Бишкекте акын Алыкул Осмоновго арналган жолугушуу өтөт

0

Каганат.

Бишкек мэриясынан билдиришкендей, Бишкекте акын Алыкул Осмоновго арналган жолугушуу өтөт.  

Маалым болгондой, акынды эскерүү-жолугушуусу 20-декабрь күнү саат 10:00дө Токтогул атындагы адабият жана искусство музейинде өтөт. Ага Осмонов атындагы сыйлыктын лауреаттары, маданиятка эмгек сиңирген ишмерлер, журналисттер жана студенттер катышат.

Алыкул Осмонов — Панфилов районундагы Каптал-Арык айылында 1915-жылы кедейдин үй-бүлөсүндө туулган. Ал жаш кезинен эле ата-энесинен ажырап жетимдиктин азабын да, турмуштун кыйынчылыктарын да башынан өткөрөт.

1935-1950-жылдардын аралыгында ал ондон ашуун ыр китептин ээси болгон. «Таңдагы ырлар», «Жылдыздуу жаштык», «Чолпонстан», «Махабат», «Жаңы ырлар», «Менин жерим — ырдын жери» деген жыйнактары жарык көргөн. «Мой дом» аттуу ырлар жыйнагы 1950-жылы Москвадан орус тилинде басылып чыккан. Бул китеп жалпы союздук окурмандар тарабынан жылуу кабыл алынып, акындын атагын алыска тараткан. Алыкул Осмонов эң мыкты котормочу да болгон. 

Булак :Каганат.

 

Бөлүшүү:

Пикир

10 + он сегиз =