Ажонун бир айлыгы же Өзбекстанга көтөрүп барган «себетинин» куну канча?

  Каганат.

 Жээнбековдун кызматка киришкенине бир ай болду. Күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен жолугушуп, кадрдык алмашуулардан башка президенттин бир айы «берешендиги» менен эсте калды. Тагыраагы, Өзбекстанга  өлкө башчы коӊшуларга «чоӊ  себет» көтөрүп барды. Мунун өзү канча жылдан бери үзүлгөн байланышты улап, чек ара ачылып, элдин чекеси  ысыганы менен кыргыз  бийлигинин  одоно жана олдоксон катасы катары кабыл алынды.

      Өткөн жылы Шавхат Мирзиеев Кыргызстанга келгенде бир катар маселелер келип чыгып, бирок, кыргыз бийлиги жокко чыгарбай, тынчып калган. Жашоо өз нугу менен өтө берип, мына ошол башы ачык калган маселелер Сооронбай Жээнбековдун тушунда ачыкталып, ачыкталмак түгүл,  Кыргызстан Орто-Токой баш, төрт пансионат төш болгон мүлкүн Өзбекстандын ээлигине өткөрүп коюп, карап отуруп калды.

  Экс-президент Алмазбек Атамбаев күздө Ташкентте өткөн иш сапарынын жыйынтыгы боюнча Ала-Букадагы Орто-Токой суу сактагычын Кыргызстандын ээлигинде калгандыгын айтып мактанган. Эми ага ишенип отурсак,  пайдалануу шарттарын караган келишим таптакыр чийки экен.  Анткени парламент кабыл алган келишимде суу сактагычты башкаруу, иштетүү жана анын коопсуздугун көзөмөлдөө шарттары көрсөтүлбөй калганына, анын укуктук макамына байланышкан суроолор чыкты. Келишим керек болсо,  терең талданбаган, талкууланбаган абалында, чийки бойдон кабыл алынганын эл өкүлү Жанар Акаев айтып чыкты.

– Мурдагы президент барып, макулдашып келгенден кийин биздин депутаттар “Өзбекстан менен мамиле жакшырса болду” деп эле Орто-Токой суу сактагычына байланыштуу келишимге жакшы көңүл бурушкан жок. Мисалы, суу сактагычтын жанында жашаган өзбек жарандарынын кирип-чыгыш тартиби же алардын мындан наркы абалы тууралуу келишимде сөз жок. Суу сактагычтын укуктук макамына байланыштуу бир топ олуттуу маселелерди булар келишимде көрсөтүп жазбай коюшкан. Анан “суу сактагычты пайдалануу укугу мөөнөтсүз берилет” деп, анын келишимдеги мөөнөтү чектелген эмес. Анан эми биздин парламент муну катардагы ратификация катары карап эле, кабыл алып берип койду-дейт эл өкүлү.

      Керек болсо, келишимде суу сактагычтагы коопсуздукту кыргыз тарап камсыздай турганы көрсөтүлгөнү менен анын шарттары аныкталган эмес. Анткени учурда суу сактагычты жана анын жака-белинде өзбек жарандары жайгашкан кыштакчаны Өзбекстандын күч түзүмдөрү кайтарат. Ала-Буканын жергиликтүү калкы аларды бул аймактан чыгаруу маселесин көтөрүп келген.  

   Ошентип, экс-президент Алмазбек Атамбаев чала-чарпыт чампалап кеткен ишти  эми минтип Жээнбеков «суу жутуп» алгандай унчукпай акырына чыгарууда. Чоӊ муштумдугу менен атагы чыккан айыл жана суу чарба министри  Нурбек Мурашев  суу сактагычты пайдалануу боюнча келишимдеги укуктук жагдайлар тууралуу унчукпайт.  Себеби белгилүү да, андан чоӊдорү чалып салган боткону кантип артат? Кызмат жоготкуча кылтыйып отурганы жакшы эмеспи?

   Сооронбай Жээнбеков Өзбекстанга көтөрүп барган «экинчи себет» төрт пансионат экендиги белгилүү. Бир жарым жыл мурда ал пансионаттарды мамлекетке өткөргөн мурдагы премьер-министр Темир Сариев 24 жылдан кийин Кыргызстандын менчигине өткөргөнү айтылган. Эми минтип эл аралык соттон чочуп кеткен Кыргыз Өкмөтү Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусу аркылуу Ысык-Көлдүн жээгиндеги төрт пансионатты Өзбекстанга кайрадан өткөрүүнү караган келишимди даярдап отурат.

