Калиев электр энергиясы кымбаттайт деп кыйыттууда…

Каганат.

Электр энергиясы кымбатташы мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында Улуттук энергохолдинг компаниясынын жетекчиси Айбек Калиев билдирди.

Калиев эл өкүлдөрүнүн суроосуна жооп берип жатып, электрэнергиясына болгон тарифтик баалар көтөрүлүшү мүмкүн экенин жашырган жок. Азыр өкмөт электр энергиясынын 2022-жылга чейинки жаңы тарифтери тууралуу иштеп жаткандыгын, учурдагы тариф баалары сакталат деп убада бере албастыгын кошумчалады.

Эске салсак, буга чейин күзгү-кышкы сезонго даярдык боюнча республикалык штабдын жыйынында мурдагы  вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев «өлкөдө электр энергиясы акырындап кымбаттайт» деп билдирген болчу. Ал  региондордогу бийлик өкүлдөрү азыртан эле бюджеттик мекемелерди көмүргө өткөрүү маселесине көңүл бурушу керек деген.

Учурда, электр энергиясын 700 киловатт-саатка чейин пайдалангандар 77 тыйындан, ал эми чектелген нормадан ашык пайдалангандар  2 сом 16 тыйындан төлөп келишет.

Убагында Курманбек Бакиевдин  бийлигин электр энергиясынын баасын 1 сом 20 тыйынга кымбаттатканына «кабыргалары кайышып» кыйкырган жандар бүгүн эмнеге унчукпайт деген суроо жаралат…

Булак: Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

бир × үч =