Тарых тактасында: Кыргыз урууларынын Кокон бийликтерине каршы күрөштөрү

Каганат.

167 жыл өмүр сүргөн Кокон хандыгында сандаган согуштар, кандуу кармаштар, төңкөрүштөр, көтөрүлүштөр, элдик кыймылдар болуп өткөн. Кыргыз урууларынын Кокон бийликтерине каршы толкундоолору көп учурда бийлик талашуу, тигил же бул чөлкөмдөргө бийлик жүргүзүү араздашуусу сыяктуу саясый күрөштөргө айкалышып кеткен. Ошентсе да бардык чыгуулардын түпкү себеби катары Кокон хандыгынын борбордук же жергиликтүү бийликтеринин элге каршы жек көрүндү саясаты болгондугун байкоо кыйын эмес.

            Кокон мамлекетинин Түндүк Кыргызстанды хандыкка бириктирген мезгилдин алгачкы жылдарынан баштап эле амирликке каршы толкундоолор башталган. 1821-жылы таластык кыргыздар казак уруулары менен бирдикте, Тентек-Төрөнүн жетекчилиги алдында ири көтөрүлүшкө чыккан. Көтөрүлүшчүлөр Чымкент, Сайрам шаарларын алууга жетишкен, бирок Тентек-Төрөнүн солгун жана келишкич аракеттеринин натыйжасында күрөш Кокон хандыгынын пайдасына чечилген. Экинчи бир кыймыл санжыраларда “Илеге жүрүш” же “Канайдын качуусу” деп аталат. Кокондуктардын алгачкы жортуулдарында, анын сарбаздарынан жеңилип калган солтолордун бийи Канай баштаган солто, саруу урууларынан турган чоң көч 1824—25-жылдар чамасында Балхаш көлүнүн чыгыш тарабына, Иле боюна көчүп барышкан. Көчүүгө сарыбагыштан Төрөгелди, саяктан Атантай, Тайлактардын кыйыр катышкандыгы да санжыралыларда маалымдалат. Иледе казактардын жаныш, чапырашты уруулары менен ымаласы келбеген солтолор менен саруулар көп өтпөй эле өз жерине кайтып келишкен. Алар ХIХ кылымдын 20-жылдарынын ортосундагы Кокон хандыгынын саясатынын натыйжасы экендигинен кабар берет.

            Нарын чөлкөмүндө 1820-30-жылдарындагы Тайлактын көтөрүлүшү деп аталып келаткан кыймылдар да Кокон хандыгына каршы эмес, анын ошол кездеги бийликчилеринин саясатына каршы козголоңдордун катарына кирет. Тайлак баатырдын ишмердүүлүгү мурунку параграффта берилсе да,  бул жерде Тайлак баатырдын 1832-жылы баштаган күрөшү нарындыктардын 1838-жылдарга чейин хандыкка көз каранды эмес болуп турууга алып келгендинин белгилеп кою абзел.

            Түндүк кыргыз урууларынын Кокон хандыгына карата мамилеси ар түрдүү болучу. Мисалы, “Канай качуу” окуясында таластык, ысык-көлдүк кыргыздар, нарындык кыргыздардын бир бөлүгү солтолорду колдогон эмес. Ал эми Тайлак жетектеген элдик кыймылдын алдында жана анын мезгилинде Борбордук Тянь-Шанда жашаган саяк, басыз, черик, моңолдор уруулары Кокон аскерлеринин басып киришине куралдуу каршылык көрсөтүшкөн эмес, тескерисинче айрымдары Жумгал, Куртка чептерин курууга кокондуктарга көмөктөшкөн.

