Тарых тактасында: Фергана өрөөнү жана “анжыян” кыргыздары

0

Каганат.

Фергана өрөөнүндө биздин эрага чейинки I миң жылдыктын орто ченинен баштап эле, байыркы давандыктар менен сак урууларынын отурукташкан-дыйканчылык жана көчмөн-малчылык чарбаларынын жуурулушунан пайда болгон цивилизация келип чыккан.  Фергана тарыхнаамада  «өзөн цивилизациясы» деп аталуучу аймакка кирип, андагы жашоо тиричиликте жасалма сугатчылык зор роль ойногон. Ошондуктан экономикада сугат дыйканчылыгына негизделген жер ээлөө негизги маселе болуп, акырындык менен орто кылымда эле тургундардын социалдык-чарбалык төмөнкү эки тиби калыптанган:

  1. Отурукташкан дыйкан, кол өнөрчү жана соодада шүгүрлөнгөн жамаат;
  2. Көчмөн мал чарбасы менен кесиптенген жамаат.

Бул жагдайда мамлекетти кармап турган эки жамааттын күчү төмөнкү беш негизги элементке негизделген:

  • Жер жана сугат системалары. Алар шариат боюнча да, адат боюнча да эки жамаатка тең тийешелүү болгон;
  • отурукташкан жамаат дыйканчылык жана кол өнөрчүлүк менен кесиптенип, анын продуктыларына өздөрү ээ болушкан;
  • соода иштерин да отурукташкан жамааттын өкүлдөрү кармап турган;
  • мал чарбачылык жана анын продуктылары көчмөндөрдүн колунда болгон;
  • саясат, бийлик жана аскер иши (армия) негизинен көчмөндөрдүн же теги көчмөн династияларынын өкүлдөрүнүн колунда турган.

Ошентип, саясий бийлик менен экономиканын азыраагы көчмөндөрдө, ал эми байлыктын негизги бөлүгү отурукташкан калкта топтолгон абал түзүлгөн. Мындай абал саясий күчтөр менен экономикалык байлыктын өз ара тең салмактуулугун пайда кылып, бир эле учурда тең тайлашкан, бирок тынчтыкта жанаша жашап, бири бирисиз өнүгө албаган, отурукташкан жана көчмөн эки калктын уникалдуу жуурулушун, башка сөз менен айтканда тиричиликтин ферганалык вариантын калыптандырган.

1990-ж. Ош окуяларынын алдында жана андан кийинки мезгилде, Фергана кыргыздардын мекениби, кыргыздар байыркы түрк элдеринин бири катары бул өрөөндө кайсы мезгилден тартып жашап калган деген сыяктуу суроолор айрым бир адамдар тарабынан коюлуп келе жаткандыгы белгилүү. Эгер кыргыздардын келип чыгышындагы сак-усун теорясын көңүлгө алсак, анда кыргыздар Фергана өрөөнүндө биздин заманга чейинки I миң жылдыктын 2-жарымынан тартып жашашы мүмкүн. Муну Сайф ад-дин Аксыкентинин (Сайф ад-дин ибн дамулло Шах Аббас Аксыкенти жана анын уулу Нурмухаммад. Тарыхтардын жыйнагы (Мажму атут-таворих) -Б.,1996.-21-31-бб.) «Мажму атут таворих» эмгегинин жарыка чыккан акыркы версиясы да бекемдейт, анда кыргыздардын бул жерде пайгамбарлардын мезгилинен (болжол менен IV кылымдан тартып) бери жашагандыгы, алар (кыргыздар) ал тургай Ферганага Рим тараптан келип, Ходжент тоолорунда жайгашкандыгы айтылат.

