Кесилген колбаса менен сырдан “күчүк” жасайбыз

0

Каганат.

2018-жыл – ит жылы болгондуктан дасторконго колбаса менен сырды кесип коюуда күчүктүн келбетине окшоштуруп койсок тасмалдын ажары ачылат.

Керектелүүчү азыктар:

Колбаса салями – 100 г

Башка түстөгү колбаса – 100 г

Доктор колбасасы – 100 г

Сыр (квадрат) – 100 г

Кооздоо үчүн:

Зайтун – 2 даана

Жумуртка -1 жумуртканын ½ бөлүгү

Болгар калемпири – 1 кесим

Укроп – 1 тал

Салат – 1 даана

Көк пияз – 2 тал

Консерваланган жүгөрү – 6 даана

1. Керектүү азыктардын баарын кесип алабыз.

2. Тарелкага доктор колбасасынын бир кесимин сүрөттөгүдөй кылып коебуз. Бул “күчүктүн башы” болот.

3. Капталдарына салями колбасасын коебуз – булар “күчүктүн кулагы” болот.

4. Сырдан “күчүктүн жаагын” кесип алабыз.

5. Сырды баштан кийин сүрөттөгүдөй кылып тизебиз.

6. Эми кезек “көзгө” жетти. Сууга бышырылган жумуртканын агынан тегерек кылып кесип алып, “баштын” ортосуна жайгаштырабыз.

7. 2 зайтунду ортосунан кесип, жумуртканын агынын үстүнө коюп “карек” жасайбыз.

8. Зайтундун экинчи жарымынан “күчүктүн мурдун” жасайбыз.

9. Болгар калемпирин үч бурчтук кылып кесип, сырдын ылдый жагына коебуз. Бул “күчүктүн тили”.

10. Жуулган салат жалбырагын эң жогору жакка коебуз.

11. Калган сыр, колбасаларды “күчүктүн” айланасына тизебиз дагы. Аны укроп, көк пияз, жүгөрү менен кооздоп коебуз.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

сегиз + он төрт =