2017-жыл: Жыл жыйынтыгы. “Чык эшикке”, балп этме, саткындар жана туткундар

Каганат.

Босогодо жаңы жыл. 2017-жыл дагы өз сапарын каарытып, алдыда жаңы 2018-жылды тосуп алуу алдында турабыз.  Кетип бараткан жыл дагы ар кандай окуяларга бай болду. Андыктан “Kaganat.kg” сайты бул жылга саресеп салып, жыл жыйынтыгын чыгарууну туура көрдүк.

Жылдын «мэми»

Учурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун айтылуу «чык эшикке» деген сөзү узун-элдин учура, кыска элдин кыйырына жетти. «Айтыла турган чөз эле, айтылып кетти өзү эле» дегендей Президент кийин өкүнүп калдым дегени менен канча адамдардын көӊүлүн көтөрүп  мэмге айланды.

Жылдын «балп этмеси»

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жыл бою айтылган кайсы «балп этмеси» болбосун кайдыгер калтырган жок. «Балп этмелердин» башкысы чек ара чырына алып келсе, акыркыларды өлкө ичиндеги кадрдык саясатка жана башкасына таасирин жакшы эле тийгизди.

Жылдын чатагы

Алмазбек Атамбаевдин «балп этмесинен» улам тутанып кеткен чек ара чатагы жылдын көрүнүктүү окуяларынын бири болду. Эки ажонун тирешинен эл кыйналып, экономикага таасири тийип, акыры Сооронбай Жээнбеков барып жылмалап,  эбине келди.

Жылдын кайгысы

Албетте, жылдын кайгысы Дача-СУ болду. Кырк адамдын өлүмү менен коштолгон бул кырсык кетип жаткан жана учурдагы бийликтин бетине чоӊ чиркөө болуп турат. Анткени кандуу жүктүн ээси табыла элек.

 

Жылдын сыймыгы

Жылдын сыймыгы деп келечек ээлерин атоого болот. Бишкек шаарынын хоккей боюнча тогуз жашка чейинки балдардан куралган командасы АКШнын Чикаго шаарында өткөн “Barrington Ice Arena 2017” кубогунда жеңүүчү болуп, алтын медал алышты.

 

Жылдын «саткыны»

Жылдын саткыны деп «Ата Мекен» партиясынын мүчөсү Сайдулла Нышановду айтууга болот. Аталган партиянын лидери камакта жатканы мене ниши жок экс-президент Алмазбек Атамбаевге «Кыргыз Эл Баатырын» берели деген «гениалдуу» сунушун сунуп, коомчулуктун оозун ачты.

 

Жылдын «туткуну»

Мыйзамсыз камакка алынган саясатчылардын ичинен көрүнүктүүсү албетее «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев болду. Жыл бою кыргызстандыктар «ак кантип ийиле турганын» көз электен өткөрүп турду. Кайратынан жанбаган саясатчы учурда камакта, бирок, акыры акыйкат орноп кайрадан саясатка келээри шексиз.

Жылдын «доочусу»

2017-жылдын доочусу катары экс-президент Алмазбек Атамбаев табылды. Болгондо дагы жалпыга маалымдоо каражаттарынан 30 миллион өндүрүп алууга бел байлаган Алмазбек Атамбаевдин доосу акырына чыга элек. Бүтүндөй коомчулук учурда ага каражат чогултуу менен алек.

 

Жылдын «балапаны»

Алмазбек Атамбаевөткөн жылы депутат Жанар Акаевди «балашка» деп атаса, бул жылы Сооронбай Жээнбеков «Республика-Ата-Журттун» лидерин «балапан» деп атады. Учурда кылмыш иши козголгон Өмүрбек Бабанов чет өлкөдө.

 

Жылдын «шайлоосу»

Жылдын «шайлоосу» албетте, бир адамды өткөрүүгө далбас урган президенттик шайлоо болду. Биометрика деп баёо элдин башын айланткан ыкма менен административдик күч катуу колдонгон мындай шайлоону өлкө башынан өткөрө элек эле. «Самара-гейттин» чуусу чубалып бүтө элек. Шашылыш жана мыйзамсыз өткөнү аз келгенсип, өлкө бир жума мыйзамсыз түрдө эки президенттүү болууга да жетишти.

Жылдын аферасы

Албетте жылдын аферасы «Лигласс» болду. Кыргыз Өкмөтүнүн чечкинсиз жана мажирөө кадамдарынан улам  «РусГидро» менен үзүлгөн келишим «Лигласстын» аферасына алып келди. Оӊбогондой ката кетирген кыргыз Өкмөтү кызарып койбой актануунун аракетин көрдү.

Жылдын «бомбасы»

Ар кайсы кызматка атасынан калгандай ары-бери секирген, айтылуу Дүйшөнбек Зилалиевдин эркелигине онтобой сүйлөгөн бомбасы чекит койду окшойт. «Форма десем, бомба деп угуптур, чунак кыз» деп актанган Дүйшөнбек Зилалиевдин окуясына чекит коюла элек. 

 

Жылдын «квартети»

Шайлоонун алдында Камчыбек ташиев, Адахан Мадумаров, Акматбек Келдибеков, Бакыт Төрөбаев баштарын кошуп, бат эле чачырады. «Элдин жүгүн көтөрөбүз» деген элдин уулдарынын мындай эки ажырым окуясы эсти оодарды. Андан бери Бакыт Төрөбаев Алмазбек Атамбаевге кошомат кылып, такыр эле саясатта жүзү тайды.

 

Жылдын «чуусу»

Жылдын чуусу албетте  Чубак ажы Жалиловдуку болду окшойт. Узун элдин учуна, кыска элдин кыйырына жетип талкууга алынган мындай окуя айрыкча дин тармагында боло элек эле. Эмнеси болсо дагы, «Чубактын чуусундай» деген салыштыруу эми жаӊыча «Чубак ажынын чуусундай» деп атала турган болду окшойт.

Жылдын «ит окуясы»

Жыл аяктаарда «ит окуя» катталды. Тагыраагы, «иттин башына калпак кийгизген окуя» акырына чыга элек. Жарандык коомдун өкүлдөрү көргөзмө өткөн Бишкек-парктын жетекчилигине чейин барып, айрымдары 10 миллиондук доо талап кылып, окуянын учугу уланды. Мындай итке калпак кийгизген итчилик мурда деле башка өӊүттө жүрүп келгендиги белгилүү. Өткөн жылы кыргыздын чучугун шылдыӊдап кеткен Макфит деле өз өлкөсүндө жыргап жүрөт. «Иттин» окуясы улуттук баалуулуктарды  «сен сыйлабасаӊ, мен сыйлабсам, башкалар дагы сыйлабай» турганын далилдеди.

 

 

Булак:Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

беш × 4 =