ОБОН-2017: Акаевди жумуртка менен ургулаткан Эринес элчи

Каганат.

«ОБОН» деген ат менен белгилүү болгон катмардын карааны көрүнбөй калган эле. Жылдын акырында кайрадан пайда болду. Болгондо дагы  эл аралык мамилени жөнгө сала турган, эӊ маданияттуу деп эсептелген элчилик тарабынан уюштурулду. Тагыраагы, бир жагдай болбогондо бул тууралуу эл деле билбей калмак. Эмнеси болсо дагы уят эле иш болду.

       Өткөн жумада Кыргызстандын туӊгуч президенти Аскар Акаевдин Германиядагы жердештери менен жолугушуусунда ага жумуртка ыргытылган окуя коомчулуктун кызуу талкуусуна кабылган.

Аз өтпөй эле мындай чагымчыл аракетти «Кыргызстандын Германиядагы элчилиги уюштурган»-деген маалымат тараган. Бул жумада маалымат тастыкталып, элчилик же актана албай же мактана албай ыӊгайсыз абалда калды. Туӊгуч президентти жумуртка менен ургулаган жигиттин ким экендигин таап чыккан тараптар, калган жагдайларды дагы ачыкташты.

    Буга чейин сыртта жашаган журналист Адилет Айтикеев «Кыргызстандын Германиядагы элчиси Эринес Оторбаев Берлиндеги Акаев менен жолугушууда Элчиликтин кызматкерлерин жана өзүнүн жубайын Акаевди жумуртка менен урдуруу операциясына мобилизация кылганы далилденди»-деп жазып чыккан эле.  

   Бүгүн жарандык активист Адил Турдукулов бул тууралуу жазып, тасмасын жарыялап, бийликке кошомат кылам дегендер биздин дипломатиялык өкүлчүлугубүзду уят кылганын белгиледи. Тасмада чын эле элчинин жубайын, элчиликтин кызматкерлерин көрүүгө болот.  Адил Турдукулов видеодогу адамдарды жакшы тааный турганын айтып:

«Бул иш Кыргызстандын Германиядагы элчисинин жеке демилгеси деп эсептебейт элем. Буйрук Бишкектен берилген»,-дейт. Жарандык активист  мурда бул тармакта иштеп кеткен адам катары Дооронбек Садырбаев айткан “ОБОНдор” дипломатиялык корпуска чейин жеткенине нааразы.

Албетте, нааразылык билдирүү Европада катардагы көрүнүш, калп айтпасак, жумуртка ыргыткан «өнөр» деле ошолордоп ооп, бизге келсе керек эле. Бирок, өзүн сыйлаган демократиялуу коомдо элчиликтин мындай иштерге аралашуусу чоӊ чатак менен коштолуп, жок дегенде кызматтан алынмак. Ал эми тышкы иштер министрлиги бул тууралуу үн каткан жери жок. Эл аралык дипломатиялык эрежелерди жана мыйзамды одоно бузуу менен коштолгон бул окуя тууралуу кыргыз бийлиги дагы ооз ачкан жок. Демек, «буйрук Бишкектен берилгенби» деген божомол чындыкка жакындашып бара жаткандай.

«СССРди эӊсеген адамдын мээси жок, эстебеген адамдын акылы жок» дегендей  бүгүнкү аткаминерлердин кошоматчылары Аскар Акаевди канчалык жаман көрбосүн  менен анын шинелинен чыккандар бүгүн кыргыз бийлигинде отурганын да эске ала жүргөндөрү оң.  Алты жыл арманын айтып бүтө албаган Алмазбек Атамбаев дагы, сырттан соттолгон Курманбек Бакиев дагы, учурдагы атка минээрлердин жетимиш пайызы Аскар Акаевдин кадрлары. Ал эми баса белгилей кетчүү жагдай, элчи Эринес Оторбаев Аскар Акаевдин тушунда президенттик администрацияда иштеген экен.

         Эмнеси болсо дагы, Кыргызстандын Германиядагы элчиси жыл жыйынтыгы менен «ОБОНчу» деген атка ээ болгону калды. Кыргыз жарандарын коргойт деген элчибиздин көрөр көзү, кызматкерлери  баш болуп, коргомок тургай кордоп атса, мындай элчинин кимге кереги бар? Коомчулукта дагы ТИМ бул нерсеге кайдыгер карабай, Эринес Оторбаевге чара көрүүсү зарыл деген пикир басымдуу.

Булак: Каганат.

 

 

Бөлүшүү:

Пикир

20 − 6 =