Иманалиев: “Убакыттын өтүшү менен Садыркулов сыяктуу адамдардын ордун толтура албасыбызды түшүнүүдөбүз. Ал мамлекетчил болчу”

1

Каганат.

 Медет Садыркулов- бул ысымдын кыргыз саясатында орду толгус. Убагында катардагы саясатчыларды мындай кой, өлкө башчыларын сестенткен бул инсандын көзү тирүү болгондо бүгүн 64 жашка чыкмак… Караңгы түн бул каргашалуу, кандуу окуяны, өзүнө сиңирип алгандан бери 8 жылдын жүзү карыды. Бирок, күнөөлүүлөр кармалып, кылмышкерлер жазасын алган жок. Кечээ Садыркуловду жок кылдык деп, анын өмүрүн уурдагандар, бул ысымды тарых барактарынан өчүрө алышкан жок! Ал бул жарыкчылыктан кеткени менен өлбөстүккө айланып кайтып келди. Мына ошол мүнөттөрдөн баштап анын экинчи өмүрү башталды…. Эми анын бул экинчи өмүрүн  эч ким тартып ала албайт…   

Мына ошондуктан “Kaganat.kg” сайты мамлекеттик, саясий ишмер Медет Садыркуловду  эскерүү үчүн замандаштарынын ой-толгоосуна кезек берүүнү чечтик.

***

Медет Чоканович Садыркулов. Кыскартып айтсак МЧС. Аны кандай гана аташкан жок: “серый кардинал”,  “интриган”, “мамлекетчил”, “Президенттин жетекчиси” деп да жүрүштү. Ал ата мекендик саясатта белгилүү фигура болду, жада калса эч кандай кызматта отурбаса дагы көптөгөн саясий жактан маанилүү процесстерге катышып турду.

* * *

…1995-жыл. Биз ал менен Президенттик Администрацияда таанышып калдык. Ал уюштуруучу бөлүмдүн башчысы болчу, ал эми мен референт элем. Сыртынан караганда ал өтө катаал адамдай көрүнчү. Кабыл алуу бөлмөсүндө дайыма адамдар көп болуп турчу эле. Жада калса башка бөлүмдүн башчылары дагы ага барышчу. Ал Администрациянын жетекчисинен кийин эле экинчи адам болчу. Өзүнө өтө көп жоопкерчилик алчу.

Эки палаталуу парламентке шайлоо болгондо парламенттин жаңы чакырылышына оппозиционерлер келишти. Администрация тарабынан муну өтө оор кабыл алышты. Күнөөлүүлөрдү издеп башташты. МЧС күнөөлүү болуп чыкты. Бөлүм башчысы катары ал аймактар менен иштешчү. Көп өтпөй ал Биринчи май районунун акими болуп шайланды. Бир жарым жыл ичинде район баардык көрсөткүчтөр боюнча республикада биринчи орунга чыкты. 

* * *

    …1996-жыл. Өкмөттүн жыйынында мугалимдерге пенсия жана айлык берүү маселеси каралып жатканы дагы деле эсимде. Сентябрь болуп калды, ал эми мугалимдер жайкы эмгек өргүүлөрүнүн акчаларын алыша элек экен. Эмнеге? Бюджетте каражат жок Эмнеге? Көрсө салыктарды чогултуу болгону 60% аткарылыптыр. Салык кызматынын жетекчисин тезинен алмаштыруу керек болду. Медета Чокановичтин талапкерлигине токтошту. Жаңылышкан жок. 1998-жылдын аягында салык чогултуу 97% болду. Жыйынтык фантастикалык болду деп айтсак болот.

Өкмөттүн 1998-жылдын жыйынтыгын чыгарган жыйынында А.Акаев М. Садыркуловдун салымын өзгөчө белгиледи: “Жыл жыйынтыгы менен жалгыз мыкты көрсөткүч-бул салыктарды чогултуу. Бул өкмөттүн эмес, М.Садыркуловдун эмгеги”.

Мындан кийин М. Садыркулов жакында премьер-министр болот деген макалалар пайда болду.

* * *

    …1999-жыл. Аны өкмөт башчы кызматына эмес, Президенттик Аппараттын жетекчиси кылып дайындашты. Бул Президенттин шайлоо кампаниясына болгон даярдыктын

башталышы болчу. Бирок Баткен окуялары болуп кетти. Күн сайын жыйналыш болуп турду. Биздин жоокерлер жана генералдар мындай абалга даяр эмес экенин өз көзүбүз менен көрдүк. Бул биздин аскерлердин өмүрү болчу. Бирок япониялык геологдор жана туткунга алынган генерал бошотулду. Чек ара аймагына өзгөчө көңүл буруу үчүн өзгөчө статус берилди, Баткен облусу түзүлдү. Буга да МЧСтин салымы зор.

Көрсө МЧС жайында жумушу менен катар эле президенттин шайлоо алдындагы документин жазып жатыптыр. Күзүндө аны берерден мурда өз кабинетинде мага берип, окутту. Бир дем менен окуп чыктым. Ал жакта мамлекет башчысын сындаган учурлар да бар экен, ал президент үй-бүлөсүнүн, өзгөчө жубайынын активдүүлүгүн азайтуу керектигин жазыптыр. Бул маселе коомчулук тарабынан дайыма начар кабыл алынып келгендиктен катты Президентке оңдоосуз киргизүүнү туура көрдүк. Андан соң пауза болду.