Б.з.ч. III к. тартып Фергана өрөөнүндө, Кыргызстандын аймагында жашаган башка бир эл – усундар да азыркы кыргыздар сыяктуу 3 канатка – оң менен солго, «кызыл» аталган борборго бөлүнүшкөн (усун мамлекетинин борбору Чигучан да кытайчадан «кызыл өрөөндөгү шаар» деп которулат). Жетисууну жердеген, IV к. белгилүү «он ог бодун» эли кыргыз элинин каракандар мезгилиндеги калыптануу процессине түздөн түз тиешеси бар. Алар жөнүндө орто кылымдардагы Кыргызстандан чыккан окумуштуу Махмуд Кашкари да жазып кеткен.   

«Он  ог  бодун» аталган  уруулар  бирикмеси жөнүндө сөз кылганда Кыргыз ССРинин  тарыхынын (1984)  академиялык басылышында берилген «он ог бодун» cөзүнүн «он октуу эл» которулушун туура эмес деп эсептейбиз. “Он ог бодун” термини сөзмө сөз которгондо «он уруулуу эл» деп которулушу туура. «Ог» термини  байыркы турк тилинде «урук» же «уруу» дегенди билдирген. Ал эми жаанын  огу  турк-монгол тилинде  «жебе» деп аталган; «ок» сөзү  мылтыктын пайда  болушу менен  жаралган. Ичкилик бирикмеси (кызыл уулдун урпактары) он урууну билдирет деп санжырада айтылат.

Фергана өрөөнү илгертеден Аксы-Анжиян-Алай деп – үч гана бөлүккө бөлүп аталган.

Аксы чөлкөмүнө Фергана өрөөнүнүн Нарын дарыясынын оң жак бөлүгү, же азыркы Өзбекстандын Наманган облусу, Кыргызстандын Аксы, Ала-Бука, Чаткал райондору кирген.

Анжиян деп Нарын менен Кара-Дарыянын ортосу, тарыхый аты Эки-Суу-Арасы аталып, ага Өзбекстандын Анжиян облусу, Кыргызстандын Ноокен, Базаркоргон, Сузак райондору, Өзгөн, Каракулжа райондорунун оң бөлүгү кирген.

Ал эми Алай чөлкөмүнө Кара-Дарыянын сол жээги, башкача айтканда Кыргызстандын Өзгөн, Каракулжа райондорунун сол жээгинен баштап, Хожент тоолоруна чейинки Ош, Баткен облустарынын аймактары, Өзбекстандын Фергана областы, Тажикстандын Хожент облусунун кай бир жерлери кирген.

Мына ошентип,  монгол жапырыгынан кийинчерээк Ферганага легендарлуу   Долон  бийдин  баласы  Ак уул  менен  анын  небереси  Отуз уулдун айылдары  отурукташа баштаганга  чейин  эле мында кыргыздардын  жашашы  толук  мүмкүн экендиги маалым.

Түштүк кыргыз уруулары жашаган чөлкөмдөр Фергана өрөөнүн курчаган тоо этектеринде жайгашкан. Ошол эле учурда ал мезгилдеги Фергана тургундары: кыргыз, өзбек, кыпчак жана башка түрк урууларынын курамынан түзүлгөн. Биздин пикирибизче аларды ”уруулары” деп айтуу туура. Себеби, өзбек элинин калыптанышы XX кылымдын башына дейре созулган. Азыркы өзбек, кыргыз элдерине сиңип кеткен көчмөн жана жарым көчмөн өзбек, кыпчак, түрк сыяктуу уруулар Орусияга каратылганга чейин саясый өз алдынчалыгын сактап турушкан.

Отурукташкан сарт, тажик жана башка шаар-кыштак тургундары менен көчмөн жана жарым көчмөн калкынын турактары көп учурда аралаш жайгашкан. “Сарт” термини тарых

чындыгына туура келет, себеби азыркы өзбек эли 1924-жылкы эл каттоого чейин “сарттар” жана “өзбектер” деп эки эл катары берилип келген. Ошондуктан бул аталган этникалык жамааттардын жашоосун, экономикасын, саясый өнүгүүсүн, жадагалса, маданий байлыгын да бөлүп кароого болбойт.

