Жумагулов жумуш тапса эле кесирлүү болуп калабы?

Каганат.

Жыл этегинде коомчулук итке калпак кийгизген кызга итиркейи келип    ит жылын тосуп алган эле.  Жыл жаӊыраары менен  жумушка жыл этегинде илинген маданият жана маалымат министри «иттей» кызыктуу билдирүүсү менен элди ичиркентти окшойт.

  Тактап айтканда, эл чоңдорго чапан жабуу адатынан арылуу керек деген пикирин маданият, маалымат жана туризм министри  Султан Жумагулов  билдирип чыкты. Министрликтин басма сөз кызматынын билдирүүсүнө караганда,   Жумагуловдун мындай кайрылуу жасоосуна маданият мекемелеринин биринин жетекчилиги министрди жаңы жылы менен куттуктап, үстүнө кийит жапканы себеп болуптур.

 “Кесир болбосун, бирок чоңдорго чапан жапкан адаттан арылалы. Бакай калпак менен кементайды карылык доорун сүрүп жаткан карыяларга жабат. Экинчиден, бул кийитке акча кетти. А сиздер “айлыгыбыз аз, көтөрүп бергиле” деп өкмөттүн каалгасын жыртып келе жатасыздар. Биз, маданият адамдары, башкаларга үлгү болушубуз керек”, — деген Жумагулов кайрылуусунда. Андан көрө министр ага системаны оңдоо тууралуу алгылыктуу идеялар менен келүүсүн сураныптыр.

   Мындай карасаӊ, Султан Жумагуловдун сунушу жөндүү. Бирок, бул биринчиден ЖМК аркылуу министр атайылап элге алып чыга турган   сунуш эмес. Ошол  жетекчини  жеринде уяткарып койсо деле ал байкуштун жети өмүрү жерге кирмек. Айтылуу Апсамат Масалиевдин жагымпоз бир жетекчини уяткарганы коомчулукта айтылып эле жүрөт.

Экинчиден, Султан Жумагуловдун Монголияга баргандагы «концертин» өзү унутуп калса дагы эл унута элек. Дамбалчан ары, бери чуркагандан уялбаган Султан Жумагулов эми кыргыздын чапанын жамынгандан уялабы?

Популист болуунун дагы чеги, орду болсо элге жугумдуураак болсо керек. Маданият жана маалымат тармагын жетектеген министрдин «мага чапан жапты эле кой дедим» деген билдирүүсү коомчулукка жаӊылыкпы?

Же Казакстандын маданият жана маалымат министри «кыргыздын кыз-келиндеринин даараткана жууганынан уялам» десе эле коомчулукка «мен деле бир чыгайын» деп кошо дарбый береби?  

 
«Биз, маданият адамдары, башкаларга үлгү болушубуз керек”-деген министр «артымда калбырым жок беле» деп өткөндү бир карап койсо туура болмок.
 

Булак: Каганат

 

Бөлүшүү:

Пикир

1 + эки =