Эми мамлекеттик эмес жумушта иштегендерге дагы ипотекалык насыя берилет

Каганат.

2018-жылдан тарта мамлекеттик жумушта иштебегендерге дагы ипотекалык насыя берилип баштайт. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык ишканасы билдирди.

Маалыматка ылайык, насыя мамлекеттик жумушта иштебегендерге 12-15 пайыз менен 15 жылга берилет. Ал эми мамлекеттик мекемелерде иштегендерге 8-10 пайыз.

Насыя алчу жарандын жашы 21 жаштан 65 жашка чейин болуусу керек жана анын кирешеси балдарынын санына жараша 250 евродон 450 еврого чейин болуусу зарыл. Ошондой эле турак-жайы жок болуусу керек.

Насыя Бишкек жана Ош шаарынан башка жерде үй салууга же сатып алууга гана берилет.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

2 × 2 =