Эртең “Манас” эпосунун CD жана DVD дисктеринин бет ачар аземи болот

0

Каганат.

Эртең, 19-декабрда манасчы Камиль Мамадалиевдин айтуусунда “Манас” эпосунун CD жана DVD дисктеринин бет ачаар аземи болуп өтөт. Бул тууралуу Кыргызпатенттин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чара Октябрь кинотеатрында саат 14:00дө башталмакчы.

“Бул тасма “Манас” эпосунун гумандуу идеяларын кеңири жайылтуу, анын жаш муундарды руханий тарбиялоодогу жана кыргыз элинин биримдигин бекемдөөдөгү жогорку ролун эске алуу менен Кыргыз Республикасынын оозеки жана материалдык эмес маданий мурастарын коргоону, жайылтууну жана изилдөөнү камсыз кылуу иретинде, “Манас” эпосун жана кичи эпосторду кеңири жайылтуу жана пропагандалоо максатында Кыргызпатент тарабынан тартылган”,-деп жазылат маалыматта.

Эске сала кетсек, улуттук программаны ишке ашыруунун алкагында Кыргызпатент тарабынан 2012-жылы – Талантаалы Бакчиевдин айтуусундагы, 2013-жылы Рысбай Исаковдун айтуусундагы, 2014-жылы Замирбек Баялиновдун айтуусундагы, 2015-жылы Дөөлөт Сыдыковдун айтуусундагы, 2016-жылы Самат Көчөрбаевдин айтуусундагы дисктер чыгарылган. Бул жылы манасчы Камиль Мамадалиевдин айтуусундагы дисктер жарык көрдү.

Жыл сайын дисктер 3000 топтомдо (1 топтомдо 1 СD жана 1 DVD-диск) нускаланат. CD жана DVD дисктер Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине өткөрүлүп берилип ал жактан жети облустун китепканаларына жана окуу жайларына таратылып берилет.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

беш × төрт =