“Сосновка” постунда оор жүк ташуучу унаалардын саны 600дөн ашты

Каганат.

ӨКМнин басма сөз кызматы билдиргендей, учурда Бишкек-Ош унаа жолундагы посттордо турган оор жүк ташуучу унаалардын саны 600дөн, жеңил унаалардын саны 400дөн ашты.  

Маалым болгондой, саат 15:40ка карата Чүй облусунун Жайыл районундагы “Сосновка” постунда 120 оор жүк ташуучу жана 225 жеңил унаалар турат. Ал эми Токтогул районунун “Арал” постунда 500 оор жүк ташуучу жана 200 жеңил унаалар турат. Азыркы учурда Төө-Ашуунун түндүк-түштүк тарабында шамал болуп күрткү болууда, бирок кар токтогон.

Унаалар топтолгон жерлерде ысык чай жана жылынуучу жайлар уюштурулган.

Булаку:Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

9 − 2 =