Келишимге ылайык, пансионаттардын имараттары Өзбекстандын менчиги катары таанылып, ал жер Кыргызстандын ээлигинде болот.

«Энесай» (мурдагы «Дилором») пансионаты

Ага ылайык, Ысык-Көл районунун Бостери айылындагы «Бостери» (мурдагы “Алтын кум”), Кара-Ой айылындагы «Алтын-Жай» (мурдагы «Рохат-НБУ»), «Энесай» (мурдагы «Дилором») жана Тоңдун Күн-Чыгыш айыл өкмөтүндөгү «Бустон» пансионаттарына өзбек тараптын ээлиги деп таанылат. Жок дегенде Өкмөт ал эс алуу жайларын Кыргызстандын менчиги катары калтырып, бирок аларды узак мөөнөткө ижарага берүү боюнча сунушун дагы киргизгенге жараган жок.

Ысык-Көл районунун Бостери айылындагы «Бостери» (мурдагы “Алтын кум”) пансионаты

    Бул пансионаттардын тарыхына кайрылсак,  союз учурунда Ысык-Көлдүн жээгине курулуп, аны Өзбекстан тарап пайдаланып келген.  1992-жылы 9-октябрдагы өкмөт аралык келишимге ылайык Кыргызстанга өтүүгө тийиш эле. Ал макулдашууларга ылайык, союздук республикалар курган мүлк, объектилери кайсы жерде турса, ошол мамлекеттердин ээлиги катары таанылышы керек эле. Андыктан 1992-жылы 16-декабрда ошол кездеги Жогорку Кеңеш ал эс алуу жайларын Кыргызстандын менчигине өткөрүп алуу боюнча токтом чыгарган. Бирок 24 жылдан ашуун убакыттан бери Кыргызстан  мүлкүнө ээлик кылууга башы оорубай келген.

Кара-Ой айылындагы «Алтын-Жай» (мурдагы «Рохат-НБУ») пансионаты

Эми минтип, мурдагы Өкмөт эптеп кайрып алган паансионатты кайда өз эркибиз менен кайтарып жатабыз. Төрт пансионатты Өзбекстанга кайтарып берүүгө багытталган өкмөт аралык келишимди Жогорку Кеӊеш дагы чала талкуулап макулдугун берди. Айрым депутаттар өкмөт чийки келишимди сунуш кылып жатканын айтышканы менен акыры колдоп беришти.  Өкмөт аралык келишимде төрт пансионаттын буга чейин топтолгон карыздарын ким төлөй турганы жазылбаганын, ал гана эмес, келишимди денонсациялоо пункттары камтылбай калганын КСДПчыл депутат Дастан Бекешов какшап айтканына кулак каккан жан болгон жок.

Тоңдун Күн-Чыгыш айыл өкмөтүндөгү «Бустон» пансионаты

    Ошентип алгачкы иш сапарын Россияга жасаса дагы эмнегедир «иш-сапарды Өзбекстандан баштадым» деп эсептеген Президенттин бир айдагы берешендиги болуп көрбөгөндөй туӊгуюкка калтырды. Чындап келгенде, кадрдык саясат жүрүп жатат деп ооз толтура айтканыбыз менен ал маселеде экс-президенттин жетегинен чыга албай жатканы көрүнүп турат. Эми минтип эл аралык мамиледе башкалар менен теӊ ата укуктук маселелерди чечет деген үмүткө суу сээп, барган жерине «себет» көтөрүп чуркап турса кандай болот?

     Чындап келгенде 24 жылдан бери өз менчигине ээлик кыла албаган Кыргызстан төрт пансионаты Казакстанга дагы карматып койгону белгилүү. А түгүл, союз мезгилиндеги «чака тыйынга» арзыбаган кагазды көрсөткөн казак тарапка үч жыл мурун Таластын Чоӊ-Клин баштаган бир өӊүрү менен айтылуу Күркүрөө суусунун Быстроток каналын карматып сала жаздаганбыз. Эмне ушунчалык мажирөөбүз?  Биз билгенден казактар мына ошол Союздан калган Байконурга Россияга оӊбогондой ижара акы төлөтүп күнүн көрүп келе жатат. Жок дегенде, «суубуз биздики» деп суунун ээси экенибизди аныктай албагандан кийин кайсыны айтабыз? Эмнеси болсо дагы Кыргызстандын Ажосу адегендеги эле барган жерине «баштыксыз» бара албаганы баш оору жаратты…

Булак: Каганат.

 

 

Бөлүшүү:

Пикир

12 + 13 =