Кытайдан алынган насыялар Кытайдын кызыкчылыгына кетип жатабы?

0

Каганат.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин маалыматтына таянсак, 2017-жылы республикалык бюджет  12 млрд 255,1 млн сом бюджеттин тартыштыгы менен аткарылды.

Эске салсак ушул жылдын ноябрь айында Жогорку Кеңеш келерки жылдын республикалык бюджети боюнча мыйзам долбоорун талкуулап, экинчи жана үчүнчү окууда жактырып, кабыл алган.

2017-жылга республикалык бюджеттин жалпы кирешеси 126 миллиард 828,6 миллион сом өлчөмүндө, бюджеттин чыгашаларынын жалпы көлөмү 150 миллиард 150,5 миллион сом өлчөмүндө каралган. Ошондой эле, 2018-жылга республикалык бюджеттин тартыштыгы 23 миллиард 321,9 миллион сомду түзө турганы белгилүү болгон.

Өкмөт канчалык жаап жашырбасын азыркы учурда карыздын көлөмү ички дүң өнүмдүн 60 пайызынан ашып кеткени эч кимге жашыруун эмес.

ИДӨ 50 пайыздан ашып кетсе анда ал мамлекет карызга жашап жаткан өлкөлөрдүн катарын толуктайт. Өкмөт карыз алууга маш болгону менен, аны пландуу колдонуп жатабы деп суроо салган эч ким жок. Мисалы, биз  эң чоң карызды Кытайдан алып жатабыз. Ал эми  Кытайдан алган карыз аны берген тараптын кызыкчылыгына жооп берип жатат. Ошол эле учурда карыз менен кошо алар өз ишканаларын иштетип, бизге салык төлөбөй пайда табышып, ал эми карызды төлөө милдети Кыргызстандын мойнунда калууда.

Жакында Орусия Кыргызстандын 240 миллион долларын кечти. Бирок өлкөнүн мамлекеттик жалпы карызы 4 миллиард 117 миллион долларды түзүүдө.

Негизи Орусия Кыргызстандын карызын жоюу жараянын 2012-жылы баштаган. Анда бул өлкөгө жалпы карыздын көлөмү 488 миллион долларды түзгөн. Тышкы карыздын тутумун карап көргөндө, Кыргызстан Кытайдан эң көп карыз алганы байкалат. Маселен, Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына карыз 1 миллиард 600 миллион долларды түзөт. Ал эми бул сумма күн санап өсүп, кемиген жок.

Булак: Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

14 − 10 =