«Пирамида» телеканалынын жетекчиси Нурзада Токтогулова кызматтан кетти

Каганат.

«Пирамида» телеканалынын жетекчиси Нурзада Токтогулова кызматтан кетти. Бул тууралуу ал массалык маалымат каражаттарына билдирди. 

 Эскерте кетсек, кечээ эле депутаттар аталган телеканалды Жогорку Кеңештин карамагына өткөрүү сунушун талкуулашты. «Пирамиданын» 100 пайыз акциясы мамлекетке тийиштүү.

Өткөн апта аягында «Бешинчи каналдын» башкы директору Евгения Бердникова, башкы редактору Дмитрий Ложников жумуштан кетүү арызын жазышкан. Айрым маалыматтарга караганда, «Бешинчи каналдын» бир топ кызматкерлери башка телеканалга өтүшүүдө.

   Азырныча “Пирамида” каналын  ким жетектээри белгисиз.

Булак:Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

2 + 11 =