Бир нече убакыттан соң МЧСке башка кызматка кетүүнү сунушташты. Өз каалоом менен ал менен бирге мен дагы жумушумдан кеттим.

* * *

    …2002-жыл. Ал Иранда элчи болчу. Биз телефон аркылуу байланышып турчубуз. Жада калса менин шайлоо округумда болгон Арча-Бешик жаңы конушунда мектеп курууга грант тапкан.  Аксы окуяларынын алгачкы күндөрү ал мага түндө чалды. Нааразы болгон үн менен абал тууралуу ар түрдүү суроолорду берди. Акырында: “Биздин тарыхта биринчи жолу кан төгүлдү. Адекваттуу чараларды кабыл албаса, бул жаман бүтүшү мүмкүн…”-деди.

Ал туура айтыптыр.

* * *

    …2005-жыл. Март төңкөрүшүнөн кийин финансисттерге, алардын ичинен МЧСке дагы кылмыш иши козголду. Ага айып тагылды. Прокуратура 12 жылга камап, мүлкүн конфискациялоону сурады. Өкүмдү угузар күнү моралдык жактан колдоо үчүн мен дагы сот залына келдим. Зал толуп калыптыр. Анын тарапташтары тепкичтерде дагы турушту. Ал эми сот актоо өкүмүн окуп жатты.

Адамдар туруп алышып кол чаап, куттуктап жатышты, жада калса бирөө сүйүнгөнүнөн: “Эң адилеттүү Биринчи Май райондук соту!” деп да кыйкырып жиберди. Ал жакта анын туугандары жана достору гана эмес, илимдин, маданияттын, медицинанын белгилүү өкүлдөрү да бар болчу. Ал интеллигенция менен дайыма өзгөчө мамиледе болчу.

* * *

    …2006-жыл. Ал К.Бакиевдин командасында, ал эми мен оппозиция менен. Эки жээкте болуп калдык. Бирок бири-бирибизге сый мамиле кылчубуз. Телефон чалышып, жолугушуп турчубуз жана ал дайыма бийликке революция жолу менен келген президенттин жоопкерчилиги эки эсе болоруна мени ишендирүүгө аракет кылчу. Ал бийликке келген, бирок мамлекетти башкарууда эч кандай тажрыйбасы жок псевдореволюционерлерден арылуу керектигин айтчу. Ошондуктан жардам берүү керек. Мамлекеттүүлүктү жана бийликти бекемдөө зарыл.

Ооба, ал кийин тагдыры кандай болорун билбей ошол режимге чын жүрөгүнөн жардам берген.

* * *

    …2009-жыл. Президенттин Администрациясынын жетекчиси кызматынан кеткенден кийин ал менин кеңсеме келди. Биз көп сүйлөшчүбүз. Лыжа тепчүбүз. Ал бирөөнү каралоону жаман көрчү. Бакиевчилер тууралу жөн гана: “Мен аларды беш колумдай билем, алар өлкө тууралуу такыр ойлошпойт. Бирок жакында алар жок болот”-деген. Ал өзүнө ишенимдүү айткан.

Каза болоруна 3 күн калганда ал мага улуттун маданиятынын өнүгүүсү тууралуу бир китеп көрсөтүп, мага окуганга берерин айткан. Ошондой эле: “Жакында бийликти алмаштыруу программасынын долбоору даяр болот. Бир-эки айдан кийин баштайбыз”-деген.

Бирок тилекке каршы…Аны өлтүрүп кетишти. Башка жол менен аны жеңе алышкан жок.

Медет Чоканович агым менен кетпей, аны өзү түзгөн саясатчы болчу.

* * *

    …2010-жыл. Убакыттын өтүшү менен Медет Садыркулов сыяктуу адамдардын ордун толтура албасыбызды түшүнүүдөбүз. Ал мамлекетчил болчу.

Ал баардыгындай эле идеалдуу болгон эмес. Бирок ал идея адамы болчу.

Ал биздин кичинекей өлкө өнүккөн жарандык коому бар заманбап өлкө болот деп кыялданчу. Аткаминерлердин башаламандыгынан, коррупциядан, адилетсиздиктен жана мыйзамсыздыктан арылган эркин мамлекет болот дечү.

МЧС өтө көп нерсе билчү жана чындык үчүн коркунучту дагы аттап өтчү. Ал эми мындай эрк баарына эле берилген эмес. Ал режимдин кылмышын ачык эле ачууга даярданып жаткан жана корккон эмес. Ошондуктан андан коркушту. Ошондуктан аны өлтүрүштү. Бирок мамлекетти жок кылуу башталганын көргөн чынчыл адамдар унчукпай отура алышпайт.

Укук коргоо органдары тыкыр жана объективдүү иликтөөлөрү керек. Бул анын үй-бүлөсүүчүн гана эмес, Кыргызстандын келечеги үчүн маанилүү. Ал өлкөсү үчүн жан берди. Ал багынбас болуп кетти. Ал биздин эсибизде багынбас бойдон калат. Ал мамлекетчил катары позициясын өзгөрткөн жок жана бул анын жашоосуна тете болду. Бирок ал өмүрүн бергени менен позициясынан тайган жок.

Каныбек Иманалиев

Булак: Каганат.

Бөлүшүү:

1 комментарий

  1. Рысбеков жыргыл. 14 December, 2017 at 13:30 Жооп берүү

    Абдан жакшы киши эле мыкты мамлекетчил ишмер,адамкерчилиги жогору кыргыз элинин чыгаан улуу эле.

Пикир

төрт × бир =