            Кокон хандыгына каршы түндүк кыргыз урууларынын түп көтөрө чыгышпагандыгынын бир себеби 1825—26-жылдары болуп өткөн Кытай экспедициясынын коркунучуна каршы тилдик жана диндик жалпылыгы бар Кокон хандыгынын “өз“ көрүнгөндүгү болгон. Анын үстүнө түштүк кыргыздарынын бийлеринин басымдуу көпчүлүгү Кокон бийлигине аралашып, ал турсун хандыкты өз хандыгы катары туйгандыгы Түндүк Кыргызстанга чоң таасирин тийгизген. Мындай жагдай 1830-жылдары жүргөн Тайлак баатырдын Кокон амирлигине карата кыймылы нарындык бир аз саяктарды, чериктерди, басыздарды жана сарууларды гана камтып калуусун шарттаган. Тайлак баатырдын кыймылына карата сарыбагыштар менен бугулар бейтарап абалда турса, солто уруусу ал түгүл тикеден-тике каршы болгон. Бул кийин солто менен саяктардын мамилелеринин сууп кетишине алып келген.

            1830-50-жылдарда Кокон хандыгы менен түндүк кыргыздарынын саясий карым-катнашы сюзерен—вассал принцибинде бир топ стабилдүү таризде өнүгө берген. Бирок, 1850-жылдардын ортосундагы Кокондогу кыпчак жамаатына, айрыкча Мусулманкулга, кыпчактарга каршы Кудаярдын репрессиялык саясаты мезгилинде кыргыз элинин түндүк гана эмес, түштүк урууларында да Кудаяр хандын саясатына нааразылыктар күчөп, натыйжада кокон бийлигинин тасири кыргыздардын арасында бир топ начардаган. 1858-жылдын жазынан түндүк кыргыздарында Кокон хандыгынын начарлай баштаган таасирин кайра калыбына келтирүүгө Кокон хандыгы тарабынан катуу аракеттер башталган. Бул бир эле учурда орус колонизаторлорунун Түркстанга жылып келатышына жооп да, андан коргонуу да эле. Себеби, 1857-жылы Кокон бийлиги Чүй, Талас, Олуя-Ата, Чымкент чөлкөмдөрүндө бир топ начарлай түшкөн. Ташкент беги Мырзакматтын, Пишпек, Олуя-Ата бектеринин зордук-зомбулуктары нааразылыктарды, толкундоолорду туудурган.

            Кокон хандыгында ошол мезгилде туткунда жүргөн орус окумуштуусу Н.А.Северцовдун маалыматтарына караганда толкундоолор Ташкенттен чыгышты карай Талас, Чаткал, Чүй, өрөөндөрүн бойлоп алоолонгон.(Караңыз: Северцов Н.А. Месяц плена у коканцев.—СПб.,1860.—70—72-беттер.) Ташкент беги Мырзакмат атайын Олуя-Атага келгени менен көтөрүлүштү басууга чамасы келбей, чепке жашынууга аргасыз болгон. Кокондон чоң күч менен Мала бек келип, толкундоолор араң токтогон.

Түндүк Кыргызстандагы бул толкундоолорго 1857-жылы Фергана өрөөнүндөгү кыргыз, кыпчак козголоңдору чоң таасирин тийгизген. Ушул окуялардан кийин Чүй, Талас кыргыздарынын оруска жүз бурушунан чочулаган кокондуктар бул жерлерде чептердин аскер күчтөрүн бекемдөө, жаңы чептерди куруу иштерин күч алта баштады. Ошол мезгилде Кыргызстандын түндүгүндө жана Казакстандын түштүгүндө Атабек датка башкарган Олуя-Ата чеби эң чоң сепил болуп, ага орчундуу маани берилген.

