Тайырбек Сарпашев «таза» дегенге ким ишенет?

0

Каганат.

Далайдан бери дайыны чыкпай кеткен айтылуу Тайырбек Сарпашевдин «үнү» эки күндөн бери катуу чыга баштады. Кечээ Тайырбек Сарпашев сот аркылуу жабылган “Сентябрь” телеканалын сотко бергени белгилүү болгон. Ал былтыр  телеканал “20 миң долларга паспорт сатып жатат” деген маалыматты бергени үчүн сотко кайрылган экен.

Бүгүн болсо, Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси болуп турганда ага карата козголгон кылмыш иштеринин баары кыскарганын айтып чыкты.    Тайырбек Сарпашевдин айтканына ишенсек, козголгон кылмыш иштери далилденбептир.

Эске салсак, Тайырбек Сарпашев Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси болуп 2015-жылдын ноябрында дайындалган. 31-мартта Башкы прокуратура ага Кылмыш кодексинин 304-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) боюнча иш козгогон. Ал “2013-жылы вице-премьер-министр болуп иштеп турган мезгилде  Мамкаттоо кызматындагы тендерде жеңилген компаниядан туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдүн бланктарын сатып алууга уруксат берген” деп айыпталган эле.

Ал эми өткөн жылдын февраль айында Башкы прокуратура “Скрябин көчөсүндөгү 45 жана 45-А дарегинде жайгашкан Максим Бакиевге таандык 1,28 гектар жер тилкесин сатууга

тыюу салган чечимди жокко чыгарууга аралашкан” деп  Сарпашевди ээлеген кызматынан бошотууну сунуш кылган. “Жең ичинен сатылды” деген жер маселеси коомчулукта, парламентте кызуу талкуу жаратып, а түгүл Жогорку Кеңеште депутаттык комиссия түзүлгөн. «Чуулгандуу» мындай иштерге карабай, Тайырбек Сарпашев жайга чейин кабагым-кашым дебей иштеп, июнда араӊ өз эрки менен арыз жазып, иштен кетип, ошондон бери дайыны чыкпай жүргөн.

Эми минтип ага козголгон кылмыш иштеринин баары кыскарып кетиптир. Бул маалымат бечара Тайырбек Сарпашевдин «сүттөн ак экендигин» далилдейби же шектенүүнү жаратабы? Эмне себептен башкаларга козголгон кылмыш иштери узаргандан узарып, керек болсо үстүнө беренелер кошулуп, Тайырбек Сарпашев сыяктуулардыкы кыскара берет же таптакыр соттон акталып кетет? «Таалайлуу менен талашпа» дегендей Тайырбек Сарпашев сыяктуулардын таалйына ушундайларды жазабы же бир мандеми барбы? Айтор, суроо көп… Жооп жок…

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

сегиз + он =