Мелис Мырзакматов: “Өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн “Улуттар Биримдиги” партиясы кызматташууга дайыма даяр”

Каганат.

“Улуттар Биримдиги” элдик партиясынын төрагасы Мелис Мырзакматов кыргыз элин келе жаткан жаңы жыл майрамы менен куттуктады.

Ал өз куттуктоосунда 2017-жыл биз үчүн, жалпы Кыргызстан үчүн маанилүү жылдардын бири болгондугун, өлкөбүз өзүнүн демократиялык өнүгүү жолунда дагы чоң сыноону башынан өткөргөндугун айтат.

Ошондой эле “Улуттар Биримдиги” элдик партиясы мамлекетибизде демократиялык өнүгүү принциптери өз маанисин жоготпойт, сөз эркиндигине басым көрсөтүлбөйт, адам укуктары тебеленбейт, бардык саясий күчтөргө Кыргызстандын келечеги үчүн ишмердүүлүк жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк жаратылат деген изги тилекте экенин баса белгилейт.

Кадырлуу Кыргызстандыктар!

Урматтуу мекендештерим!

Сиздерди кирип келе жаткан жаңы жылыңыздар менен өзүмдүн жана «Улуттар Биримдиги» элдик партиясынын атынан чын дилимден куттуктайм!

2017-жыл биз үчүн, жалпы Кыргызстан үчүн маанилүү жылдардын бири болду. Өлкөбүз өзүнүн демократиялык өнүгүү жолунда дагы чоң сыноону башынан өткөрдү.

“Улуттар Биримдиги” элдик партиясы мамлекетибизде демократиялык өнүгүү принциптери өз маанисин жоготпойт, сөз эркиндигине басым көрсөтүлбөйт, адам укуктары тебеленбейт, бардык саясий күчтөргө Кыргызстандын келечеги үчүн ишмердүүлүк жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк жаратылат деген изги тилекте.

Биздин партия бул принциптерди дайыма бийик тутуп келген. Мен өлкөдөгү бардык саясий күчтөргө, граждандык коомдун өкүлдөрүнө айткым келет – өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн “Улуттар Биримдиги” элдик партиясы кызматташууга дайыма даяр. Кыргызстан үчүн келе жаткан 2018 – жыл ѳнүгүүнүн, жаңылануунун, тынчтыктын жана туруктуулуктун жылы болушуна тилектешмин!

Урматтуу мекендештер!

Элибизде ынтымак менен ырашкерлик болсун, жергебизди тынчтык –бейкуттук ыроолосун. Жараткандан элибиздин биримдигин, журтубуздун бүтүндүгүн тилеймин. Тынчылык, береке, токчулук, ынтымак дайыма биздин жашообузга шериктеш болсун!

         Жаңы жылыңыздар менен, урматтуу Кыргызстандыктар!

Булак: Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

9 + 6 =