Мамлекеттик айыптоочу Шыкмаматовду 8 жылга эркинен ажыратууну суранды

0

Каганат.

Бүгүн,13-декабрда Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматовго козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум болууда. Анын жүрүшүндө тараптар  жарыш сөздөрүн айтышты.

Мамлекеттик айыптоочу Шыкмаматовду 8 жылга эркинен ажыратып, мүлкүн конфискациялоону суранды.  Ошондой эле Эсептөө палатасынын мурдагы аудитору Жусуп Иманалиевди 9 жылга жана Али Юкселди 8 жылга эркинен ажыратууну жана алардын да мүлктөрүн конфискациялоону өтүндү.

Эске сала кетсек, Шыкмаматовго карата Кылмыш кодексинин “коррупция” беренеси боюнча кылмыш иши  козголгон.

Депутат 2011-жылы Эсептөө палатасынын аудитору болуп турган кезде өз аялына таандык «Мерседес-Бенц» Е320 үлгүсүндөгү автоунаасын 14 600 долларга тендер аркылуу Эсептөө палатасына сатып алууга аралашкан деп айыпталууда.

Ал учурда бул унаанын базар баасы 10 миң доллар гана болгонун белгилешкен укук коргоо органдары.

Шыкмаматов болсо күнөөсү жок экенин айтып келет.

Депутат менен бирге эсептөө палатасынын мурдагы аудитору Жусуп Иманалиев, тендерди уткан “Барат Люкс” ишканасынын директору Али Юксел да айыпталышууда.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

беш × бир =