Кудаяр ханга каршы 1857-жылы эле башталган күрөштөр 1858-жылы Фергана өрөөнүндөгү кыргыз элетинде олуттуу толкундоолорго айланган. Көтөрүлүшкө катышкан адамдардын саны 4—6 миң адамга жеткендигин изилдөөлөр кабарлайт. (Караңыз: Усенбаев К.У. Борьба киргизского и других народов Средней Азии и Казахстана против социального и национального гнета. // Взаимосвязи киргизского народа с народами России, Средней Азии и Казахстана (конец ХVIII—ХIХ в.).—Ф.,1985. —181-бет.) Бул саясий жанданууга айрыкча алайлык кыргыздар, анын ичинде адыгине уруусу активдүү катышкан. Алымбек датка баштаган бийлер толкундоолордон пайдаланып Кудаяр ханга каршы ачык күрөшкө чыгышкан. Натыйжада Маргалаңдын жанындагы Самгар деген жердеги салгылашууда Кудаяр хандын аскери талкаланган. Көтөрүлүшчүлөр Маргалаңды ээлеп, Коконду камап кирген.

1858-жылы ноябрь айында Кокон ордосунун өзүндө да саясий күрөштөр башталып, ал Малабектин такка олтурушу менен аяктаган. Бул окуяда түштүк кыргыздарынын көрүнүктүү инсаны, адыгине уруусунун баргы тобунун бийи, айтылуу Асан бий уулу Алымбек негизги ролду ойногондугу тарыхта маалым.

            XIX кылымдын 60-жылдарынын башынан, айрыкча  1863-жылдан баштап  Кудаяр  ханга  каршы  багытталган кыргыздардын, кыпчактардын күрөшү бир топ ийгиликтерге жеткен. Кудаярдын аскери талкаланып, ал турсун Маргалаңдын жанында Ак-Мечит сепилинин мурдагы коменданты Жакыпбектин аскер башчылыгында жиберилген атайын кошууну да тыптыйпыл болгон. 1863-жылы июнь айында Алымкул жетектеген кыргыз—кыпчактар Коконду камоого алган. Шахрисябзда башталган көтөрүлүшкө байланыштуу Кокондон чыгып кеткен Музаффардын жоктугунан пайдаланып, Алымкул ордону ээлеген. Кудаяр хан экинчи жолу качкан. Бийлик кыргыз—кыпчактарга тийип, 1863-жылы 9-июль күнү Малабектин 12 жашар уулу Султан Сейит такка олтургузулган. Кыргыз—кыпчактардын жамаатындагы эң таасирдүү мамлекеттик ишмер жана таланттуу кол башчы, кыргыздын чыгаан уулу, ошол кезде 34 жашка жаңы толгон Алымкул  Султан Сейитке Аталык (регент) дайындалып, иш жүзүндө хандыкты башкарууну толук колуна алган.

 1863-65-жылдары Алымкул лашкер башынын Кокон хандыгын факты жүзүндө башкарып тургандыгынын натыйжасында кыргыз урууларынын Кокон бийликтерине каршы

толкундоолору басаңдап, ири козголоңдор катталган эмес. Анын үстүнө Кокон мамлекетинин тышкы абалы оор эле. Түндүктөн акырындык менен Казахстандын түштүк чөлкөмдөрүн биринен сала бирин ээлеп, Орусия колонизаторлору Кокон чектерине жакындап келе жаткан болучу. Алымкул лашкер башынын негизги иш аракеттери Орусиянын колонизациоялоочу аракеттерине каршы болуп, анын 1865-жылы май айында Ташкендин алдында өлүмүнө байланыштуу Кокон хандыгы Ташкен вилайетин жоготуп, мамлекет Фергана өрөөнүн менен гана  чектелип калгандыгы маалым.

1866-жылы элеттиктердин толкундоолору салыштырмалуу солгундаганы менен, кийинки эле жылы кайрадан жанданган. Алайдагы Кызыл-Коргон чыңдоосунда турган Кул датканын зордук-зомбулугуна каршы алайлыктардын козголоңу 1867-жылы жазда башталат. Садык серкердин жетекчилигинде кыргыздар  чепти алып, Кул датканы өлтүрүшөт. Кокондон келген жазалоочу отряд көтөрүлүштү аңосуз басып, көрүнүктүү жол башчылар өлүмгө тартылат.

