Казакстанда Сооронбай Жээнбековду Казакстандын премьер-министринин орун басары тосуп алды

1

Каганат.

Бүгүн, 25-декабрда президент Сооронбай Жээнбеков расмий иш сапары менен Казакстанга барды.

 КРнын президенти Сооронбай Жээнбековду   Казакстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары Аскар Мамин,  тышкы иштер министринин орун басары Галымжан Койшыбаев, Астана шаарынын акиминин орун басары Аскар Амрин,  Казакстан Республикасындагы Кыргыз Республикасынын  иштери боюнча  убактылуу ишенимдүү өкүлү Кайнар Токтомушев тосуп алышты.

Сапардын алкагында Президент Сооронбай Жээнбековдун Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев менен тар жана кеңири  курамда жолугушуулары пландаштырылган. Анын жүрүшүндө эки өлкөнүн лидерлери эки тараптуу өз ара аракеттенишүүнүн жана ЕАЭБдин алкагында  кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулайт. Сапардын жыйынтыгы  менен  бир катар документтерге кол коюлат, Мамлекет башчылары  биргелешкен билдирүү кабыл алышат.

Расмий сапардын алкагында  Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун  Казакстан Республикасынын Премьер-министри Бакытжан Сагинтаев менен жолугушуусу  дагы болжолдонгон.

Булак:Каганат.

Бөлүшүү:

1 комментарий

  1. Керимбек 25 December, 2017 at 16:23 Жооп берүү

    Байкуш биздин Шалпыкты башка өйдөрөөк баскычтагы бирөө тосуп албаптырбы? Шал деги кабинетине киргизип сүйлөшөөр бекен, же премьер министри эле кайра узатып коёбу, жакшы бар эми деп.

Пикир

он төрт − 4 =