Моя страна» саясый партиясы менен иш алып тарып, анын төрагасы болгон.  

Кийин Коопсуздук Кеӊешинде мүчө болуп, өлкөнүн саясый туруктуулугун камсыз кылуу, улуттук коопсуздук сыяктуу орчундуу маселелерде салымын кошту. Криминал менен тамырлашкан Курманбек Бакиевдин бийлиги тушунда Медет Садыркуловдун мамлекеттин алдында өтөгөн эмгеги баа жеткис болгон. Анткени, тынным албаган саясый процесстерде бийлик менен дагы, оппозиция менен дагы теӊ ата сүйлөшкөн бирден-бир саясатчы Медет Садыркулов болгондугун саясатчылар танбайт.

Ал эми мамлекеттик башкаруу жаатында окумуштуу-саясат таануучу катарында эгер мамлекет башкарууну колдон чыгарса, демократиялык реформалардын келечеги жок экендигин мыкты билип, март окуяларынан кийин бошоӊдоп кеткен башкаруу системасын турукташтырууга болгон күчүн жумшаган.

Жаратылышынан тубаса саясатчы, башкаруу бийлигинин биринчи баскычтарынан бери тереӊ билген Медет Садыркуловдун Бакиевдердин үй-бүлөсү менен болгон мамилеси салкындап, акырында тагдыры аянычтуу өлүм менен аякташынын себеби ушунда болсо керек. Канкор бийликтин кандай аякташына көзү жеткен Медет Садыркулов тынымсыз каршылыктарга, эл оозунда айтылган «кесилген кулак менен манжага» карабай мамлекеттин бүтүндүгү, саясый туруктуулукту орнотуу, өлкөнүн келечеги үчүн акырына чейин күрөшүп келди. Курманбек Бакиевдин режимин кандай тагдыр күтүп турганын жакшы билгендиктен 2009-жылдын 8-январында өз каалоосу менен кызматтан кетип, аны кызматтан алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткан. Бирок, ага үлгүрбөй 13-мартта кайгылуу окуянын арты менен калкын таштап кете берди.

 Медет Садыркулов менен Сергей Слепченконун кайгылуу өлүмү жана    Курманбек Бакиев жана анын айланасындагылар туурасында арбын айтылды. Атайын китеп жарык көрүп, документалдык фильмдер тартылды. Ошондуктан кайра башынан кайталап отурууну кажети жок болсо керек. Эӊ негизги айта турган жагдай, эгемендик алган жылдардан бери Кыргызстанда мынчалык мамлекеттик деӊгээлде уюштурулган , масштабдуу жана канкор кылмыш иши катталган эмес эле. Мына ушунун өзү Медет Садыркуловдун Курманбек Бакиевдин криминалдык бийлигин кооптондурган саясатчы болгонун тастыктап турат. Медет Садыркуловдун бүгүнкү туулган күнүндө биз анынөмүр жолуна токтолууну туура көргөндүктөн, ажалдуу сапарга ашыкча токтолбой кое туралы. 

      Үч кыздын атасы Медет Чокановичтин элге калтырган өтөлгөлүү өмүр жолу унутулбайт. Саясый илимдердин кандидаты, Россия Федерациясынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча Академиясынын мүчө-корреспонденти, салык кызматынын 2-рангадагы кеӊешчиси, мамлекеттик кызматтын 1-класстагы кеӊешчиси, Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу элчиси, бир катар сыйлыктардын ээси, таасын саясатчы, татыктуу элдин уулу….

Айтор, аз өмүрдө Медет Садыркуловдун элине калтырган эмгегин жаза берсе ой түгөнбөйт .Ал тууралуу эскерген замандаштары дагы анын кесипкөйлөрдүн эки барак өмүр баянынан ким экендигин тааныган, тубаса элчи, саясатчы, адамгерчилиги бийик инсан катары эскеришет. Ал тууралуу замандаштарынын атайын эскерүү китеби дагы жарык көргөн.

 Жакын сааналашы,  анын шакирттеринин  бири — коомдук жана мамлекеттик ишмер Искандер Гайпкулов Садыркуловду  айтканынан кайтпаган өжөр жана күчтүү психолог катары эскерип, трагедиялуу өлүмүнө принципиалдуулугу да себепкер болгонун айтат. Медет Садыркуловду жакындан билген коомдук ишмерлер, саясатчылар дагы Искандер Гайпкуловдун айтканын тастыктап келишет.

 “Өлкөдөгү башкаруу курсунун кыйшайып бара жаткандыгын Бакиевге ачык айткан жайы бар. Садыркуловдун мындай кадамдарынан кийин кесилген кулак менен манжалар жибериле баштады. Президенттин бир туугандары күчөп, башкаруу ыкмасы өзгөрө баштагандыгын көргөн  соң, баш тартып, баса берди. Анын кийинки жасай турган кадамдарынан коркуп кеткен бийлик өрттөп жок кылды. Мындай трагедияга Медет Чокановичтин принципиалдуулугу, беттегенин бербегендиги да себепкер болду”, — деген Искандер Гайпкулов.

      Жыйынтыктап айтканда, кыргыз саясатындагы Медет Садыркуловдун мектеби деген ат менен калган, таасын саясатчы, тажрыйбалуу жетекчи, мамлекеттик жана коомдук ишмер Медет Садыркуловдун өмүр жолу кийинки муунга өрнөк. Айрыкча, тагдырын саясатка, мамлекеттик башкарууга арнагысы келген келечек ээлери анын мектебинен сабак алууга үлгүрбөсө дагы өтөлгөлүү өмүр жолун билүүсү керек  деген ойдобуз….

Булак: Каганат.

 

 

Бөлүшүү:

Пикир

он тогуз − 10 =