   Кийинки кездерде Чыңгыз хандын чабуулунан кийинки доорлордо Ферганага Долон бийдин тукумдары: Ак уул, анын уулу Отуз уул өз уруулары менен Алай тоолорунун этектерине отурукташкан, ХIV кылымда Отуз уулдун балдары Адыгине, анын иниси Тагай бий Фергана чөлкөмүндө белгилүү бийлер катары таанылышып, Тагай болсо Али-шейх деген ысым менен Тамерланга кызмат өтөгөн, Ак уулдун балдарын кыргыздардын Отуз уул бөлүгү деп аташкан, демек ХVII кылымга чейин эле ферганалык кыргыздар ”эски” (он уул), ”жаңы” (отуз уул) болуп экиге бөлүнүшкөн деген санжырага негизделген илимий гипотезалар пайда болду (Караңыз: Аттокуров С. Тагай бий (Тарыхый очерк).—Б.,1994; Ошол эле автор. Кыргыз санжырасы.-Б., 1995).

Мындай болгондо ХVII кылымда Теңир Тоодон жунгарлардын кысымы менен көчүп келген кыргыздар тек гана ”эски” кыргыздардын үстүнө көчүп келген ”жаңы” кыргыздар болгон, башкача айтканда Тагай бийдин үзөңгүлөш достору, Тамерланга кызмат өтөшкөн сол кыргыздарынын Сары Буга менен Лалым Кушчунун уруулары болушу ыктымал деген пикир келип чыгат. ХVII кылымдын аягында сол кыргыздары Таласта турушкан. Ал эми ХVIII кылымдын ортосунда Ферганадагы кыргыздардын күчтүү урууларынын бири катары кушчу уруусу айтылат. Кытайлар ХVIII кылымдын 50-жылдары Чыгыш Түркстанды каратып алганда да 9 миң түтүн кыргыз, кыпчак жана башка уруулардын жоон тобу бул жакка ооп келгендиги жөнүндө маалыматтар сакталган. (Караңыз: Бейсембиев Т.К. “Тарих-и Шахрухи” как исторический источник. —А—А., 1987.—8-бет.)

Ошентип Фергана чөлкөмүндө байыркы жана орто кылымдардан бери жашаган кыргыз урууларынын оң, сол, ичкилик урууларынын өкүлдөрү, өрөөндүн түздүк талааларын турак кылган кыпчактар (кыргыз-кыпчактар, нойгут-кыпчактар, жети-кашка кыпчактар жана башкалар), жарым отурукташкан түрктөр, каракалпактар менен карамуруттар, XVI кылымдан баштап бул жакка келишкен көчмөн өзбек уруулары кийинчерээк көчмөндөрдүн “илатиййа” деп аталган күчтүү этно-саясый жамаатын пайда кылган.

Фергана өрөөнүнүн аталган үч бөлүгүнүн ичинен Анжиян чөлкөмү түздүк, дыйканчылыкка көбүрөөк ыңгайлуу келген да, так ушул чөлкөмдөрдө отурукташкан шаар-кыштак тургундары менен алакага кирген көчмөндөрдүн кыштоолору өтө көп болгон. Орто кылымдарда отурукташкан оазистер Ферганада сейрек болуп, сандаган түрлүү илатиййа калкынын түздүктөрдөгү кыштоолору болгондугун көптөгөн топонимикалык материалдар ырастап турат.

Тышкы душмандардан коргонуу зарылчылыгы “илатиййа” курамынын түрдүү өкүлдөрүн чечүүчү кырдаалдарда биригүүгө мажбурлаган. Ошондуктан 1741-1745-жылдардагы калмактардын жортуулдарында кыргыздардын кушчу уруусунун бийи Кубат менен көчмөн династиясынын өкүлү болгон Кокон бийлеринин биргелешкен күчү баскынчыларды Ферганадан кууп чыккан. (Караңыз: Гуревич Б.П. Международные отношения в Центральной Азии в ХVIII — первой половине ХIХ в.—М.,1983.—64-бет.)

