Мурдагы Коргоо министри Таалайбек Өмүралиевге 5 миллион сом айып салынып, генерал наамынан ажыратылды

0

Каганат.

Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдиргендей, мурдагы Коргоо министри Таалайбек Өмүралиевге 5 миллион сом айып салынып, генерал наамынан ажыратылды. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, экс-министр батирлерди туура эмес бөлүштүргөн деп айыпталууда. Биринчи май райондук соту тарабынан анын айыбы толугу менен далилденген.

Эске салсак, 2014-жылы Аскер прокуратурасы “Жал” кичирайонундагы батирлердин бөлүштүрүлүүсү боюнча текшерүү жургүзгөн. Анын жыйынтыгында кылмыш иши козголгон.

Булак:Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

төрт + беш =