Камчы Көлбаев АКШнын «кара тизмесинде»

Каганат.

АКШнын Каржы министрлигинин каршы санкциясына Камчы Көлбаев да кирди.

Камчы Көлбаевден сырткары тизмеге кирген “мыйзамдагы уурулардын” катарында Захарий Калашов (Орусия), Юрий Пичугин (Пичуга, Орусия), Рубен Татулян (Робсон, Орусия), Алимжан Тохтахунов (Тайванчик, Орусия), Владимир Тюрин (Тюрик, Орусия), Василий Христофоров (Вася Воскрес, Орусия), Лаша Шушанашвили (Лаша Толстый, Грузия), Владислав Леонтьев (Вадик Белый, Орусия), Гафур Рахимов (Гафур Седой, Өзбекстан) бар.

Булардын баары “чоң кылмыштарга катышкан” деп шектелип жатат. “Кара тизмеге” киргендердин АКШдагы активдери токтотулат, америкалык жарандарга булар менен бизнес жүргүзүүгө тыюу салынат.

АКШ 2012-жылы Камчы Көлбаевди дүйнөдөгү эң ири наркобарондордун тизмесине кошкон. Аны ошол жылы Дубайдын полициясы кармап, кайра коё берген.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

тогуз − бир =