            Фергананын шаарлары менен кыштактарында социалдык жана чарбалык жагынан окшош, бирок этникалык жагынан айырмаланышкан калктар жашашкан. XV-XVI кылымдарда отурукташкан шаар-кыштак калкын түзүп, мурун иран тилинде сүйлөп, кийин түрктөшүп кетишкен тургундарды “сарттар” деп аташкан. Кийинчерээк, XVIII кылымда отурукташкан өзбектерди, түрктөрдү, башка этносторду да сарттар деп атап калышты. “Сарт” термини этникалык мааниде колдонулган эмес. Ал орто кылымдардан бери эле социалдык мааниде колдонулуп, ”дыйкан, кол өнөрчү, соодагер” деген түшүнүктү камтыган. Султан Бабурдун айтымында ХV-—VI кылымдарда Фергана өрөөнүндө Маргалаң, Исфара, Кожентте гана сарттар, ал эми Ошто, Анжыянда, Аксыкентте түрктөр жашаган. (Караңыз: Захриддин Мухаммед Бабур. Бабур-баян. // Кыргыздар.—Б.,1991.—467-бет.; Наливкин В. Краткая история Кокандского ханства.—Казань,1886.—3,32-беттер.)  Булардан  башка  бир  топ шаар, кыштактарда (Кожент, Канибадам, Исфара, Касан, Чуст жана башка) тажиктер жашашкан. Ал түгүл бир эле шаарда да түрдүү этно-саясый топтордун жашагандыгы белгилүү. Мисалы, XVIII кылымдын башында Кокон шаарында негизделген 4 коомдун “кокандиден” (сарттар) башкасы: самарканди, кашкари, кухистанилер жергиликтүү эмес эле жана алар XVII-XVIII кылымдардын чегинде коңшу чөлкөмдөрдөгү саясый баш-аламандыктардын кесепетинен Коконго көчүп келишкендер болучу. Ошентип, отурукташкан шаар-кыштак калкын негизинен “сартииййа” деп аталчу жамаат түзгөн.

Фергана өрөөнүнүн аталган үч бөлүгүн тең байыртадан жердеп келген көчмөн илаттийанын чоң бөлүгү кыргыздар экендиги маалым. Аларды тарыхта «Фергана кыргыздары» деп атаган, бирок бул термин теңиртоолук жалпы кыргыз элинен ажыратылып каралбайт, ал өзүнчө кыргыздын бир бөлүгү эмес. Азыркы кыргыз элинин XIV-XIX кылымдарда Фергана өрөөнүн туруктаган мезгилин чагылдыруучу гана компонентинин шарттуу аталышы катары кароо туура.

Кыргыз элинин оң, сол жана ичкилик деп аталган үч илтик бөлүнүшү тарыхый божомолго караганда XII кылымга таандык. «Маджму атут-таворих» аттуу белгилүү тарыхый булак Араб халифатынын кайсыл бир кол башчысынын кара-кытайларга (кидандарга) каршы жортуулунда (1127-жыл) наманган тоолорунда жашаган кыргыздар Аналхактын Лурбузуруг жана Лурхан аттуу уулдарынын жетекчилиги астында катышкандыгы айтылат. Жоокердик бул түзүлүштүн негизинде кыргыздар «оң» жана «сол» канатка бөлүнгөн делет.

Лурхандан Ак уул, Лурбузуругдан Куу уул төрөлүп, алардын урпактарынан XVIII кылымга дейре болжолу 23 муун өткөн.

