Ала-Тоо аянтында жаңы-жылдык кечени уюштурган режиссерго 3,3 миллион сом төлөнөт

Каганат.

Бишкек Ала-Тоо аянтында жаңы-жылдык кечени уюштурган режиссерго 3,3 миллион сом төлөп берет. Бул тууралуу жарыя мамлекеттик сатып алуу порталында жарыяланды.

Ордо калаанын Маданият башкармалыгы үч жаңы-жылдык кечени даярдоого режиссердун кызматына тендер жарыялады. Ал 15-декабрда балаты жандырып, 31-декабрда эртең мененки жана кечки иш чараларды уюштуруп бериши керек.

Ошондой эле иш чаралар концерттик жана театралдык программа менен коштолушу зарыл.

Булак:Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

бир + он жети =