Жээнбековдун Исаковго ичи чыкпайбы же Жогорку Кеңеш тарайбы?  

0

 Каганат.

Себеби жок Өзбекстанга «себет» көтөрүп барып, коомчулуктун талкуусун жараткан президент Сооронбай Жээнбековдун жаӊы жылдан кийинки жаӊы кадамдары кандай болот деген суроо жаралууда. Ичим тап болгон президент ичинде эмне ойлоп жатканын ачыктабайт же саясый чөйрөдөгүлөр божомолун токтотпойт. Эмнеси болсо дагы эл ичинде айтылгандарга саресеп салып көрөлү.

    Коомчулукта жылдын жаӊырышы менен парламенттин тарашы жана Өкмөттүн отставкага кетиши тууралуу айтылып жаткандыгы белгилүү.  Өткөн айда президенттик кызматтан кеткен Алмазбек Атамбаевдин КСДПнын төрагалыгына шайланып, буга байланыштуу аталган партиянын жыйыны чакырыла тургандыгы маалымдалган. Бирок, айрым ЖМКларда кабарланганы менен тынчып калган. Мындан улам Жогорку Кеӊеш менен Өкмөттүн тарай тургандыгы боюнча имиштер ого бетер күч алды. Бир жагынан «Атамбаевдин көчүн улайм» деп оозунан жаӊылып алган учурдагы президент дагы өз алдынча боло албай «тушалып», кадр саясаты дагы чалкеш болуп келе жаткандыгы белгилүү.  

       Саясат таануучу  Марс Сариев TUZ.KG  сайтына саясат айдыӊындагы өзгөрүүлөр, тактап айтканда Жогорку Кеӊеш менен Өкмөттүн тарашы тууралуу  өз оюн мындайча бөлүшкөн:  

– Азырынча божомол катары кабыл алганыбыз менен толук түрдө болушу мүмкүн.  Максат парламентти таратуудан мурун Өкмөттү кетирүүдө жатат. Демилгени Сооронбай Жээнбеков көтөрүп чыгышы мүмкүн. Муну тастыктай турган бир нече жагдайлар бар.

 Биринчиси  – президенттин  «Москвада  2017-жылдын  жылдын 11-апрелинде кол коюлган  Евразиялык экономикалык Бажы союзунун Кодекси боюнча келишимди ратификациялоо жөнүндөгү» мыйзамга ичи чыкпагандыгын айтсак болот. Буга байланыштуу Жогорку Кеӊештин кезексиз жыйыны чакырылды, анткени премьер-министрдин аппараты тарабынан даярдалган  документтен  ката табылды.

      Ошондой эле ар кайсы булактар Исаков Атамбаевдин гана көрсөтмөсүнө баш ийгендиктен Жээнбековдун ичи чыкпай жаткандыгы айтылып келет. Бул бир жагдай.  Ал эми үчүнчүсү-Валентин Богатыревдун эч кандай парламенттик кризис күтүлбөйт, анткени КСДП буга даяр эмес деген билдирүүсү. Партия күчтөнүшү керек деген сыяктуу…Мына ушул билдирүүдөн кийин бардыгы тескерисинче келип чыгат деп түшүндүм. Албетте, мунун бардыгы кыйыр фактолор»-деген Марс Сариев.   

     Эми чындап келгенде  эл арасында экинчи адамдын элесин берген учурдагы президенттин  Алмазбек Атамбаевдин далдасынан качандыр бир мезгилде чыга турганы белгилүү. Анын оома эмес, туруктуу жана чечкиндүү мүнөзү бар экендигин эске алсак, акыры чыдамы түгөнөт. Ошол мезгилде саясый аренада акыры өзгөрүүлөр күтүлүшү мүмкүн.   

 Марс Сариев саясый жагдайларга  «саясаттан кеттим» деп жар салган Өмүрбек Бабановдун дагы салымы болушу мүмкүндүгүн эскертет. Анын пикиринде бул  Бабановдун Кыргызстанда калып жана бизнесин сактоо гана далалаты эмес. Бул, балким Жээнбековду колдогон Астананын кадамы дагы болушу мүмкүн. Анткени, официалдуу Акордо Бишкек менен кырдаалды жөнгө салууну четке какпайт. Гуманитардык жардам жөн жерден берилбеген деген пикирде Марс Сариев.

   Албетте, окуя мындай аяктаса Алмазбек Атамбаевге жакпай, өзү айткандай    «өтө өкүнө» турган жагдай жаралышы мүмкүн. Бирок, өкүнүч Атамбаев үчүн гана болбосо анын таасиринен чыга турган тараптарга жеӊилдик гана алып келе турганын коомчулук билип турат. Анткени, эл арасында кадыр-баркты топтоо, ички жана тышкы саясатты жолго салуу, кадр маселесин чыӊдоо сыяктуу бир топ маселени чечүү өз алдынчалыкты талап кылат. Ажыдаардын эки башындай болгон кыргыз бийлиги менен карапайым калк көпкө чайналышы мүмкүн. Ириде ичинен сызган президент чарчайт.

Демек, Алмазбек Атамбаевге аябай берилген Сапар Исаковду ийге келтириши керек же иштен кетириши керек. Же болбосо ушул абалда иштеше берүүгө аргасыз. Ыргылжыӊ тартып, өлкөдөгү олуттуу маселе болсо козголуп койбой,  президенттин каарынан коркуп, бир ката үчүн кезексиз жыйынга чогула калган Жогорку Кеӊеш менен дагы жооптошуп албаса Сооронбай Жээнбековго кыйын.

   Кыскасы, жылдын барагы жаӊы саясый окуялар менен баштала турган болсо аны кадимкидей кабыл алууга туура келет. Анткени буга чейинки окуялар бары бир ушул жагдайларга алып келе жаткандыгы белгилүү болгон. Божомол чындыкка айланган мезгилге чейин аман туралы… 

  Булак: Каганат. 

Бөлүшүү:

Пикир

13 − 5 =