Ак уулдан Отуз уул жана Солусбек төрөлүп, алар чачыраган кыргыз урууларын эки улуска «Отуз уулдун айылына» жана «Солусбек Богачынын айылына» бөлүп алып, Алай өрөөнүндө (Кара-Дарыядан түштүк-чыгышка карай жайгашкан Хожент тоолоруна чейинки тоолуу жана түздүк аймактар) жашап калышкан. Отуз уулдан Наалы эже, Адыгине,Тагай жана Мунгуш туулуп (кай бир санжырада Отуз уулдун дагы бир уулу Карабагышты да кошушат, чынында ал Адыгиненин жигити болгон). Адыгине тынч жашап, чарбачыл адам болгондугу белгилүү. Анын иниси Тагай бий (Тагай бахадур, Тагай шейх, Али шейх) жоокерликти сүйгөн инсан болуп, кезегинде Али шейх деген ат менен Аксак Темирдин кол башчысы болуп жүргөндүгү тарыхый булактарда божомолдонот. Анын кыштоосу азыркы Ноокат районунун Көк-Бел айлында жайгашкандыгы жөнүндө «Маджму атут-Таворихте» учкай айтылат. Тагай улгайган кезде өзүнө караштуу айылдарды жана урууларды жетектеп Теңир-Тоону көздөй оогондугу белгилүү. Бирок бул процесс акырындык менен жүрүп, XX кылымга дейре созулган. Мисалы, XVI кылымда Тагайдын урпактарына караштуу саяктардын аталарынын бири Асаке азыркы Өзбекстандын Асаке шаарынын чөлкөмүндө туруктап жүрүп өлгөн жана анын кыштоосунун негизинде пайда болгон Асаке кыштагы учурда шаар катары белгилүү. Ошол эле саяктардын дагы бир аталарынын бири Байболоттун эки уулу Атакара жана Ботокара XVII кылымдын чегинде Анжиян областынын азыркы Атакара (Анжиян шаарынын түндүк-чыгыш атрабы) жана Ботокара (Анжиян областынын Избаскен району менен Кыргызстандын Ноокен районунун чегинде) кыштоолорунда турушкан. Азыр бул кыштоолор чоң кыштактарга айланган. Саяктардын белгилүү инсандарынын акыркыларынын бири Тайлак баатырдын атасы Рыскул бийдин айылдары Тогуз-Торо, Куртка, Жумгал, Кочкорлорду жайлаганы менен, атактуу бий өлгөндө, сөөгүн ата-конушу Арстанбапка койгондугун Белек Солтоноев «Кызыл-кыргыз тарыхында» эскерет. Ушул мезгилде деле саяктардын белгилүү бөлүгү Ноокен районунда жашап турушат.

Адыгине бир тууганы Мунгуш жана жигити Карабагыш менен Фергана өрөөнүндө жашап калган. Кийинки мезгилдерде Адыгине-мунгуштан көп сандаган уруулар тарап, алар азыркы Кыргызстандын негизинен Ош областынын райондорунда, ошондой эле Анжиян областынын Кыргызстан менен чек ара райондорунда жайгашкан. Ош шаары болсо адыгине уруусунун тарыхый жактан экономикалык, саясий жана идеологиялык борбору катары эсептелип келген. Адыгине уруусу жөнүндө жазма булактар аз. XVIII кылымга таандык «Сиюй тучжи» булагында бул уруу «э-дэ-ге-на» (А.Н.Бернштамдын версиясы), же «одок-ноток-ия» (И.Бичуриндин версиясы) катары берилет. Адыгинеден тараган кыргыз уруулары кээде «ош кыргыздары» деген ат менен да аталат. О.Сыдыковдун пикири боюнча XX кылымдын башындагы Фергана өрөөнүндө жайгашкан көп сандаган адыгине жана мунгуш уруусунун тургундары «анжиян кыргыздары» деп да аталышат.

