Кыргыз режиссерлору тарткан тасмалардын мазмуну көзөмөлгө алынат

Каганат.

Жогорку Кеӊеште кинематографиялык чыгармалардын мазмунуна көзөмөлдү күчөтүүгө жана мыйзамдагы карамакаршылыктарды жоюуга багытталган «Кыргыз  Республикасынын  кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Мыйзам долбоорунун демилгечиси – Өкмөт.

Мыйзамдын 5-беренесинин 2-абзацына ылайык, аудиовизуалдык чыгармаларды цензурадан өткөрүүгө жол берилбейт. Ошону менен бирге, анын 6-беренесине ылайык, учурдагы конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө, мамлекеттин эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн бузууга чакырган; согушка, зомбулукка жана ырайымсыздыкка үгүттөгөн; улуттук, этностук, рассалык, социалдык, диний кастыкты тутандырууга багытталган; улуттук же тектик артыкчылык, сабырсыздык жөнүндө, ошондой эле порнографиялык мазмуундагы сценаларды фильмге киргизүүгө жол берилбейт.

Ошондон улам, мындай карама-каршылыктарды жоюу максатында, «Аудиовизуалдык чыгармаларды цензурадан өткөрүүгө» деген сөздөрүнөн кийин «ушул мыйзамдын 6-беренесинде каралгандан башка учурларда» деген сөздөр менен толуктоо сунушталууда.

Бөлүшүү:

Пикир

18 − 13 =