   1870-жылы Алайда дагы көтөрүлүш чыккан, бирок ал жөнүндө конкреттүү маалыматтар булактарда калган эмес. Кудаяр хандын Бухара эмиринен жардам сурап кайрылгандыгына караганда, көтөрүлүш бир топ күчтүү болгондугу божомолдонот. Бул көтөрүлүшкө кокон бийлигинин зомбулугунан тышкары, 1870—72-жылдардагы катуу жут да себепчи болгон. Ушул мезгилден баштап Фергана өрөөнүнүн элеттик кыргыздар жашаган чөлкөмдөрүндө жана кыпчак айылдарында тынымсыз козголоңдордун мезгили башталды. Эгер мурун козголоңдор негизинен феодалдардын жетекчилиги менен бийлик талашуу үчүн болуп келсе, 1870-жылдардын башынан хандын, анын акимдеринин, көбүнчө, Кудаяр хандын так өзүнө каршы чыгып жатты.

1868-жылы Орус-Кокон келишими түзүлүп, Кокон хандыгы Орусиянын вассалына айланган мезгилинен кийин Кокон ханы Кудаярдын өз элине алык-салыкты, зордук-зомбулук менен эзүүнү күчөтүүсү калктын нааразылыгын туудура баштаган мезгилде 1870-жылдын башында эл массасында Кудаяр хандай зулум ханды “адилет” хан менен алмаштыруу аракеттери башталган. Бул элдик мүдөө албетте элеттиктердин демилгеси менен көтөрүлүштөргө чейин өсүп жеткен. Ушундай көтөрүлүштөрдүн алгачкысы Сох кыргыздарынын көтөрүлүшү болгон. 1871-жылы болуп өткөн бул көтөрүлүш жогорку мүдөө менен коштолуп, ошол эле учурда зекетчилердин ашкере зөөкүрлүгүнө да каршы уюштурулган.

1871-жылы жайында А.П. Федченконун илимий экспедициясы Сох кыштагына келгенде, анын кире беришинде орнотулган даргаларды көргөн. Себеби, ушул жылы жазында Сох, Исфара өрөөндөрүндөгү кыргыздар көтөрүлүш чыгарышып, аны басууга Кокондон Атабек наиб жетектеген 2 миң сарбаз жазалоо аскери келген. Сарбаздар көтөрүлүштү айоосуз басып, качкан кыргыздарды тоо арасына чейин кууп барышкан. Акырында 12 гана кишини кармап алышып, Кокондо даргага астырган. Алардын ичинде көтөрүлүштүн башчыларынын бири Молдо Мамыр менен нойгут уруусунун бийи Мадалы жүз башы болгон. Көтөрүлүштүн дагы бир башчысы Молдо Ашыр Каратегинге качып кеткен.

 Козголоңдун чыгуусуна булактар үч себепти көрсөтүшөт. Биринчиси, Сох өрөөнүнүн акиминин адаттан тышкары көп өлчөмдө зекет жыйноосу; экинчиси — Сох өрөөнүндө кыргыздардын басымдуулук кылганына карабастан хандын тажик улутундагы кишини бек кылып дайындашы; үчүнчүсү — Султан Сейит хандын өлүмү. /чүнчү себепке кененирээк токтололу. 1870-жылы Фергана чөлкөмүндө Мала хандын (1858—1862) уулу Султан Сейит пайда болот. Ал Алымкул лашкер башы 1865-жылы Ташкенттин алдында каза болгондон кийин, 11-июнь күнү Бухарага Музаффардын чакыруусу менен Искендер бекке кошулуп кеткен болучу. (Караңыз: Наливкин В. Краткая история…—202-бет.)

