Чүйдө «Хизб-ут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмдун мүчөсү кармалды

Каганат.

14-декабрда ИИМдин жана УКМКнын кызматкерлери биргеликте “Экстремисттик жана террористтик уюмдардын белгилерин билип туруп колдонуу, экстремисттик материалдарды даярдоо, алуу, сактоо, жайылтуу, ташуу” беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында тинтүү жүрдү.

Укук коргоо кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарында, Чүй жана Ысык-Көл облустарында жашаган «Хизб ут-Тахрир» экстремисттик уюмдарынын 11 мүчөлөрүнүн жашаган жерлери текшерилди.  

Анын натыйжасында көп сандаган экстремисттик китептер табылды.

Ошондой эле 1982-жылы туулган Ош облусунун тургуну кармалган. Ал учурда ЖАМКнын убактылуу кармоочу жайына камалганын ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

үч × төрт =