Куу уулдун урпактары (Темирландын легендарлуу кол башчысы Сары-Бугунун урпактары саруулар, Лалым кушчунун урпактары кушчулар, Айбаш мундуздун урпактары мундуздар, Сунжек кытайдын урпактары кытайлар, Басыздын балдары басыздар, Кутлук Сейит баштаган чоң багыштар жана башкалар) Фергана өрөөнүнүн Эки-Суу арасында, Аксы жана Чаткал өрөөндөрүндө, Таласта жашаган. Сол канат кыргыздарынын дээрлик бардык урууларынын өкүлдөрү ушул мезгилге чейин Фергана өрөөнүнүн чегинде турушат.

Солусбек Богачы же Салавас бий Булгачыдан бостон, тейит, жоо-кесек, дөөлөс, кыдырша, каңды, аваат, найман, нойгут, кыпчак болуп 10 уруу тараган. (Оргу уруусу кээде өз алдынча да берилет). XV-XVIII кылымдардын чегинде Солусбек Боогачынын урпактары Казахстандын Балхаш көлүнөн түштүк жана түштүк-чыгышка карай аймактарда, Жунгарияда, Кытайдын Син-Цзян округунда, Тажикстандын тоолуу чөлкөмдөрүнөн Гиссарга чейинки аймактарда жашагандыгы маалым. Кыргыздын «кызыл уулунун урпактары» катары саналган бул уруулар Фергана өрөөнүндө «ичкиликтер» деген ат менен кеңири белгилүү. Азыркы учурда Ош жана Жалалабад областтарынын райондорунун көпчүлүгүндө жана Баткен областынын дээрлик бардык районунда жашап турат. Ичкилик кыргыздарынын көпчүлүк бөлүгү Памир тоолорунун этектеринде, Тажикстандын Кожент областынын тоо этектеринде, Кожент тоолорунун түштүк-батыш тарабы менен чектеш Өзбекстандын Заамин жана Бакмал райондорунда жайгашкандыктан,  кээде аларды «кожент кыргыздары» деп да аташат.

Демек, «анжиян кыргыздары»  термини чынында кыргыз элинин өз алдынча бир бөлүгүн эмес, азыркы кыргыздардын XIV-XX кылымдардын чегинде Фергана өрөөнүндө жашаган мезгилин чагылдырган гана термин экендигин дагы бир жолу кайталап коюу ашыктык кылбас. Бул  гипотезаны  көптөгөгөн  санжырачылар жана «Манас» баш  болгон  кыргыз эпосторунун  материалдары  бекемдейт. Эмнеси  болсо да  бардык  санжыра менен эпостордо  Фергана  өрөөнү  кыргыздардын   илгертеден  жайлап  келген жери  катары  айтылат. Андан да XVI  кылымдагы  жазма  булак  «Мажму-атут-таворих»  кыргыздардын (гыздардын же  гуздардын) негизги  мекени деп  дал   ушул Фергана  өрөөнүн (Кожент  тоолору, Өзгөн, Алай, Анжиян, Аксы, Касан, Чаткал  ж.б.) атайт.

Берирээк келсек, түштүк кыргыздары же «анжыян кыргыздары»  ХVIII кылымдан баштап өзбек, кыргыз жана башка фергана тургундарынын саясий биримдиги болуп эсептелген Кокон хандыгынын курамында тургандыгы маалым. Кыргыздардын жарымын түзгөн Фергана өрөөнүндөгү бөлүгү Кокон хандыгынын курамында кеминде 80—90 жыл болуп келди. Фергана калкынын өзбек, тажик жана башка өкүлдөрүнүн катарында кокон амирлигинин жеңишин да, жеңилишин да, салтанатын да, азап-тозогун да көрдү. Аталган калктардын жери да, деми да бир тагдыры ажырагыс өнүгүп, тарыхтын татаал толкундарында бирдей чайкалды.