Султан Сейит хандын Коконго келиши, ага жан тарткан кыргыз, кыпчак бийлеринин өз мөөрлөрүн басып аны чакырган жашыруун катына байланыштуу болгон. Кыргыз, кыпчак бийлеринин аттары жазылып, мөөрлөрү басылган катты Султан Сейит хан өзү менен кошо ала келген. Бирок, Кудаяр хандын тыңчылары козголоңдун даярдалып жаткандыгынан кабардар болуп калышат да, хандын буйругу менен Султан Сейитти Жеке-Тыт деген жерде кармап алып, тындым кылышкан. Мындан кийин козголоңчулардын акырына чыгуу үчүн Кудаяр хан Султан Сейиттин чөнтөгүнөн табылган каттагы тизме боюнча күмөндүү кыргыз, кыпчак бийлеринин көзүн тазалоого өткөн. Ал тизменин ичинде сохтук кыргыздардын бийлери да бар эле. Мына ушул окуя да Сох көтөрүлүшүнүн чыгып кетишинин бирден-бир себеби болгон деп божомолдойт А.П. Федченко. (Караңыз: Федченко А.П. Путешествие в Туркестан…—303—304-беттер.)

Султан Сейиттин өлүмүнөн кийин көтөрүлүшчүлөр хан тактысына талапкер кылып Кудаяр хандын тууганы Сопубектин уулу Назырбекти көрсөтүшкөн. Көтөрүлүшкө каратегиндик бек Раим Шаа да жардам берүүгө далаалаттанган. Себеби, ал 1868-жылы Бухара менен ымалага кирип, агасы Музафар Шаадан Кара-Тегинди тартып алган болучу. Ошондон кийин Кара-Тегин Кокон букаралыгынан чыгып, тескерисинче кокондуктарга душман болуп калган эле. Кантсе да Сох кыргыздарынын көтөрүлүшү Кокон жазалоочулары тарабынан айоосуз басылып, максатына жеткен эмес, бирок, анын кийинки чоң кыймылга бет ачар окуя катары саясий мааниси зор көтөрүлүш болгондугу анык.

1871-жылга карата М.А. Терентьевдин изилдөөлөрүндө дагы бир көтөрүлүш жөнүндө маалымат бар. “Батыр хан төрөнүн козголоңу” деп аталуучу козголоң 1871-жылы алык-салыктын көбөйүп кетишине байланыштуу чыккан. Батыр хан төрө Кудаяр хандын экинчи аялынын бир тууганы болуп, негизинен кыргыз феодалдары менен туугандашып турган.

Аны кыргыз, кыпчак бийлери, отурукташкан өзбек билермандары жана ордодон 50 кишиден турган жашыруун өкүлдөр Кудаяр хандын ордуна олтургузууну максат кылышкан. Бирок, жашыруун топтун биринин чыккынчылыгынын натыйжасында козголоңдун Батыр хан төрө баштаган 17 мүчөсү кармалып, аларды ордодогу көлчүккө тумчуктуруп өлтүртүүгө буйрук берилген. Тилекке каршы, көтөрүлүштүн кай жерде болгондугу жана анын жүрүшү жөнүндө маалымат берилбейт.

1872-жылы да Фергана өрөөнүнүн айрым чөлкөмдөрүндө чаржайыт толкундоолор чыккан, бирок көтөрүлүшкө өсүп жеткен эмес. Алардын ичинде Алай чөлкөмү толкундоолордун бирден бир очогу бойдон кала берген. 1872-жылы Алайдагы “сепил, аны башкарган даткасы менен сарбаздары капыстан басып алган кыргыздардын колунан өлүм тапкандыгы” булактарда көргөзүлөт. (Караңыз: Костенко Л. Экспедиция в Алайские горы.—Русский инвалид.—№ 239.—1876 г. Чамасы сөз Кызыл-Коргон же Сопу-Коргон жөнүндө болуп жатса керек. Себеби, Дароот-Коргон чебинин коменданты Ысмайыл Токсобо 1871-жылы эле А.П.Федченко менен жолугушуп, 1873—74-жылдардагы тарыхый окуяларга да катышкан.) Булактарда жана изилдөөлөрдө 1871—72-жылдары тынымсыз болуп турган чачкын толкундоолор жөнүндө сөз болгону менен, тилекке каршы конкреттүү далилдер айтылбайт.

