Президент Сооронбай Жээнбеков «Жөлөк пул» тууралуу мыйзамга кол койду

Каганат.

Президент Сооронбай Жээнбеков «Жөлөк пул» тууралуу мыйзамга кол койду.  Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

 Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2017-жылдын 27-декабрында  кабыл алынган.

Мыйзам балалуу, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү мамлекеттик жөлөкпулдар менен камсыз кылууну жакшыртуу максатында кабыл алынган.

Бул максатта кабыл алынган мыйзам менен  кепилденген эң төмөнкү кирешенин 300 пайыз өлчөмүндө (3000сом)  бир жолку жөлөкпул төлөөнүн ордуна бала төрөлгөндө «балага сүйүнчү» (алдын ала маалыматтар боюнча “бала сүйүнчү” жөлөкпулу 4000 сомду түзөт)  деп бир жолу берилүүчү жөлөкпулду 2018-жылдын 1-январынан тартып  төлөө тартиби бекитилген.

Балалуу, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын  төлөнүүчү  башка жөлкөпулдар тиешелүү мыйзам кабыл алынганга чейин сакталат.

Ошентип, мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө мыйзамдын жоболорун кошумча  талдоо, ага тиешелүү  өзгөртүүлөрдү  иштеп чыгып, киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  жетиштүү убактысы болот.

Мыйзам 2018-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

 

Булак:Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

үч × беш =