Чынгыз Айтматовдун айкели Москва шаарына коюлат

0

 Каганат.

Залкар жазуучу Чынгыз Айтматовдун айкели Орусиянын борбору Москва шаарына коюлат. Жазуучунун эстелигин курууга уруксаат берген буйрукка Москванын мэри С.Собянин 21-декабрда кол койгон.  Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги билдирди.

Ч.Айтматовдун эстелиги Москва шаарынын Данилов районуна жазуучунун атын алып жүргөн гүлбакка коюлат, анын аянты эки гектардан ашык жерди ээлейт.

Эске сала кетсек, буга чейин Москва шаарынын думасы Кыргыз элчилигинин кайрылуусу боюнча Чыңгыз Айтматовдун эстелигин шаардын монументалдык-декорациялык көркөм чыгармалар тизмесине киргизүү боюнча токтом кабыл алган.

Ч.Айтматовдун айкелин орнотуу жазуучунун 90 жылдык мааракесин утурлай ишке ашырылмакчы.

Булак:Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

эки × 4 =