“Сосновка” өткөрүү түйүнүндөгү унаа кыймылы жанданды

Каганат.

ӨКМнин басма сөз кызматы билдиргендей,  Бишкек – Ош трассасындагы “Сосновка” өткөрүү түйүнү аркылуу унаа кыймылы жанданды.

 Маалым болгондой, кечээ Бишкек – Ош жолунун 123-127 чакырымында кар жаап, трасса тайгак болгон. Натыйжада унаалардын тыгыны жаралган.

Жолчулар коопсуздук максатында постту чоң унаалар кыймылы үчүн жабышты.

Трассага тазаланып, кум себилгенден кийин бүгүн эртең менен жол ачылды.

Булак:Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

6 + 16 =