Фергана элетинде 1871—72-жылдары болуп өткөн чаржайыт толкундоолордон айырмаланган нукура элдик көтөрүлүш 1873-жылы жазында башталган. Ал кыймыл үч жыл созулуп, Фергана өрөөнүнө бүт жайылып, Кокон хандыгынын жоюлушуна алып келген. Фергана тургундарынын 1873—76-жылдардагы бул зор кыймылы тарыхта “элдик кыймыл”, “Кокон көтөрүлүшү”, “Полот хандын көтөрүлүшү” деген аттар менен белгилүү. Аталган проблеманын кыргыз тарыхнаамасындагы илимий орду чоң мааниге ээ.

Адабияттар:

            Бабабеков Х.Н. Народные движения в Кокандском ханстве и их социально-экономические и политические предпосылки. (ХУШ—Х1Х вв.). —Ташкент: Фан, 1990.—119 с.

            Валиханов Ч.Ч. Собрание сочинений в 5-ти томах. —Алма-Ата: Главная редакция Каз. Сов. энциклопедии, 1984—1985.

            Взаимосвязи киргизского народа с народами России, Средней Азии и Казахстана (конец ХУШ — Х!Х вв.).— Фрунзе: Илим, 1985.

      Галицкий В.Я., Плоских В.М.  Старинный Ош. —Ф., 1987.

Джамгерчинов Б.Д.  Очерки политической истории Киргизии Х1Х в. —Фрунзе: Кыргызстан, 1966.

      Кененсариев Т. Кыргызстандын Орусияга каратылышы.—Б.-Ош,1997.

Кененсариев Т. XIX кылымдын 50-70-жылдарындагы Кыргызстандын саясый өнүгүшү.-Бишкек, 2009.

Кененсариев Т. Искак Асан уулу Полот хан.—Б.,1997.

Кененсариев Т. Кыргыздар жана Кокон хандыгы.—Ош,1997.

Киняпина Н.С., Блиев М.М., Дегоев В.В. Кавказ и Средняя Азия во внешней политике России.— М.: Изд. МГУ, 1984.— 328 с.

            Кыргызы и Кыргызстан: Опыт нового исторического осмысления.—Бишкек: Илим, 1994.—292 с.

            Материалы по истории киргизов и Киргизии.—М.:Наука, 1973.—Вып.1.

            Материалы по истории политического строя Казахстана. —Алма-Ата: АН Каз.ССР, 1960. —Т.1.

            Мулла Нияз Мухаммед Бен Ашур Мухаммед. Тарих-и Шахрухи. История владетелей Ферганы. // Изд. П.Н. Пантусова.—Казань,1886.

            (Наливкин В.) Краткая история Кокандского ханства.—Казань,1886.-215 с.

            Сапаралиев Д. Взаимоотношения кыргызов с народами Центральной Азии и с Россией в ХУШ в.—Бишкек: Илим, 1995.

            Терентьев М.А. История завоевания Средней Азии. —СПб.: Тип. Комарова, 1906.—Т.1-3.

      Усенбаев К.У. Народные движения Средней Азии в XIX в. (По материалам Кыргызстана).-Ф.-Ош, 2001.

Усенбаев К.У. Общественно-экономические отношения киргизов (вторая половина Х1Х — начала ХХ вв.).—Фрунзе: Илим, 1980.

            Халфин Н.А. Присоединение Средней Азии к России (60—90-е гг. Х1Х в.).

—М.: Наука, 1965.

            Хасанов А. Народные движения в Киргизии в период Кокандского ханства.

—М.: Наука, 1977.

Автор: Ташманбет Кененсариев

Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, тарых илимдеринин доктору, профессор,

Булак: Каганат.

 

Бөлүшүү:

Пикир

2 × 2 =