БҮГҮН: 5-январь… Дата…Окуялар…Фактылар…

Каганат.

 Бүгүн 5-январь жума күнү республиканын борборунда мезгил-мезгили менен кар жаай турганын Кыргызгидромет кабарлады.  

 Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет. Бишкекте күндүз 0…-2,  ишембиге караган түнү 8-10 градус суук болот.

 

Бүгүн, 5-январда  Токтогул ГЭСинин 2-агрегаты сыноо түрүндө ишке кирет. Бул тууралуу Улуттук энергохолдингдин  жетекчиси Айбек Калиев билдирди. Айтымында, кабелдик линиялардагы оңдоо иштери аяктап калды.  Эске салсак, аталган ГЭСте 16-декабрда авария болуп, кабелдер иштен чыккан эле.  

Дүйнөдө… 5-январь дүйнө жүзүндө оор жүктөн арылуу күнү катары белгилүү, ал эми Белорусияда социалдык жактан коргоо кызматкерлеринин күнү.   

1943-жылы  5-январь күнү  СССР Эл Комиссарлар Кеңеши “СССР Илимдер Академиясынын кыргыз филиалын уюштуруу” тууралуу токтом кабыл алган. Анда Химия, Геология, Биология, Тил, Адабият жана Тарых институттары иштеп, академик М.Скрябин баштаган 12 илимдин доктору, 22 илимдин кандидаты эмгектенген.

Кыргыз саясатын барактай турган болсок 2002-жылы 5-январь күнү  Азимбек Бекназаров 1995-жылы Токтогул райондук прокуратурасында иштеген маалында тергөөгө байланыштуу “кызмат абалынан кыянат пайдаланган” деген күнөө менен камакка алынган.

 Өмүр…  Өлүм…

5-январда Кыргыз Эл артисти Дүйшөнбек Байдөбөтов туулган. Ал “Мен Тянь-Шань” Ильяздын, “Акбаранын көз жашы”  Базарбайдын, “Саманчынын жолу” Субанкулдун жана башка мыкты ролдорду жараткан.

Бүгүн, Жогорку Кеңештин V чакырылыштагы “Ар-намыс” фракциясынан депутаты Бактыгул Маматовдун да туулган күнү. Ал 1962-жылы 5 –январь күнү Ош облусундагы Өзгөн районундагы Алтын-Булак айылында жарык дүйнөгө келген.

 Бүгүн ошондой эле   КПСС Борбордук Комитетинин Генералдык секретары  Михаил Грбачевдун сүйүктүү жубайы Раиса Грбачеванын дагы туулган күнү. Ал 1932-жылы жарык дүйнөгө келген.  

5-январь аза-кайгысы менен да белгилүү. Анткени, 1975-жылы 5-январь күнү бүтүндөй кыргыз элин кайгыга салып, Кыргыз ССРинин илимине эмгек сиңирген ишмер, белгилүү хирург, медициналык илимдеринин доктору, профессор, академик Иса Ахунбаев 67 жаш курагында каза болгон.

Бул күн Франциянын тарых барактарында да кара тамгалар менен жазылган. Анткени, 1589 –жылы 5-январда аза күтүүдө кара түстүү кийим кийүү жөрөлгөсүн киргизген Франциянын ханышасы Екатерина Медичи 69 жаш курагында жарык дүйнө менен кош айтышкан.

Ал эми монгол эли бул күндү сыймыктануу менен тосушат. Анткени ушул күнү дүйнөнүн жети керметинин бири болгон, даңазалуу Тадж-Махалды курдурган Улуу Моголдор империясынын султаны Шах-Жахан төрөлгөн.

Афиша

Бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филормонияда Кыргыз Эл акыны Гүлсайра Момунованын 80 жылдык мааракеси белгиленет. Кыргыз поэзиясына зор эмгек сиӊирген эженин буга чейин 80 жылдык мааракеси кичи мекени Талас жергесинде жана Кеминде өткөрүлгөнү белгилүү. Акындын «Тилек», «Саябан», «Менин күнүм» жана башка китептердин автору.

Булак: Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

жыйырма − 13 =