Каганат.

ӨКМнин басма сөз кызматы билдиргендей, 26-28-декабрь аралыгында өлкөдө аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт.  

Маалым болгондой, 26-декабрда жаан жаап, карга айланышы мүмкүн. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо 27-28-декабрда мезгил-мезгили менен кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын каттуу жаашы күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышат. Унаа жолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү жаралат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 18-23 метрге жетет.

27-декабрда күндүз жана 28-29-декабрда абанын температурасы төмөндөйт.

Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -7…-12°, күндүз -1…-6° суук,

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -2…-7° суук, күндүз 0…5° жылуу;

Ысык-Көл ойдуңунда жана тоо этектеринде түнкүсүн -5…-10°, күндүз 0…-5° суук;

Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -15…-20°, күндүз -3…-8° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -25…-30°, күндүз -7…-12° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

Булак:Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

5 × үч =