Мырзалар кандай айымдардан качышат?

0

 

Каганат.

Эгерде  сүйүктүүңүздүн сизден өзүн алыс коюп оолактап жатканын байкасаңыз, анда мына ошол жагдайга алып барган аларга жакпаган төмөнкү сапаттар экенин түшүнө берсеңиз болот.

 1-түрү: Сүлүк-айым. Мындай айымдар мырзанын ар бир баскан кадамын текшерип, телефон чалып тажатып, аны өздөрүнө үйлөндүргүсү келишет. Анткен менен мырзалар  жаратылышынан демилгени колго алгыч келет,эмеспи а сүлүк болсо  моюнга асыла берет. Психологдордун айтуусунда, мындай айымдар таанышуунун алгачкы күндөрүнөн тартып эле нике жана үй-бүлө туурасында сүйлөй башташат экен. 
 
2-түрү: Ханыша. Бул айым дайыма көңүл чордонунда болууну каалап, кымбат белектерди күтүп турат. Тактап айтканда, ал буйрук берип турганды өтө сүйүүчүлөр десек болот. Алардын негизги максаты  мырзасы  ага баш ийиш керек. Ал эми көпчүлүк мырзалар “подкаблучниктин” ролунда жүрүүнү каалашпайт эмеспи.
 
3-түрү: Сүйлөөк. Айымдар табиятынан көп сүйлөшөрү талашсыз. Андыктан  көп сүйлөөктөрдүн оозу бир секундга да жабылбайт. Ал эми мындай айымдар мырзалардын кыжырын келтирип, өздөрүнөн аларды оолактатуунун бирден-бир себеби болмокчу. Ошондуктан мырзалар тынчтыкты каалап, сүйлөөктөрдөн алыс болууга аракет жасашат. 
 
4-түрү: Талашкыч. Мындай айым жумурткадан кыр табып, уруштун жолун таап, атайын талашып-тартышууну жаратчу темаларды козгоп турат. Себеби, ал урушканды жакшы көрөт. Мындай айым менен жүргөн мырза дайым тынчсызданып турат. Анан албетте мындай айымдардан ким эле болбосун качпай койбосун. 
 
5-түрү: Интеллектуал. Секунд сайын өзүнүн жетишкендиктерин тастыктап, оңдоп-түзөп турган айымды ушинтип аташат. Мындай айымдын жанында жүрүү мырзаларга ыңгайсыздык жаратат. Андыктан сүйүктүү мырзаңыздан өзүңүздү жогору коё бербеңиз. 
 
6-түрү. Асан кайгы-айым. Суткасына жыйырма төрт саат жашоосуна, ден- соолугуна, адамдардын ага жасаган мамилесине нааразы болуп, башкалардын оюн эске албай, айланадагыларды кемсинткен айымдарды көп мырзалар жактырышпайт. Себеби, алардын кечке эле нааразы болуп, жагдайды жакшы жакка  өзгөртүүгө аракет кылышпагандыктары таң калычтуу. 
 
7-түрү: Салмагына көз салгыч. Албетте өзүн дайым формада алып жүргөнгө аракет кылып, сырткы келбетине кам көрүп жүргөн айымдарды баардык эле мырзалар сыйлашат. Бирок, өтө эле чектен ашып салмагына көз сала берген айымдар мырзаларга жага бербейт экен. 
 
8-түрү: Жаман мамиле. Ар бир эле айымдар үчүн анын кайындары да өтч маанилүү. Болочок кайненеңиз менен кайнатаңыз сизге жакпай калса дагы, аларга жаман сүйлөөгө сиздин укугуңуз жок. Эгер оозуңуздан жакшы сөз чыгара албасаңыз, анда жок дегенде жөн эле унчукпай коюгонуңуз оң 
 
9-түрү: Эмгекчил-айым. Негизи эмгекти сүйгөн жакшы. Бирок, мырза менен жолугушчу убакта дагы жумуштан колуңуз бошобой жүрсөңүз, бир күнү мырзаны капа кылып алышыңыз мүмкүн. Андыктан эркектер экинчи орунда болууну каалашпайт экенин унутпаңыз. 
 
10-түрү: Кеңешчи-айым. Адамдарга кеңеш айтып, алардын маселесин чечүүнү милдет катары кабыл алган айымдар дагы бар. Алар бул нерсеге ушунчалык берилип алышкандыктан, мырзаларына дагы кеңеш айта беришет. Чын жүрөктөн эмес, а милдет катары кеңеш айта берген адамды эч ким жактырбаса керек.

Булак:Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

он алты − тогуз =