Түштүк кыргыз уруулары же фергана кыргыздары жашаган чөлкөмдөр Фергана өрөөнүнүн бардык жерлеринде болсо да, негизинен тоо этектеринде жайгашкан. Ошол эле учурда ал мезгилдеги Фергана тургундары: кыргыз, өзбек, кыпчак жана башка түрк урууларынын курамынан түзүлгөн,  отурукташкан сарт, тажик жана башка шаар-кыштак тургундары менен көчмөн жана жарым көчмөн калкынын турактары көп учурда аралаш жайгашышкан. Ошондуктан бул аталган этникалык жааматтардын жашоосун, экономикасын, саясий өнүгүүсүн, жадагалса идеологиясын да бөлүп кароого болбойт.

Демек, жери бир, суусу бир, жайыты бир, дили менен тили бир, чарбасы ирегелеш отурукташкан жана көчүп-конуп жүргөн фергана тургундарынын саясий биримдиги болгон Кокон хандыгы да тамыры бир тарыхый процесстен келип чыккан.

            Жогоркудай  чарбасы жагынан ар түрдүү этникалык топтогу калктын Фергана чөлкөмүндө турак кылышы, алардын коңшу чөлкөмдөргө караганда жыш отурукташышына байланыштуу бош жерлердин жок болушу, кандайдыр деңгелде саясый стабилдүүлүктү пайда кылган жана бул фактор экономикалык жогорулашка шарт түзгөн. Көчмөн, жарым көчмөн жана отурукташкан чарбалардын обочо эмес, жанаша-келки жайгашышы алардын чарбалык байланышынын  бекемделишине алып келген. Бири-бирисиз жашай албаган, ошол эле учурда бири-бирин толуктап турган бул карым-катнаш натыйжада бир тарабында көчмөн, жарым көчмөн тургундар , экинчи тарабында отурукташкан  шаар жана кыштак калкы болгон  эки  түрдүү жамааттын этно-саясый жана социалдык-экономикалык тең салмактуулугун калыптандырган.

            Ошентип Орто Азиянын башка чөлкөмдөрүндө ХVIII кылымдын башында болуп турган саясый окуяларга караганда Фергананын салыштырмалуу тынчтыгы, анын чөлкөмүнүн чакандыгы, дайыма тышкы экспансиялардын обөектиси болгон Бухара менен Самарканддан алыстыгы, ар түрдүү этникалык, этносаясый жамааттардын көп жылдар бою бирге жашашынан келип чыккан чарбалык жана саясый тең салмактуулугу, тышкы душмандарга каршы дайыма бирге турушу жана башка ушул сыяктуу себептердин натыйжасында экономиканын жалпы жогорулашы Фергана өрөөнүндө мамлекеттин пайда болушуна ыңгайлуу өбөлгөлөрдү түзгөн.

            ХVIII кылымдын башында Фергана Бухарадан саясый түрдө бөлүнгөн чөлкөм болуп эсептелип, анын түштүк-батыш бөлүгүндөгү тургундар Кожент бийи Акбото-кыргызды таанып, ал эми Фергананын борборунан чыгыш жакка карай созулган чөлкөмдөрү кожолордун теократиялык бийлигинин таасиринде болгон. Сопулардын орденине баш ийген кожолордун борбору Чадакта (Наманган вилайетинде) жайгашкан. Ферганада көчмөндөрдүн саясый күчү улам күчөп бара жаткан шартта аларга кожолор баш ийип калышы толук мүмкүн болгон. Мына ушундай саясый кырдаалда көчмөндөрдүн тигил же бул жамаатынын бийликти тартып алуу үчүн аркеттенүүсү мыйзам ченемдүү көрүнүш эле. Анын үстүнө тышкы согуштук экспансиядан коргонуу зарылчылыгы, айрыкча калмактардын басып алуу коркунучу мамлекеттик биримдикти түзүүгө негиз түзгөн тышкы өбөлгөлөрдү пайда кылган. Натыйжада 1709-жылы Кокон хандыгы негизделген.

 Ташманбет Кененсариев

Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, тарых илимдеринин доктору, профессор,

Булак: Каганат.

 

 

Бөлүшүү:

Пикир

бир × эки =