Кыргызстан демократиянын эмес, кылмышка шектүүлөрдүн жана соттолгондордун өлкөсүнө айланды

0

Каганат.


Демократиянын «терисин» жамынган Кыргызстанда бүгүн баары башкача. Майда-барат кылмыш кылып, сот жообуна тартылгандарды мындай коелу, кылмыш иши козголуп жана сотттолгон саясатчылар арбыды. Тактап айтканда, Кыргызстан демократиянын эмес, кылмышка шектүүлөрдүн жана соттолгондордун өлкөсүнө айланды. А түгүл коомчулук дагы көнө түшкөнбү, бир аз убакыт кеп кылып, тиричилигин токтотпой, минтип жаӊы жылдын босогосунда турабыз.

    Кыргызстан эгемендик алган жылдардан бери мынчалык баш-аламан жана эӊ негизгиси Баш мыйзам тебеленген учур катталган эмес. Жарандардын укугун жана эркиндигин тебелеп-тепсөө учурдагыдай абалды баштан өткөрүп көрө элек эле.

     Кечээ саясатчы Өмүрбек Бабановго тиешелүү делген НТС каналы жабылып, коомчулуктун талкуусуна кабылып турат. Ал эми каналдын ээси Өмүрбек Бабанов өзү «мунун рейдерлик басып алуу»  деп ийинин куушуруп, бүгүнкү күндө каналдын канчалаган журналисттери ишсиз калып, укугу тебеленип турат.

 Сөз эркиндигин тебелеген бул окуя учурда  катары менен саясатчыларга чыккан сот өкүмдөрүнүн бүктөөсүндө калды көрүнөт. Аткени, буга чейин коррупция менен айыпталган «Ата Мекен» партиясынын учурдагы лидери Алмамбет Шыкмаматовго өкүм чыгып, 5 миллион сомго айыпка жыгылса,  Октябрь райондук соту экс-депутат  Карганбек Самаков катаал тартипте 10 жылга эркинен ажыратуу туурасында өкүм чыгарды. 

Кызыгы, ушул эле аралыкта   Эл аралык полиция уюму (Интерпол) издөөгө алган кыргызстандыктардын 13 эсеге азайып кеткен. Бир жыл мурда эле алардын саны 160га жеткендин аныкталган. Бирок, жарымынан көбү экономикалык кылмыштарга айыпталган Интерполдун тизмесинде бүгүнкү күндө 12 эле кыргызстандык калган. Болгондо дагы сыртынан өмүр бою соттолгон Курманбек Бакиев жана анын үй-бүлөсү аталган тизмеден өчүрүлгөн. Мына ушунун өзү эле өлкөдөгү укуктук баш-аламандыктын чегине жетмек түгүл, ашып кеткенинен кабар берет.

Кылмыш иши козголуп же соттолгон саясатчыларды тизмектеп көрөлү. Албетте, алардын саны арбын болгондуктан бардыгын батырууга мүмкүн эмес. Кыргыз бийлиги өздөрүнүн тарапташтарын актоо аракетин көргөндүктөн, толугу менен мунун бардыгын саясый куугунтук деп гана атоого негиз бар.

  Экс-депутат Садыр Жапаров кыргыз-казак чек арасынан өтүп жатканда УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалып, камакка алынган  Ал 2013-жылы октябрда болгон митинг учурунда Эмилбек Каптагаевди барымтага алууну уюштурууга тиешеси бар деп 11 жыл 6 айга кесилген.  Эмилбек Каптагаевдин «доом жок» деген билдирүүсү дагы эске алынбаган саясатчы Президенттик шайлоодон четтетилген. Бишкектеги №1 тергөө абагынан Молдовановкадагы катуу тартиптеги абакка которулуп, 2028-жылга чейин абактан чыкпай турганын   Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы маалымдаган.

 Оппозициячыл экс-депутат Өмүрбек Текебаев менен мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөн Чотонов   мыйзамсыз сегиз жылга эркинен ажыратылган. Өмүрбек Текебаев   «…”Альфа Телеком” компаниясын Леонид Маевский аттуу россиялык атактуу шылуундун пайдасына чечип берүү үчүн 1 миллион доллар пара алган» деп негизсиз айыпталган. Бул кылмыш ишинин кандайча башталып жана кандайча аяктагандыгын коомчулук жакшы билет.  Аталган каражат мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөн Чотонов дагы мына ушул күбөлөрү жана жабырлануучулары так эмес кылмыш иши менен айыпталган. 

Бийликтин «кекиртегине» тыгылган дагы бир саясатчы бар. Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов шаарды аралап өтчү асма көпүрөнү салууда коррупциялык иштерге барган деп табылып, Ош облустук соту шаардык соттун өкүмүн күчүндө калтыруу чечимин чыгарган. Сот мурдагы мэрди сыртынан жети жылга эркинен ажыратып   үй-мүлкүн конфискациялаган. Коомчулук бүгүнкү күндө экс-мэрдин мыйзам алдында ак экендигин жакшы билишет.

Ал эми «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган» деп айып тагылган эл өкүлү Аида Салянова күчөтүлгөн тартипте негизсиз соттолуп, кичинекей кызы 14 жашка чыкканда сот күчүнө кире тургандыгы боюнча сот өкүмү чыккан.   

Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Нариман Түлеев 2012-жылы буга чейин мэрлик кызматты аркалап турган учурунда коррупцияга барган деп шектелип кармалган.

Ага карата 2008-жылы Кытайдан жүргүнчү ташыган автобустарды сатып алууда жана 200 миллион сомдук муниципалдык облигацияларды чыгарууда мыйзамсыз аракеттерге барганы үчүн кылмыш иши козголгон. 2013-жылы Ленин райондук соту анын мүлкүн конфискациялоо менен 11 жылга эркинен ажыраткан. 2014-жылдын декабрь айында Бишкек шаардык соту мурунку инстанциянын чечимин күчүндө калтырган. Бир жылдан кийин Жогорку соттун коллегиясы да эки соттун өкүмүн туура деп тапкан. Анткен менен экс-мэр мунапыска дал келип, мамлекеттик казынага 60 миллион сом төлөө менен 2016-жылдын 7-майында эркиндикке чыккан.  

 Бийликти басып алууга аракеттенген деп айыпталган  мурдагы айыл чарба министри Бекболот Талгарбеков 14 жылга, мурдагы депутаттар Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асановду 12 жылга кесилип, күчөтүлгөн тартиптеги абакта жаза өтөмөй болушкан. Ал эми экс-мамкатчы Дастан Сарыгулов төрт жылга шарттуу түрдө кесилген.  

 Кылмыш иши козголгон саясатчылардын катарында Акматбек Келдибеков, Райкан Төлөгөнов сыяктуу бир катар саясатчылар бар. Аларга козголгон кылмыш иштери тууралуу жаза берсе кагаз түтчүдөй эмес.

 Ал эми учурда  Жогорку Кеңештин дагы бир депутаты Канат Исаев учурда убактылуу кармоочу жайда жатат. Ал массалык башаламандык уюштурууга жана бийликти күч менен басып алууга даярдык көргөн деп айыпталууда. 25-ноябрда 1-Май райондук соту Исаевдин ишин кайрадан карап, аны дагы эки айга камакка калтыруу  чечимин чыгарган.

  Өмүрбек Бабановго болсо конституциялык түзүмдү күч менен басып алууга чакырык жасоо жана улуттар аралык, расалык же диний кастыкты козутуу беренелери боюнча кылмыш иши козголгон, сыртта жүргөн саясатчынын НТС каналы жогоруда айтылгандай жабылууга дуушар болду.

 
Албетте, кыргыз бийлиги «кожо көрсүн» дегендей, өз тарапташтарына дагы анда-санда кылмыш ишин козгоп койгону менен аларды актап,  кыскартып, такыр болбой баратса унуткарып келет.  Президенттин аппараттын мурдагы  жетекчиси Данияр Нарымбаев пара талап кылган деп айыпталып, аны менен кошо камалган Коркмазов 1,5 жылга Нарымбаев үч жылга  эркинен ажыратылган  Бирок Коркмазов 10 айдан ашуун убактылуу кармоочу жайда отургандыктан, жаза мөөнөтү бүттү деп эркиндикке чыккан.  Ал эми өткөн жылдын этегинде 1-Май райондук соту  абактагы үлгүлүү жүрүш-турушу үчүн деп Данияр Нарымбаевди мөөнөтүнөн мурда камактан бошоткон.   

  Бишкек шаарынын мурдагы мэри Иса Өмүркулов жер тилкелерин мыйзамсыз өзүмдүк кылып алгандыгы үчүн кылмыш иши козголгон. Бирок, Атамбаевдин жакындарынын бири болуп саналган Иса Өмүркулов соттон акталган. Ушул жылдын феврель айында башкы прокуратура Жогорку Кеңештин депутаты Музаффар Исаковго “коррупция” беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Депутат Сузак районундагы Таш-Булак айыл өкмөтүндө иштеп турган кезинде, 2010-2015-жылдар аралыгында мыйзамсыз   токтом чыгарган деп айыпталган, бирок аталган кылмыш иши кыймылдаган жери жок. Бийликтин «чачпагын» көтөргөн «Бир Бол» партиясынан Акылбек Жапаров менен Игорь Чудиновдун кылмыш иштери ара жолдо жатса, Аскар Акаевди Айга-Күгө теӊеп жүргөн дагы бир Кубанычбек Жумалиев аттуу депутаты экс-президент Алмазбек Атамбаевдин  атын жолго коелу деп коюп отурат.

     Кыскасы, кызыктын бары Кыргызстанда. Кыргыз бийлигине каршы чыксаӊ, кылмыш иши козголот же соттолосуӊ. Кошомат кылсаӊ, кызмат даяр же тынч жашай бересиӊ. «Кыргыз көчү уланат» деген ураандын астында Президентикке келген Сооронбай Жээнбековдон карапайым калк калыстыкты, адилеттүүлүктү күтүп турган эле. Ал эми анын тушунда НТСтин жабылышы, саясатчыларга деген өкүмдөрдүн «чагылгандай» тездик менен чыга башташы үмүткө суу сепчүдөй….

Булак:Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

12 + он =